АЙДООЧУЛАРДЫН акыйкатыбы же арыз катыбы?

Мезгил үнү

«Өкмөт «коррупцияны жок кылабыз, мыйзамды сыйлайбыз» дейт. Эгерде мыйзам болсо, биздин укугубузду ким коргойт да, үнүбүздү ким угат?» Мына ушундай көйгөйлөрү менен редакцияга 7 айдоочу келиптир. Булар борбордогу №224-маршруттук каттамдын айдоочулары экен. Алардын кайрылуусунан улам окуяны иликтеп көрдүк.

АЙДООЧУЛАР АРЫЗЫ
Бишкек шаардык жүргүн­чү­лөрдү ташуучу 224-маршруттук каттам Ке­ле­чек конушунан баштап Абдрахманов, Киев, Чүй көчөлөрүн аралай «Пригород» совхозуна барып токтойт. Аталган маршруттук такси «Эламантранс» ЖЧКсына тиешелүү. Бул маршруттук таксинин иштей баштаганына
8 жыл болду. Мына ошол кезден айдоочу болуп иштеп жүргөндөрдүн айрымдары бүгүнкү күндө ишсиз калып отурушат. Алар мындай кат менен келишти:
«Эламантранс» фирмасына тие­шелүү №224-маршруттук таксинин айдоочулары аталган фирманын жетекчиси Кубан Исманов менен келишимдин негизинде иштеп келишкен. Жетекчибизге оозеки жана кат түрүндө кайрылып, жооп ала албадык. Ал жооп берүүнүн ордуна «жумуштан бошотом, билгениңерди кылып алгыла» деп эмгек жамаатын коркутуп, фирма менчик экендигин айтып, «мен айткан сумманы төлөгүңөр келбесе, иштен кете бергиле» деп жатат.
Кубан Исманов айдоочуларды ишке алууда ар биринен 300 доллар алганын баса белгилеп кетмекчибиз. Айына патентке 1250 сом, мэриялык ижарага
1000 сом, жол баракчасына 2300 сом беребиз. 2009-жылдын июнь айынан баштап мэриялык ижарага 1000 сомдон төлөнүп жатканына күмөнүбүз (41 айдоочунуку) бар. Анан да салыкка туура эмес сумма көрсөтүп жатат деп шек санайбыз. Мындан сырткары машинабызды оңдотуп, эмгек өргүүсүндө жүргөн күндөргө да акы төлөтүп жатканы мыйзамды одоно бузган менен барабар. Жетекчибиз кызмат абалынан пайдаланып, айдоочулардын укугун чектеп жатат».
Бул катка аталган каттамга тиешелүү
34 айдоочунун колу коюлган.

ОППОЗИЦИЯ, ПОЗИЦИЯ
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн «Пригород» совхозуна бардык. Жаңы шайланган бригадир Турдубек Намазбеков булардын пикирине кошулбай турганын, тартипти сактабагандыгынын айынан айдоочулар жумуштан бошотулганын айтып, фирманын тарабын алды. Жумуштан четтетилгендер жана учурда иштеп жаткандар арасында пикир келишпестиктер жаралды. Муну айдоочулар «бизде оппозиция, анан позиция бар» деп түшүндүрүштү. Экс-бригадирдин айтуусу боюнча, учурда 10 айдоочу жана диспетчер жумуштан себепсиз четтетилген.

Жолдошбек, экс-бригадир:
– Жетекчи менен биздин ортобуздагы чатак эмнеден чыкты? Акы төлөмдөрдүн көптүгү, айдоочуларга болгон шарттын, мисалы, «Пригород» совхозунда токтоочу жерибизде ашкана, даараткананын жоктугу себеп болду. Жетекчинин айдоочуларды жумуштан себепсиз кетирип, анын ордуна башка айдоочу алганга «шапкасына» 300 доллар сураганы да таасир этти. 2010-жылдын аягында «бул менин жеке фирмам, каалаганымды кылам, келишим бүттү» деди. Укугубузду талашсак, «болду, мен сени айдайм» деп чыкты.
– Тиешелүү тармактан оң жооп болоруна ишенесизби?
– Бишкек шаарынын жүргүн­чү­лөрдү тейлөөчү департаментине кат жаздык. «Эмне болгон маселе?» деп бирибизди чакырып сураган адам жок. Андан кийин Каржы полициясына, Транспорттук прокуратурага жогорудагы арыз менен кайрылдык, алардан жооп күтүүдөбүз. Азыр эми Кубан №224-маршруттук каттамдын айдоочуларын «бизден 3300 эмес, 2300 эле сом алчу. Биз эч кандай 300 дол­­­­­лар берип жумушка кирген эмеспиз» деп көндүргөнгө аракет кылып жа­­­тыптыр. Кубан Исманов менен айдоочулардын текке кеткен акчалары жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү мен, анан үч айдоочу диктофонго жаздырып алганбыз.
– 7 жылдан бери иштесеңиз, же­текчиңиздин оюна кошулуп эле жүргөн турбайсызбы?
– Эч качан табакташ болгон эмесмин. Бир жолку жыйында маселебизди көтөрүп чыксак, айдоочулардын көзүнчө «даараткана салдырып берем, акча маселесин карап көрөм» деген. Сыртка чыгары менен мага «Миша деген айдоочу «шапкасын» бере элек, ошонун акчасын даараткана салганга иштете бер» деп жатпайбы...

Сейил, диспетчер:
– 8 жылдан бери диспетчермин. Арыз жазгандар жаш балдар, жетеленме. Бирөө айтса, ээрчип кете беришет. Машинасы жок келгендер экиден машиналуу болушту. Булар арыздангандын ордуна рахмат айтышпайбы! Жайында машиналар жумушка чыкпай калышты. «Пригород» совхозундагы токтоочу жерибизге барышат да, өздөрүнчө жыйын уюштурушат. Мен өз ишимди аткарышым керек да, «эл эмнеге түшөт маршрутка жок, чыкпайсыңарбы?» десем, мени «Кубандын кишиси» деп айыпташты. Бирөөсү 12де келсе, дагы бирөө таптакыр жумушка чыкпай койсо, ким деле болсо жумуштан кетирет да.

Аскарбек, айдоочу:
– 224-маршруткага айдоочу болуп киргениме 2 жыл болду. Буга чейин эч кандай эреже бузбай эле иш­теп келгем. Көйгөйлөрүбүздү ай­тып, «күйүүчү май кымбат болуп калды, бизден алган акчаны азайт­пай­сыңбы?» деп койгом, ошондон баш­тап мен бузуку болуп калдым. Ки­чиавтобусту фирмада кадрлар бө­лү­мүндө иштеген келинден ижарага алып айдачумун. 14-декабрда аны алып койду. 16-декабрда башка машина таап келсем, «жок, ал арызчыл неме экен» деп ишке албады. Келишим боюнча, мен 31-декабрга чейин иштешим керек болчу, ага чейин иштен бошотту.

АЙДООЧУ БОЛУУ 300 ДОЛЛАРБЫ?
Айдоочулардын айтымында, 224-маршруттук каттамга ай­доочу болуунун «шапкасы» 300 доллар турат. Сураштыра келсек, арасында акча бергени да, бербегени да бар болуп чыкты.

Жеңиш, айдоочу:
– Жумушка киргениме 2 ай болду. Менден жетекчибиз документтен башка эч нерсе сураган жок. 300 доллар бербей эле айдоочу болгом.

Айдар, айдоочу:
– Мен жумушка кирерде жетекчибиз Кубан Исманов документтеримди сурады. «Жаныңда акча болсо, 200 доллар, эгерде болбосо, 300 долларды иштеп бересиң» деди. Машинамды насыяга алган элем, 1 айда иштеп бере албай калсам, «сөзүңө тур, акчаны бер, иштесең иште, болбосо каалаган жагыңа бар» дегенинен 9000 сомду өз колум менен карматып, жумушка орношком.
«Силерге айдоочу болууга 300 доллар пара берүү керекпи?» деген суроого «Эламантранс» ЖЧКсынын жетекчиси Кубан Исманов «мунун баары болбогон сөз, куру доомат. Айдоочулардан акча алганымдын эч кандай далили жок»,- деп жокко чыгарды.

ЭКИ ДӨӨ КАГЫШСА, ОРТОСУНДА БЕЙАЖАЛ ЧЫМЫН ӨЛӨТ
Биз сөз кылып жаткан маршруттук каттамдын Келечек конушундагы токтоочу жерине барганыбызда конуш тургундары топтолуп калышты. Алардын айтымында, аталган каттам жарытылуу иштебейт. «224-маршрут Келечектин маңдайына жазылган балээ болду» дешет алар. «Тиешелүү жерге арыз да жазып көрдүк, дале оңолбоду. Көрсө, булардын ич ара ыйкы-тыйкысы бар экен. Жетекчи менен бригадир урушуп жатканын уктук. Эми ички урушун четке коюп, коомдук унаа болгон соң элди учурунда ташып турушпайбы?»- дешет.

«ЖУМУШТАН СЕБЕПСИЗ КЕТИРГЕН ЭМЕСМИН»
Шоопурлардын маселесинде айып тагылып жаткан жетекчи Кубан Исманов азыркы бригадирин, кадрлар бөлүмүнүн кызматкерин ээрчитип, документтерин көтөрө келиптир. «Мен уруксат бербесем деле сүрөткө, камерага тарта бересиңерби?» деп ачуусун араң басып отурган жетекчиге жөн гана суроо узатып, жооп алдык.
– Арыз боюнча таанышсыз да, тиешелүү жактан текшерүүлөр жүрүүдөбү?
– Арызда жазылгандын бири да чындыкка дал келбейт. Себеби 34үнүн 21и «бизди алдоо жолу менен арыз жаздырып алды» деп мага кайрылуу жазып беришти. Бул бир, экинчисинде ошол эле балдар Башкы прокуратурага: «Жазылган арызды туура эмес деп айтабыз. 2010-жылы айдоочулардын ичинен чыккан топ «жол баракчаңарды бергиле» деп чогултуп алды. «Патент менен мэриянын салыгын азайттырабыз» деп алдоо жолу менен бизге кол койдуруп алышыптыр. Биз 1-январь күнү кайра жумушка чыктык. Кубан Исмановго эч кандай 300 доллар берген эмеспиз»,- деп жазып, кол коюшкан. Азыр тиешелүү тараптан текшерүү жүрүп жатат.
– Айдоочулар «жумуштан себепсиз кетирди» деп жатышат?..
– Ар бир айдоочу менен 21 пункттан турган шарттар жазылган келишимдин негизинде иштейм. Бул жерде жамааттык келишим менен жеке келишимди чаташтырбоо керек. Эгерде айдоочу, мисалы, «лицензиясы болуш керек, тамеки тартпоо, жумуштан кечикпөө» сыяктуу пункттарды аткарбай эрежени бузса, жумуштан кетиребиз. Келишимди окуп, баары кол коюп жумушка кирет, мен аларды моюнунан байлап киргиздимби?
Жолдошбек Жусупакунов муну баштоочулардын бири. Ал 2 ай жумушка чыкпай, лицензия алган жок, ошонун негизинде акт жазылып, жумуштан кетти (авт. – экс-бригадир 2008-жылдан 2011-жылдын декабрь айына чейинки лицензияларын мага көрсөткөн). Төртөөнүн лицензиясы жок, экөө өз каалоосу менен кетсе, ошол бригадирдин бир тууган иниси машинасын көрүнгөн айдоочуга берип, өзү жумушка чыкпаганы үчүн иштен кетишти. Жана да толгон-токой акт, рапорттор жазылган, ошонун негизинде 10 айдоочу жумуштан кеткен.
– «Салыкты туура төлөбөйт» деп күмөн санашуу­да?
– Ким акча төлөсө, мен аны салыкка, соцфонд-моцфондго төгөм. Машинасы сынып же колу-буту ооруп, эмгек өргүүсүнө чыгып кетсе, аныкы, албетте, төлөнбөйт. 33 кишиникин төлөп, жетөөнү катып коюу деген – акылга сыйбас нерсе. Жетөөнүн тыйыны болбогон эле акча болот.
– «Акчаны алат да, ашкана, даараткана салганды билбейт» дешет...
– Келечек конушундагы жерибизде ашкана, дүкөн, даараткана бар. «Пригородго» токтогон жайыбызды бир эмес, төрт жолу алмаштырдык. Анан эми мен ар кай жерге даараткана кура бербейм да. Айыл өкмөтү жайында берген эле, анысы жогорку вольттуу линия бар жер экен. Күзүндө жер берди, декабрдын аягында каздыралы десек, экскаватордун казганга алы жетпей койду. Тамак ичкенге фирмага катталган вагон бар. Эсеп-дүмүрчөк (счётчик) коюлуп, электр энергиясы үчүн акы төлөнөт.
– «Мен жеке менчик ээсимин, өз билгенимди кылам» дейт турбайсызбы?
– Мындай сөздү мен эч убакта айтпайм. Мурдагы бригадир ашпозчулардын тамагын бекер жеп, диспетчер аялга акарат келтиргенин өзүнөн сурап тактасаңар болот. Ашпозчулар жооп кайтаралы десе эле аларды иштен кетирем деген күндөрү болуптур.
– Сиз менен сүйлөшүүлөрү диктофондо жазылуу экен...
– Азыр компьютер өнүккөн маалда сөздү буруп койгонго болот. Диктофондогу менин үнүм эмес, 100 пайыз кепилдик берем.

P.S. Диспетчер Сейил айым экс-бригадир анын ар-намысына шек келтирген сөздөр менен сөккөнүн айтса, тескерисинче, Бактыгүл, Назира аттуу ашпозчу айымдар «Эламантранстын» директорунун сөзүн чындыкка туура келбейт дешет.
Араздашкандардын ар бири өзүнүкүн туура деп чыгууда. Эки тараптын таламын жазсак, гезит бетине батчудай эмес. Ал эми айдочулардын бул маселесин тиешелүү тармактар чечип берерине ишенебиз.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айдоочулардын акыйкатыбы же арыз катыбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Talaschik
2011-02-07 07:01:04
Emne kylsanar da jakshylap aidagylachy. Jaiynda inimdi koyup ketken marshrutka aidagan balanyn je pravasy da jok. Myna emi inime jarym jyl boldu aybai kynalyp dagy dele darynalyp jattat, kudai jalgap tyryy kaldy. Birok kim bilet andan kiyinky jashoo kandai bolot, aidoochular akcha dep ele kyikyra berbei ereje menen aidaibyz dep chygyshsa dele bolmok!!!!
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан