ООРУЛАР ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?

Ашказан оорулары: гастрит, ашказан жарасы ж.б. – жаңычылдыктан коркуу, көрө албастык, урушчаактык, баарына өзүнүн керектүү жана алмаштыргыс экендигин далидөөгө тырмышуу.
Куяң (радикулит) – эки жүздүүлүк, келечек жана акча үчүн дайыма тынчcыздануу.
Цистит (табарсыктын оорусу) – өзүн эркин алып жүрө албай башкалардан кем сезүү, тынсыздануу, эски көз караштарга жабышып, алардан арыла албоо.
Целлюлит (тери алдындагы клетчаткалардын сезгенүүсү) – ичте топтолуп калган ачуу, жек көрүү, өзүн-өзү жазалоо.
Моюн оорулары – маселени бир жактуу карап,терең анализдей албоо жана ийкемдүүлүктүн жоктугу.
Безетки – өзүн жакшы көрбөгөндүк, өз каалоосу менен эсептешпөө, ыргылжың абалда жүрүү.
Онкологиялык оорулар – ичтеги таарыныч, уяты уктатпоочулук, өзүнүн көз карандысыздыгын сактай жана өз күнөөсүздүгүн далилдей албоо, көңүл калуулардын көптүгү, башкалардын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюу.
Боор – өзгөрүүлөргө ыңгайлаша албоо, ачуулук, коркуу, жек көрүү, кек.
Метеоризм (ичке жел толуучулук) – өзүн эркин алып жүрбөө, идеяларын ишке ашыра албай кыйналуу.
Гипертония (кан басым оорусу) – таарынчаактык, курулай шектенүүчүлүк, стресстерге көп чалдыгуу.
Баш оору – өзүн баалай албоо, өзүн кем сезүү, сынга өтө сезимталдык. Башкача айтканда, сынды көтөрө албоо.
Киста (ичине суюктук толгон ыйлаакча) – өткөн жашоосундагы жагымсыз окуяларды көп ойлоп, өзүн күнөөлөө. Артка кылчактоо менен алдыга умтула албагандык.
Семирип кетүү – өтө сезимталдуулук, дайыма бир нерселерге тынчсыздануу, коркуу, өзүн жалгыз сезүү.
Аракечтик – бар-жокко кайдыгерлик, күнөөсүн сезе билүү менен үйбүлөсүндө өзүн ашыкча сезүү.
Тамак оорулары: ангина, фарингит, тонзиллит – пикирдин улам өзгөрүп турушу, өзүн ачып көрсөтө жана коргой албоо, чыгармачылыктагы кризис.
Анемия (аз кандуулук) – келечектен үмүтү жоктук. Кылган иштерине да, жашоого да нааразылык.
Муун оорулары: артрит, артроз, полиартрит – «элдер мени жакшы көрбөйт» деп шектенүүчүлүк, кыйкымчылдык, болоор-болбоско кыжырлануу, бирөөлөрдүн талабына жок дей албоо, аябай тырышып иштөө менен "мага жүктүн көбүн артып жатышат" деп нааразылануу.
Дем алуу органдарынын оорулары: бронхит, пневмония –үйдөгү чыр-чатактын көптүгү, майдачылдык, урушчаактык, бирөөнүн сөзүн оңой менен укпоо.
Ич катуу – эски көз караштарды жактоочулук, өз оюн бербеген кежирлик.
Сарык – ичи тардык, көрө албастык.
Жүрөк оорулары – кубанычтын аздыгы, нервдик чыңалуунун көптүгү, мээге эс алуунун керектиги, жалгыздыктан коркуу, кемчиликтеринен арыла албай жандүйнөсүнүн кыйналуусу, өз сезимдерин талдай албоо менен сезимдерине баа бербөө, "сүйүүгө татыктуу эмесмин" деп эсептөө.
Геморрой – өткөнгө өкүнүү, бирөө­лөрдөн кол жуудан коркуу, маселелерден кантип кутулууну билбөө, кечиримсиздик.
Ички органдагы таш оорулар – бой көтөрүп, керкейүүчүлүк, чөйрөсүн­дөгү адамдарга сын тагуу, жек көрүүсүн жүрөгүнүн түпкүрүнө катып, сыртынан сыр бербөөгө аракеттенүү .
Диарея (ич өткөк) – турмуш чындыгынан качып, кыялдарга берилүү, себепсиз тынчсыздануу.
Ич оорулары – жашоосуна нааразычылык.
Богок (зоб) – запкы көр­сөткөн адамды жек көрүп, кек алууну көксөө.
Гинекологиялык оорулар – жубайын жактырбоо, төшөк жаатында өзүнүн күнөөсүн сезүү, аялдык касиеттин кемип, назиктиктин азайышы.

Безетки ичтеги оорудан кабар берет
Тери организмибиздин күзгүсү экендиги маалым. Чыгыш медицинасында илгертеден безеткинин кайсы жерге чыкканына карап кайсы орган жардамга муктаж экендигин билип, дарылап келишкен. Мындай билүү оору өнүгүп кете электе алдын-алып дарылоого чоң таасирин тийгизген.
Чеке – ичегилердин оорусу.
Жаактар – өпкө жана көөдөн аймагы.
Мурун – жүрөк-кан тамыр маселеси.
Ооздун тегереги – сырткы жана ички жыныс мүчөлөрүнүн оорусу.
Ээк – бөйрөктөр.
Далы – өпкө.
Ийиндер – тамак-аш жолунун оорулары (ашказан, бөйрөк, ашказан алдындагы без).
Көкүрөк – жүрөктүн жана өпкөнүн патологиясы (патология –организмдеги нормадан четтөө­лөр).

Элдик медицинадан

Сөөлдөн кантип кутулууга болот?
Элдик медицинада колдогу же буттагы сөөлдөн арылуунун бир нече ыкмасы бар.

  • Кадимки жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп кайнатып алат. Анан кайнатма сууп калганда сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, үстүнө целлофан коюп таңуу кажет. Муну күндүз деле бир нече ирет жасай берүүгө болот. Сөөл алгач карарып, анан өлчөмү кичирейип баштап, акырында жоголот.
  • Байтеректин (осина) суу отуну күйүп жатканда жаракаларынан көбүк чыгат. Көбүктү ылайыктуу нерсе, мисалы, чай кашыктын сабы менен чогултуп алып, сөөлдөргө сыйпоо кажет. Үстүн эч нерсе оробой ачык калтыруу керек. Ыкманы сөөл жоголгуча колдонуу туура.
  • Кайыңдын тышкы кабыгынан алынган дарыны (березовый деготь) дарыканадан сатып алып, сөөлгө күнүгө сыйпоо кажет. Дарынын жыты кескин ачуу болгондуктан, дарыны кечки убак сыйпап, жатаар алдында дарыны жууп салса болот.

Ич катканда

  • Сууга чала бышырылган капустаны жеп, ал кайнаган сууну ичүү (күнүнө 1-2 стакандан) керек.
  • Каакымдын кургатылган тамырынан 2 аш кашык алып, үстүнө бир стакан кайнаган суу куюп, 8 саат тыныктырабыз. Анан стакандын чейрек бөлүгүнөн кылып 4 маал тамактан мурда ичүү керек.
  • Сулу узакка кайнатылган сууну же турптун ширесин ичсе да жакшы таасир берет.

Этек кир көп келгенде...

  • Кургатылган миң жалбырактын майдасынан 2 чай кашык алып, үстүнө кайнаган бир стакан суу куюп, 1 саат демдейбиз. Даяр дары суюктуктан бир күндө 4 маал тамактан мурда стакандын чейрек бөлүгүнөн ичүү сунушталат.
  • Койчу баштык чөбүнүн кургатылганынан 3 аш кашык алып термоско салып, үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп, 1 саат демдейбиз. Тундурманы бир күндө 3-4кө бөлүп (тамактан мурун) ичүү абзел.

Тизе ооруса...
Бут ооруп, адамга басууга кыйын болуп калса, анда жардамга кайыңдын жалбырактары келет. Ал үчүн түндө жатаарда кайыңдын таза жуулган жалбырактары менен бутту, тизени ороп, сыртынан таңып коюу керек. Муну бир нече күн кайталоо кажет. Эгер таңуунун ордунда күрөң из калса, самын менен жууп коюу жетиштүү.

Муундардын оорусу үчүн дарылар
Артритти айыктыруу үчүн төмөнкүдөй рецепт колдонулат:

  • Ар бири 300 граммдан сарымсак, лимон жана жаңы бышкан ачуу калемпир керек. Бардыгын эт тарткычтан (лимонду кабыгы менен) өткөзүп, үстүнө 0,5 литр арак куюп, 10 күн тыныктыруу зарыл. Анан күнүгө 3 маал тамактан жарым саат мурун кабыл алуу зарыл. Дарыны түгөнгү­чө ичүү сунуш кылынат.
  • 4 анальгин таблеткасын 100 грамм аракка кошуу керек. Үстүнө 5 грамм йодду куюп, 1 түнгө тыныктыруу кажет. Анан кебезди тундурмага малып, ооруган жерлерге жеңил массаждоо менен сүртүү талап кылынат.

Ичеги курттардан эрмен куткарат
Алгач эрменди кургатып, майдалап алуу кажет. Анан эртең менен кечки убак чай кашыктын жарымынан майдаланган эрменди суу менен жутуш керек. Эки аптадан кийин курттар калбай калат.

Укроп көп ооруга дары

  • Циститке. Укроптун 2 аш кашык уругунун үстүнө 400 грамм кайнак суу куюп, 30 мүнөт демдейт. Даяр дарыны күнүнө 3-4 маал 100 миллилитрден ичүү керек.
  • Ашказан, ичегилер көөп чыкканда. Мында укроптун кайнатмасын ичсе жакшы жардам берет.
  • Түнкүсүн зааранын токтобостугунда. Укроптун 2 аш кашык майдаланган уругун термоско салып, үстүнө бир стакан (200 грамм) кайнак суу куюп, 5-6 саат демдейт. Андан соң даяр дарыны сүзүп алып, уктаардан 1-2 саат мурда баарын ичүү керек. Дарылануу курсу 7-10 күн.
  • Уйкусуздукка. Түнү бою уйкусуздуктун азабын тарткандар үчүн эң жөнөкөй рецепт бар. Ал үчүн 50 грамм укроптун уругун кайнатып алып, ага 0,5 литр вино кошуп аралаштыруу кажет. Анан жатаар алдында жарым стакандан ичүү туура.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан