Психологдун кеңеши
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?” деген дилемманын ортосунда калат. Мына ошондой учурда түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, сүйүктүү гезитиңизге кайрылыңыз. Мындан ары “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду 32-33-26 номери аркылуу берсеңиз болот.
– 4 бир тууганмын. Баарыбыз кызбыз. Мен кичүүсүмүн. Эркек балалуу болгусу келген атам апамды аябай уруп, кээде бизге да бычак такап коркутчу. Коркуп, сыртка түнөгөн учурлар да болгон. Кийин атам башка аялга кетип калып, андан эркек балалуу болду. Эжелерим “сен эркек болгондо, балким, атам кетпейт эле” деп калышат. Ошонун айынанбы, жашым 27ге келсе да, бир да жолу жигит менен сүйлөшүп көргөн эмесмин. Атамдан улам менде эркектерден коркуу сезими калып калганбы деп ойлойм. Бул жагдайда мага кандай кеңеш бере аласыз? Нагима, Балыкчы шаары.
– “Кыз бала – тукум эмес” деген калыптанып калган туура эмес түшүнүк бар. Ал эми сиздин психологиялык абалыңызга келсек, минтип өзүн-өзү басынтуу туура эмес. Ар бир адам өзүнүн баалуулук ориентациясын өзү түзөт. Айлана-чөйрө да өзүн кандай бааласа, ошондой көз карашта карайт.
Сиз кичине кезиңизде атаңыздын туура эмес жоругун көрүп, коркуу барьеринен чыга албай калгансыз. Бул барьерди талкалап чыгып кетүүгө болот. Бирок өз күчүңүз менен гана. Ал эми “сен эркек болсоң, атам бизди таштап кетпейт эле” деген эжелериңиздин сөзү туура эмес. Эмне үчүн үй-бүлөнүн чоң трагедиясына кичине наристе күнөөлүү болушу керек? Ар бир адамдын өзүнүн жеке инсандык жолу болушу керек. Сиз өзүңүздү үй-бүлөнүн алкагынан алып чыгып өзүнчө карап көрүп, өз жолуңузду тандап, өзүңүзгө жаккан адам менен бактылуу болгонго акыңыз бар. Ошондуктан ата-энеңиздин ракурсунан өзүңүздү көрүүнү токтотуңуз. Кыз бала менен эркек баланын ролу бирдей экенин эсиңизге алыңыз. Сиз “кыз болгонум үчүн күнөөлүүмүн” деген ойду башыңыздан алып салганга аракет кылыңыз. Ошондо сизде баары жакшы болот.
“БАЛАГА БОЛУШУУ КЕРЕКПИ?”
– 5 жаштагы уулум бар. Аны бала бакчадан балдар уруп коюп жатканын угуп, аябай кыжалат болдум. Жолдошума айтсам, “өзүн-өзү коргоп көнсүн, тим кой” дейт. А менин жүрөгүм түтпөй жатат. Мындай учурда балага кандай мамиле жасоо керек? Эгерде болушсам, болушканга көнүп алышы мүмкүн эмеспи? Болушпай койсом, биротоло коркок болуп калса эмне болот? Асия, Бишкек шаары.
– Сиздин энелик кооптонууңуз табигый көрүнүш. Эне баласынын ар бир саатын, мүнөтүн байкап, ага туура баа берип, орусча айтканда, “не простой зритель, а участник” болушу керек. Бирок сиздин жолдошуңуз абалга туура баа берген. Анткени бала ошол уруш-талаштан калыптанат. Муну турмуштагы биринчи сабагы дейли. Ал эми кийинки сыноолордон да жеңилип беришин каалайсызбы? Мисалы, уулуңуз таяк жесе, “сенин ал баладан эмнең кем?” деп жылуу-жумшак айтып, ардантып коюу керек.
Керек жерден стимул бергенге аракет кылыңыз. Бир күндө баланы 12 жолу боорго бек кысып, аны кандай жакшы көрөрүңүздү, ал үчүн баарына даяр экениңизди, ал кандай күчтүү экенин эркелетүү менен билдириңиз. Ошондо гана бала өзүн керектүү жана күчтүү сезет. Билесизби, баланын эрки түйүлдүк кезден калыптанат. Ал жарык дүйнөдө ким аны сүйүнүп күтүп жатканын, кимге керек экенинен бери сезет. Эгерде боюнда бар кезде баланы сүйбөсө, каалабаса, ал жашоого келгенден коркуп калат да, натыйжада коркок, эрксиз бала төрөлүшү мүмкүн.
“АКЧА, АКЧА, АКЧА...”
– Кичинемден жетишпеген турмушта жашадык. Атам иштечү эмес, апам ашпозчу эле. Мен чоңоюп, окуп, азыр жакшы ишим бар. Бардыгы жетиштүү болсо да, акчам азайып баштаса эле дүрбөлөңгө түшүп кетем. Ата-энемди, бир туугандарымды деле көп ойлобой калдым. “Кантип көп акча таап, бутума турам?” деген ой мени кыйнап жиберди. Бул ойлор мени жегени жеген. Алардан кантип арылам? Нурик, Токмок шаары.
– Кызык суроо экен. Мындан бир нече жыл мурун жаштар арасында психологиялык изилдөө жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында азыркы жаштар адамдагы баалуулуктун баарын акча менен баалап калышканы белгилүү болгон. “Эгерде акчаң болсо, бул дүйнөнүн падышасысың. Акчаң жок болсо, эч ким эмессиң” деген нерсе жаштардын психологиясына орноп калган. Буга өлкөдөгү саясий, экономикалык абал, өткөөл мезгил таасир берди деп ойлойм. Ошентсе да сиз дүйнөдө акчадан да баалуу нерсе бар экенине өзүңүздү ынандырып, макул кылышыңыз керек.
Алдыга умтулуу жакшы нерсе, бирок ал дагы өлчөмү жана натыйжасы менен болгону жакшы. Жок жерден “мен качан байыйм?” деп өзүн-өзү кыйноо оору гана алып келет. Мындай ойлордон алаксуу үчүн спорт менен машыгыңыз, жакшы кино көрүңүз. Жашоонун ар бир мүнөтүнө кубансаңыз, сиз издеген байлык өзүңүздөн табыларына ишене бериңиз.
“СУЛУУ СУЛУУ ЭМЕС, СҮЙГӨН СУЛУУ”
– Менин кебетем сулуу эмес, ошондуктан аябай тартынчаакмын. Мендеги комплекстин күчтүүлүгү ушунчалык, күзгүдөн өзүмдү көрүп туруп, кээде кыздар менен жолугушууга барбай коём. Чынында, менден одурайган деле жигиттер бар. Алардын кыздар менен ишенимдүү жүргөнүн көргөндө ичим күйүп кетет... Адилет, Бишкек шаары.
– Жигиттер өткөөл куракта өзүнө ишенбей, кыздарга жагуунун айласын таба албай кыйналышат. Эгерде өткөөл куракта болсоңуз, бул нерсе өтүп кетет. Ал эми андай эмес болсо, ал башка маселе. Ооба, чындыгында эле сырткы келбет – адамдын визиттик карточкасы. Алгачкы биринчи мүнөттө адам сөзсүз сырткы келбетке баа берет. Андан кийин адамдын жеке мамилеси, мүнөзү, адамгерчилиги, күчтүүлүгү байкалат.
Сиз биринчи учурдан жеңилсеңиз да, кийинки этаптардан мыкты өткөнгө аракет кылыңыз. Тамашакөй, акылдуу, тарбиялуу жигит экениңизди далилдесеңиз, кыздар сизге башкача көз караш менен карап калышат. Комплекс дагы ата-эненин катасы болуп саналат. Эгерде кебетеси серт наристени деле өзүнө ишеним менен тарбияласа, бул маселе жаралмак эмес. Орустар балдарынын ар бир кыймылына, суроосуна жооп берип, алардын кайталангыс, уникалдуу адам экенин баса белгилешет. Ал эми бизде балага андай нерсе тартуулай албагандыктан, ушундай маселелер жаралат.
Сиздердин сурооңуздарга психолог,
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын
доценти Наралиева Бермет Каратаевна жооп берди.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg