“РУСАЛОЧКА” тасмасы эмнеге сынга кабылган?

Даниялык жазуучу Ханс Кристиан Андерсендин “Русалка” жомогун окугандырсыз. Окубасаңыз да ал жомоктун негизинде тартылган мультфильмди сөзсүз көргөнсүз. Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында балык-кыз тууралуу көркөм тасма экранга чыкты. Макалабызда “Русалочка” тасмасынын камера артындагы кызыктарына токтолдук.

Тарткан өлкө: АКШ

Тарткан кинокомпаниялар: “Walt Disney Pictures”, “Lucamar Productions”, “Marc Platt Productions”

Чыккан жылы: 2023-жыл, май айы

Жанры: мюзикл, романтикалык фантастика, мелодрама

Режиссёру: Роб Маршалл

Башкы ролдордо: Холли Бэйли, Жона Хауэр-Кинг, Давид Диггз, Аквафина Жейкоб Трамбле, Нома Думезвени, Арт Малик, Хавьер Бардем, Мелисса Маккарти жана башка

Узактыгы: 2 саат 15 мүнөт

Бюджети: 297 миллион доллар

Топтогон каражаты: 569,6 миллион доллар

Эске салабыз...

Деңиз падышасы Тритондун кызы Ариэлди кургакта жашаган адамдардын жашоосу абдан кызыктырат. Бирок апасы адамдардын колунан каза тапкандан кийин Ариэлге адамдарга жакындоого катуу тыюу салынган. Бир күнү катуу толкунга кабылып, кемеси кыйрап деңиз түбүнө кеткен ханзаада Эрикти Ариэль сактап калат. Кызынын адамдарга жолобо деген буйругун аткарбаганын уккан Тритон каарданып, Ариэлди экинчи деңиз түбүнөн өйдө сүзүп чыкпайсың деп жазага тартат. Атасына таарынган кыз деңиздеги коркунучтуу, куу Урсулага кабылат. Урсула кыздын куйругун адамдардыкына окшош эки бутка айлантарын, ал адамдар менен 3 күн жашаса болорун айтат. Анан да ханзаада Эрикти 3 күн ичинде өзүнө ашык кылышы керек. 3 күндө ханзаада Ариэлди сүйүп, өппөсө, анда кыз өмүр бою Урсуланын карамагына өтөт. Эгер максаты орундалса, ал өмүр бою адам катары кургактыкта жашай алат. Кыз макул болуп, кургактыкка чыгат. Бирок митаам Урсула Ариэлдин үнүн алып койгонун, ал дудук абалында Эриктин жүрөгүн багындырышы керектигин айтпайт...

Эсиңизге түштүбү, окурман? Эми мындан ары тасма таржымалына токтололу.

4 жылдык эмгек

“Русалка” мультфильми экранга 1989-жылы чыгып, азыркыга чейин актуалдуулугун жогото элек. 30 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин аны тасмага айлантуу идеясы режиссёр Роб Маршаллда жаралды. “Русалочканын” жаралышына 4 жылдын ашуун убакыт корогон, ортодо коронавирус пандемиясы, кошумча АКШдагы минтингдер учурунда үзгүлтүккө учурап калган. Тасма Лондондо жана Жер Ортолук деңиздеги абдан кооз Сардиния аралында тартылган.

Ариэль+Эрик

2019-жылы “Грэмми” музыкалык сыйлык тапшыруу аземин көрүп отурган режиссёр Роб Маршалл Холли Бэйлинин ырдаганын угуп, дароо кастингге чакырган. Ал эми ханзааданын ролу алгач актёр Гарри Стайлска сунушталган. Бирок Гарри мырза музыкалык карьерасына басым жасап жатканын айтып, баш тартты. Натыйжада Эриктин ролу актёр Жона Хауэр-Кингге буюрду. Тритонду актёр Жейсон Момоа аткарса дешкен, акырында актёр Хавьер Бардем падыша болду. Эгер тасма ийгиликтүү болсо, анда анын 2-бөлүгү “Русалочка: Деңизге кайтуу” да тартыларын режиссёр айткан дешет актёрдук курам. Холли Бэйли менен Жона Хауэр-Кинг кийинки бөлүмдө да Ариэль+Эриктин ролунда калгылары келет.

“Русалка кара терилүү эмес!”

Тасманын алгачкы трейлери жарык көргөндө эле катуу сынга кабылды: “Русалка кара терилүү кыз эмес”, “расасына тийишпегенде да ханбийкеге тиешелүү назиктик, жеңилдик жок. Актрисанын жүзүндө такыр эмоция билинбейт, анын оор дред чач жасалгасын көргөн кыздарыбызда ушундай чач кылыш керек деген ой жаралса кантебиз?” “Башка сулуу кара терилүү актрисалар деле толтура го...” Айтор, балык-кыздын ролундагы актриса Холли Бэйли тасма чыга электе эле сын-пикирлерге көмүлүп калган. #NotMyAriel мына ушундай #МенинАриэлимЭмес деген хештег социалдык тармактарда көп тарады. Бул режиссёрдун кадамыбы же “Disney’дин” маркетингиби, айтор, “кара пиар да пиар” деген принцип иштеди. Кара терилүү русалканы тартып дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган киночулар бюджетин эки эсе жаап алышты. Баса, мультфильмге салыштырмалуу тасмада бир эле Ариэль кара терилүү эмес. Анын эжелери да түрдүү расадан экени байкалат.

Кызыктуу...

Ариэлдин чач жасалгасын «Кара Пантера: Ваканда кылымга» тасмасынын визажисти Камилла Френд колго алган. Актриса Холли чачынын нукура өңүн сактап калгысы келген. Андыктан визажисттер 12-14 саат бою актрисанын нукура чачына жасалма чачтарды ороп, дред абалына келтирип турушкан. Узундугу 70 сантиметрден ашкан жасалма чачтар боёлуп, сиз тасмадан көргөн чач жасалга жаралган. Бул чачтардын баасын укканда ооз Ошту карап калат. Ариэлдин жасалма чач жасалгасы – 150 миң доллар турган.

Ушул эле чачка байланыштуу дагы бир кызык окуя. Албетте, өзүнүн коюу чачына дагы чач кошулганда Холлинин моюнуна күч келмек. Андыктан алдын ала моюн омурткаларын бекемдеш үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасап машыгышкан. Ариэль суунун үстүнө сүзүп чыгып, чачын артка карай силккен эпизод бар го. Дал ошол эпизоддо актриса аз жерден моюнун кайрып алайын деген. Анткени чач суу болгондо ого бетер оор болуп калган. Анын үстүнө керектүү кадрды кармаш үчүн 20 дубль тартылган.

Костюмерлер тасмадагы ар бир кийимди, аксессуарды деңиз тематикасына жакындаткысы келген. Мисалы, Тритондун таажысын акуланын тишинен жасашкан. Кийимдер да балыктардын өңүнө, алардын терисиндеги чабырчыктарга окшотуп жасалган. Актёрлор бардык учурда эле балыктын куйругун кийишкен эмес, көбүнчө костюмдун үстүн, астына чолок шым кийип алышкан. Калгандары компьютердик графиканын жемиши.

Ханзаада Эрик чынында эле сууга чөгүп кете жаздаган. Тагыраагы, актёр Жона Хауэр-Кинг суу түбүндө жакшы сүзгөндү билбейт. Кошумча өтүгүнө суу толуп, сүзгөндө оорчулук жаратып аз жерден чөгүп кете жаздаган. Анан өтүгүн суу толбогудай кылып бир нече жерин тешип коюшкан.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан