– Бул сага,- деп партанын үстүнө шоколад коюп, жылуу жылмайып карады да, жаныма отуруп алды тайпалашым Актилек. Кандай шоколадды жакшы көрөрүмдү да билет. Шоколад эле эмес, деги эле менин эмнени жакшы көрүп, эмнени жаман көрөрүмдүн баарын билет. Бир гана мага өзү такыр жакпай турганын билбей койду. Жактырбаган адам болгону үчүн анын белектери да жагымсыз болчу.
– Кереги жок, алып кет, өзүң дагы арткы партага отуруп алсаң жакшы болот эле.
– Жок, гүлүм, мен ушул жакка эле отурам.
Кызганчаактыгы жанда жок. Жаныма башка балдар отуруп албасын деп кайтарып отургандагысы бул. Мени башка балдар менен көрүп калса жини келип өңү кызарып чыгат. Көңүлү калсын деп анын көзүнчө атайын башка жигиттерди жандасам деле көңүлү калган жок. Баягыдай эле жакшы мамиле кылып, эркелетип сүйлөп, белегин берип, камкордугун кылып жүрө берди. Бир жолу кышында кол кабымды жоготуп алып колум тоңуп үшүп сабакка келген элем. Эртеси күнү сумкама жаңы кол кап менен кошо кагазга “колуңду жылуу карма” деп жазып коюптур. Бир жолу кыздар менен мушташып кеттим. Актилек көрүп калып ажыратты да, бооруна бекем кысып кучактап туруп, “кандай болгон күндө да мен сен тарапта болом” деди.
Майрамдарда, туулган күндөрүмдө белексиз калтырбайт, таң калтырып да бүтпөйт, дайыма эч күтпөгөн сюрприздерди жасайт. Байдын баласы экен деп ойлоп калбагыла. Жөнөкөй эле үй-бүлөнүн баласы. Берген белектери укмуш кымбат белектер эмес, кээде өз колу менен жасаган оригиналдуу буюмдарды берет, же ырдап берип же кызыктуу оюн уюштура калат, айтор, креативдүү жигит. Ал минтип жакшы мамиле кылган сайын менин ичимде эмнегедир коркуу пайда боло берди, ан сайын болбой эле кача берчүмүн. Бул сезимдер мага тааныш болбогондуктан коркуп каччу окшойм деп ойлоном азыр. Анткени сүйүүнү, камкордукту кабыл алууну, ага кайра кандай жооп берүү керектигин билчү эмес экенмин. Себеби жашоомдо мага камкордук кылып, эркелетип, сүйгөн адам болгон эмес. Ата-энем кичинемден чет жакка иштеп кетип, ар кайсы туугандардыкында чоңойдум. Эже-байкелерим, таяке-таежелеримдин үйүндө турмуш-тиричиликтен кол бошобой жүрүп эле жылдарым өттү. Ата-энем көп деле байланышышчу эмес.
Кандай болгон күндө да Актилек менден такыр баш тарткан жок. Канчалык качсам деле артымдан калбай сүйүүсүн арнай берди. Анан 5-6 жыл дегенде мендеги “муз” эрий баштады. Мен анын сүйүүсүн кабыл алып, ага жооп бергенди үйрөнө баштадым. Мурдагыдай катуу болбой, жумшарып бараттым. Анын жылуу мамилесиндеги жылуулукту сезе баштадым. Жылуулук бергенге, камкордук кылганга жана жөн гана жакшы сөз арнаганга өзүмдөн өзүм көнө түштүм.
– Наргиза, эшикке чыксаң,- деди бир күнү кечке маал чалып. Терезеден карасам бир чоң букет гүл көтөрүп туруптур. Чыксам, адаттагыдай эле эркелеткен сөздөрүн айтып, сүйүү толгон көздөрү менен карап туруп турмушка чыгуу сунушун киргизди. Макул болдум, баш коштук. Кайнене-кайнатам менен турабыз. Бул үй-бүлөгө кошулганда менин жан дүйнөмдө тынчтык пайда болду, өзүмдү коопсуздукта сездим. Анткени кайнене-кайнатам, алардын балдарынын баарынын жүрөгү сүйүүгө толгон адамдар экен. Жаман көзү менен караган, мага кайдыгер караган бир да жан болгон жок. Жардамын, жакшы сөзүн аяшпайт. Бул адамдардын арасында жүрүп жумшак, көзү жайнаган, ар бир адамга сүйүү бере алган адамга айландым. Бир ай мурун уулубуз төрөлдү. Азыр аны эркелетип, “берекем, көлөкөм, жаным” деп айланып-кагылып отурам. Актилек мага сүйүүнү жана аны ачык билдирүүнү үйрөттү. Көрсө, бирөөнү сүйүп жашаган керемет тура.
Наргиза