Күмөндөр Абылов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АЗЫР КЛАССИКАЛЫК ЮМОРДУН ЖЫТЫ ДА КАЛБАДЫ»

Биз окуучу кезде мектепте концерт уюштурган сайын программада сөзсүз “интермедия” деген пункт боло турган. Анда белгилүү куудулдардын, анын ичинде, албетте, атактуу Күмөндөр Абыловдун да сатираларын аткарчубуз. Ошол инсан бул жолку маектешим. Куудул, обончу, актёр катары кыргыз маданиятына зор салымын кошуп келе жаткан агабыз, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күмөндөр Абылов менен өнөр ааламы тууралуу пикир алыштык.

– Арыбаңыз, ага! Кыргызда амандашып эле жаңылык сурайт эмеспи, кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Арыбагыла! Эми жашообузда жаңылык анча деле өзгөчө эмес. Неберелер, балдар менен жашап жатабыз. Театрда иштеп жатам. Кол бош кезде кинолорго тартылып калам. Анан башкалар сыяктуу эле тойдон кол бошобойт.

– Акыркы мезгилде кандай кинолорго тартылдыңыз?

– Жакында “Кандай анан, күйөө бала?” деген киного тартылдым. Тасмада экинчи пландагы каарманды, таятанын ролун аткардым. Жакында эле дагы бир кинобуз бүтүп, мына эртең-бүрсүгүнү бет ачары болгону турат. Бул кыргыздардын биринчи жолку фантастикалык комедиясы, вампирлер жөнүндө “Кан урсун” деген тасма. Кыргызда карганганда “нан урсун” деп карганат эмеспи, ал эми вампирлер “кан урсун” деп карганат деген мааниде. Жанры боюнча мистикалык комедия.

– Кызыктырат экен, ал тасмада кандай образ жараттыңыз?

– Башкы ролдордун бири. Жашы 265ке чыккан Бакай деген вампир кишинин образын жараттым.

– Вампирдин ролуна дароо эле макул болдуңузбу?

– Алгач сценарийин окудум, окуп көрүп анан тартылса болоруна ынандым. Өзүнчө бир кызыктуу кино болду, көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.

– Дагы кандай өзгөчө образдарды, ролдорду жараткыңыз келет тасмада? Кыялыңыздагы роль кандай?

– Менин кыялыма койсо, колумдан келсе бир трагикомедия ойносом дейм. Мени эл комедиялык жанрдагы актёр, комик катары, спектаклде комедиялык ролдорум аркылуу билишет. Трагикомедия дегеним – кырдаалы, окуясы күлкүлүү болгону менен, сюжети боюнча кайгылуу, ары жагында терең кайгы жаткан образдарды ачып берсем дейм, керек болсо, азыркы замандын кайгысын ойногум келет.

– Калың элге куудул катары таанылдыңыз, тажрыйбалуу сатирик катары айтсаңыз, учурдагы куудулдук өнөр кайсы этапта турат?

– Азыр кыргыз күлкүсү ачыла албай жатат, бир вакуумда жаткан кези бекинип. Башка элдерге караганда кыргыздын күлкүсү өтө күчтүү, олуттуу. Анткени чындыкка жанашмайын, чындык айтылмайын кыргыз күлбөйт, кыргыздын күлкүсү чындыктан келип чыгат. Кыргыз жеткире айтылган сөзгө, жеткиликтүү ойнолгон ролдорго, жеткиликтүү айткан, турмушта кездеше турган нерселерге күлөт. Мен кыргыз күлкүсүнүн 45 түрүн тизмектеп жаздым. Мисалы, күйдүргү, кыйытма, жанытма, такмаза, каяша, акыйнек, апыртма, күйдүргү, какшык, керкакшык жана башка. Балким, мен билбегени да бардыр. Бирок бул деле өтө көп. Кыргыздыкындай күлкү башка элдерде жок. Азыр кыргыз куудулдары менен кыргыз сатирик жазуучуларынын ортосундагы байланыш үзүлгөн. Эгерде куудулдар менен жазуучу сатириктердин башын бириктирсек, колдогон меценаттар, демөөрчүлөр болсо, кыргыз күлкү коому түзүлсө, имарат менен камсыз кылса, жазуучу-сатириктер менен байланыш түзүп, аларга жыл сайын сынак өткөрүп, жакшы сыйлыктарын уюштуруп турса өнүгүү болмок. Азыр сатираларды атайын режиссёрлор даярдабайт, артисттер өздөрү эле чампалап алып чыгышат. Ошон үчүн сахнага ылайыгы жок сөздөр айтылып кетип жатат.

– Бизге берген мурунку маегиңизде “Эстрада театры” деп аталган куудулдар союзу түзүлгөнү жатканын айткан элеңиз. Ал эмне болду?

– Азырынча боло элек. Бизди мурдагы жылы министрликке чакырып “Эстрада театрын” ачалы, куудулдар ошол жерге келгиле, режиссёр бекилсин, ар бир концерттин режиссёру, коюучусу болсун, имарат караштырып жатабыз” деп аябай сүйүндүргөн эле. Ошол боюнча эле токтоп турат. Билбейм, балким, дагы деле ойлонуштуруп жатышкандыр. Күтүп эле жүрөбүз.

– Шакирттериңиз барбы?

– Эми шакиртти ала жүрүү, албетте, туура. Илгери атайын искусство окуу жайлары жок болгон да. Ошон үчүн устат деп жакшы көргөн өнөрпозун ээрчип жүрүп өнөрдү үйрөнгөндөр болгон. Ошон үчүн өнөрлүүлөр үзүлбөй бүгүнкү күнгө жетип отурат. Бирок азыр талап башка, азыр миллион талантың, миллион шыгың болуп, дареметиң ашып-ташып жаткан күндө дагы окубасаң эч нерсеге жарабайсың. Дүйнө таанымың кең, билимиң терең болушу керек. Ошондо жакшы өнөр адамы болосуң. Азыр бирөөнүн баласын шакирт кылам деп гастролдоп ойго-тоого ээрчитип алып жүрүү жарабайт. Эми чогуу иштеген кесиптештер арасында кичүүлөр үлгү туткан учурлар бар, албетте. Бирок аны толук шакирт деп айта албайсың да.

– Бир кезде сатира абдан өнүгүп, эл арасында сиздердин ысым көп айтылчу. Ошол мезгилди сагынасызбы?

– Совет мезгилинде искусство таанууда мектептен баштап театрларга чейин, жазуучулардан баштап саясатчыларга чейин белгилүү бир саясат, идеология болгон. Ошон үчүн эл театрга кирчүбүз, спектаклдерди көрчүбүз, китепканаларга барчубуз. “Паланчаны окудуң беле?” десе “жок” деген уят болчу биз үчүн. Замандын өзгөрүшү менен, "Мыскыл жана тамаша" чыккан кезде элдин көбү спектаклге барбай, "Мыскыл-тамашага" агылып калды. Андан кийин КВНдер башталганда “Тамашоу” деген чыкты. 2 кишиби, 10-15 киши болобу, ар бири бирден сөз айтат, ошону менен номер бүтөт. Муну тарс этмелер деп койсо болот. Эл ушуларды көрүп калышты. Кээде үйдө балдар телевизордон ушундайларды көрүп күлүп отурушканын карап, балким, мен түшүнбөй жаткандырмын деп отуруп көрдүм. Тигилер күлүп эле жатышат, мен күлбөйм да. Азыркы балдардын күлкүсү, юмору дагы башкача. Чыныгы, мындайча айтканда, классикалык юмордун үлгүсүнүн эч бир жыты да жок азыр. Бул бизде идеологиянын жоктугу, так эместиги, так багыт берилбегендиги.

– Акыркы кезде обондоруңузга көбүрөөк басым жасап жаткандайсыз?..

– Бала кезден музыканттын, чоң комузчунун үйүндө чоңойдум. Чоң комузчунун баласымын, атам менен мактана алам. Атамдын элге таанылбай калганы гана болбосо, чоң комузчу эле. Ал жалгыз уул болгон үчүн театрда жакшы иштеп жаткан жеринен чоң апам иштетпей койгон экен. Бала кезден музыкага жакынмын. Аккордеон тартып, гитара, комуз чертип чоңойдум. 10ду бүткөндөн кийин Токмоктогу маданият жана искусство окуу жайында үйлөмө аспаптар боюнча окудум. Аскерде үйлөмө аспаптар оркестринде жүрдүм. Андан келип театрга иштеп калдым. Кийин Ташкенттен актёрлукту окудум. Ошентип обончулук, музыканттык театрда иштегенге байланыштуу экинчи планда калып жүрдү. Жаш кезимде обончу катары чыкпай калганым да ошондон. Мен обонду 1983-жылдан баштап чыгардым. Сатира, чыгарган обондоруң деле өзүң жараткан бала сыяктуу болуп калат. Ата-эне кайсы баласы оорукчан болсо ошонусун жакшы көрөт дегендей, обончулукка кийинки убакта көбүрөөк көңүл буруп, обондорумду көбүрөөк эл ырдап калса, элге жайылса деген максатта ырчылар менен көбүрөөк иштешип жүрөм.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Ден соолукта бар болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан