ДЕН СООЛУК ЧЫҢ БОЛУШ ҮЧҮН БУТ КИЙИМГЕ КАМ КӨРҮҢҮЗ

Адамга суук эң биринчи кезекте буттан өтөт. Суук күчүнө кирип турган маалда бут кийимге өзгөчө кам көрсөк, ден соолукка кам көргөн болобуз.

1. Күз, кыш мезгилдеринде бут кийимди жаан, кар, баткактан коргоо талап кылынат. Ал үчүн эң алгач суудан коргоочу спрей, кремдерди алыңыз. Тери, замша, нубук, велюр жана башка материалдарга жараша түрдүү коргоочу каражаттар сатылат. Аба ырайы бүркөлгөндө сөзсүз аталган каражаттарды бут кийимге сүйкөгөндөн кийин гана эшикке чыгыңыз.

2. Бут кийим суу, баткак болуп келгенден кийин чечип салып үйгө кирип кетпеңиз. Сөзсүз баткакты тазалап, сууну кургак чүпүрөк менен аарчыш керек. Анткени суу жана туз бут кийимдин материалын бузат. Тез кургатам деп жылыткычтын, батареянын жанына койсоңуз, бут кийимдин өмүрүн кыскартасыз. Бөлмө температурасында кургаганы туура. Анан да суу бут кийимдин ичине кагазды жумшартып жылчык калбагыдай кылып толтуруңуз. Бул өтүк же ботинкада бырыш, керексиз бүктөмдөрдүн түшпөшүн алдын алып, ашыкча нымды сиңирип алат.

3. Суукта кийчү бут кийимдерди жуп батеги менен алыңыз. Бири нымдашып суу болсо, дароо кургагына алмаштыргандай болуп. Суу батек менен жүрө берсеңиз, организмге зыян келтиресиз. Жакшысы, мүмкүнчүлүк болсо бут кийимди да жубу менен алуу керек. Кезеги менен алмаштырып кийгенде бут кийим кургап да үлгүрөт, сапаты да жакшы бойдон калат.

4. Жалтыраган лак бут кийимди жаңы бойдон жана көпкө чейин бырыш түшүрбөй кийиш үчүн маал-маалы менен кастор майын же вазелин сүйкөп турган жакшы. Замша бут кийимдерди кургак кезинде гана тазалаш керектигин унутпаңыз. Ал эми тери бут кийимге өтүк май сүйкөгөндөн кийин дароо көчөгө чыгып кетпей, 5 мүнөттөн кийин щётка менен дагы бир сыйра сүртүп, анан чыгыңыз. Өтүктүн суукка жана сууга чыдамдуулугу артат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан