(Башы өткөн санда)
Жусуп бул жолу да Жанаттын ордуна Канаттын жооп берип жатканына, өз уулу байкесинин аркасына далдаланып боюн жашыра бергенине жаны кашайып кетти. Качанкыга чейин бул агасынын аркасына жашырынып жашайт? Эркек деген да ушундай болмок беле? Жусуптун баласы да ушундай болобу? Тиштенип ордунан турду да, Жанатты “жүрү мени менен, тоодон кой алып келебиз” деп алып жөнөдү.
– Кайда барасыңар, койго Канат барсын,- деп чырылдаган Жаркынга көңүл бурбады. Канаттын “мен барайын, ата, Жанат үйдө калсын” дегенине макул болбоду. Ичиндеги ич күптүсүн чыгарып албаса болобу. Жанат эч нерсе дей албады, көз айнегин улам оңдоп, атасынын машинесине аргасыз түшүп кетти.
Атасы менен Жанат ошол күнү үйгө келбеди. Өлөрчө сабалган баланы эртеси тааныш бирөөлөр көрүп калып үйгө алып келишти. Муну ким кылганын Канат билип эле турду. Апасы экөө тиктеше түшүп, бири-бирине күнөөлүүдөй көздөрүн тартып кетишти. Жанат ооруканага түшүп калды. Ошол түндүн узактыгы Канаттын өмүр бою эсинде калды. Жанат эсине келе албай бир нерселерди жөөлүп жатты. Палатада аны караганы Канат калган эле. Апасы болсо атасын издеп табам деп кетти. Канатка инисин жакшы карап турушун айтты да, чыгып кетти. Жанат бир нерселерди айтып жөөлүп жатты.
– Жанат, мен сенин жаныңдамын, мен Канат...- дей берди. Иниси бир нерсе дегендей болду, оозуна кулагын тосо калды Канат.
– Шоола...
– Эмне дейсиң?
– Шоола, мен... сага айта албайм. Мен баары бир сага айта албайм... Шоол...
Бул эмне деп жатат? Тиги кыздын атын айта берди. Эртеси Канат ойгонсо Жанат өзүнө келип калган экен. Жылмайганга аракет кылды, бирок анысы эч окшошпой турду.
– Өх, эсиңе келдиң, шүгүр,- деп жиберди Канат.
– Апам кайда?
– Келет бир азда, үйгө кеткен.
– Сен таң атканча мени менен болдуңбу?-деди Жанат агасына ыраазы боло карап.
– Албетте, мен дайым сени менен болом. Бул жолу эми эмнеге сабады?
– Себеби деле жок. “Сен менин ишенимимди актабадың” деген сыяктуу бир сөздөрдү айтты. Болгон күнөөм анын уулу болуп жаралып калганым окшойт. Урду, ыйлады, бир түшүнүксүз сөздөрдү айтты. Бир кезде жаны кашайып кетти окшойт, такыр жанчып салды. Бул жолу өлөт окшойм дедим эле. Дагы тирүү калыптырмын.
Канат Жанатты кучактай калды. Көз жашын араң кармап турду. Деми буулуп үнү араң чыкты. Бирок ишенимдүү айтты.
– Буюрса, баары бүтөт, жакында чет өлкөгө окууга кетесиң. Сен бул жакка такыр келбе. “Мега мозг” экениңди көрсөт элдин баарына. Сен ушундай кыйын адам болосуң, атам сага кылган мамилесине кийин аябай өкүнөт. Сен аябай кыйын адам болосуң!
– Хе, атамдын чеңгелинен кутулуш кыйын го мага. Эч качан башка мамлекетке жибербейт мени. Ушул жакта окуйсуң деди.
– Бир нерсе ойлоп табабыз. Менин оюмча, апам аны менен ажырашат.
– Апамды билбейсиңби, ал ажыраша албайт. Кызык, атам мени жек көрөт, бирок атамдын жек көргөнүнө караганда апамдын мага болгон көңүл коштугу оор тиет мага.
– Эмне-е?
– Сен билбейсиңби, апам эч качан сени жакшы көргөндөй жакшы көрбөйт мени. Жакшы көрөт, албетте, камкордук кылат. Бирок апамдын көзү сени караганда кантип жайнап кетет бир көрсөң... А мени эч качан антип караган эмес.
– Жанат!
– Бул чындык, Канат, мен дайыма экинчи орундамын.
– Сен мен үчүн эң биринчи орундасың! Сен мен үчүн биринчисиң. Бул эч качан өзгөрбөйт.
Канат Жанаттын көздөрүнө тиктеп ушинтип айтты. Бул дагы чындык болчу. Канат коргогондой аны эч ким коргогон эмес. Агасы жакшы көргөндөй аны атасы да, апасы да жакшы көрбөгөн эле. Бул акыйкат болчу.
жхх
Жаркын Жусупту болжолдогон жерден тапты. Көңүлдөшүнүн үйүнөн. Эшикти шарт ачып кирип келген аялды тиги экөө тең делдейип эле карап калышты.
– Сен...
– Мунуң, чыгып турсун, сага айтчу сөзүм бар. Экөөңдүн мамилеңди териштиргени келген жокмун мен!- деди аял өктөм гана. Көңүлдөшү ордунан туруп башка бөлмөгө кирип кетти.
– Жанат ооруканада. Сен жеткирдиң ушуга! Ал балада эмне өчүң бар? Менден ала албаган өчүңдү андан чыгарып жатасыңбы? Болду, мен ажырашам! Эгерде буга чейин сага чыдап келсем, ал уулдарым үчүн болчу. Жетишет, сен чегиңден ашып кеттиң.
Жусуп коркуп кетти. Уулун сабап жатканда өзүн кармай албай калганын сопсонун билет. Ага кайгырып, өкүнүп да жатты. Болору болду да. Жаркын буга чейин келгенине карбаластап эмне кыларын билбей калды.
– Кечир мени,- башка эч нерсе айта албай тили байланды.
– Мас болчумун...- деди андан кийин өзүн эптеп актамакка. Жаркын аны жек көрө тиктеп турду. Куду биринчи түндө өз чечимин айтып чыгып кеткенде карагандай жек көрүп карап турду.
Аял шарфын чечип көкүрөгүн ачты. Анда каршы-терши жайгашкан тактар бар эле.
– Көрдүңбү, бул тактарды сен салгансың. “Айт, балаң кимден?” дей берип бир өмүр бычак такадың моюнума. Айтпасам кескиледиң. Анда да чыдадым. Бул тактар сыртымдагы тактар. Ал эми ички дүйнөгө кандай гана так салганыңды бир Жараткан билет. Мен эч качан алдаган эмесмин. Чындыкты айттым. Ошол үчүн өмүр бою мен да, балдарым да кыйналып келдик. Эми жетишет, мындан ары бизди жайыбызга кой.
– Мен ажырашпайм!- деди көшөрө башын чайкаган Жусуп. – Менден өлүп гана кутуласың. Башка айлаң жок экенин жакшы билесиң. Болбосо...
– Эмне болбосо?
– Уулдарың сен тууралуу бардык чындыкты билишет. Канат эртең “менин атам ким эле, апа?” деп сурайт. Сен ошондо эмне деп жооп бересиң. Эгерде ажыраша турган болсоң алар бул чындыкты билишке туура келет. Жаркын эмне дээрин билбей туруп калды.
ххх
– Канат, сен кайда жүрдүң?- деди Шоола.
– Иштер болуп калды.
– Үч күн сага чалып, жазып жооп ала албай койдум. Жинди болуп кете жаздадым. Үйүңөргө чейин бардым аягында.
– Эмне-е?
– Эч ким жок экен. Апаң да, сен да Жанаттын жанында деди кошунаңар. Жанатка эмне болду?
– Эч нерсе.
Канат сүйлөшкүсү келбей турду. Жанаттын абалын көргөндөн бери ушул абалда. Анын милдети ушул абалдан апасын да, инисин да чыгарып кетүү. Басса-турса ушул ой тынчтык бербей жатты. “Ажырашам” деп кеткен апасы кийин ал тууралуу бир да жолу ооз ачкан жок. Эки-үч күндөн кийин Жусуп адатынча үйгө келип эч нерсе болбогондой жашай баштады. Мындай абалда өзүн ушунчалык алсыз сезип жатты. Эң жаман көргөн сезим өзүн алсыз сезүү да. Шоола анын ичинде болуп жаткан уйгу-туйгуну байкап турду. Жанына отура кетти.
– Жанат кандай анан?
– Азыр жакшы, бирок сабакка дагы бара албайт го.
– Бирөөлөр сабап кетишиптир дейт го, ээ? Жанат такыр чыр-чатакка аралашпаган бала го.
– Кимдер айтып атышат?- деп жарылып кетти Канат.
– Эмне кыйкырасың мага?
– Жок айтсаң, ким айтып жатат антип?..
(Уландысы кийинки санда)