Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «150 ОБОНУМ БОЛСО ДА, ӨЗҮМДҮ ОБОНЧУ ДЕГЕНДЕН УЯЛАМ»

Кыргыз маданиятына, Кыргыз эстрадасына эбегейсиз салым кошкон айым. Санаалаштары тамаша-чыны аралаш “Темир айым” деп да аташат. Анткени тартипти сүйгөн, талапты катуу койгон мээнеткеч инсан. Айтылуу “Кыз-Буракты” эчен жылдан бери жаркырата кармап келе жаткан обончу, композитор Гүлшайыр Садыбакасованы 70 жылдык мааракесин утурлай маекке чакырдык.

– Арыбаңыз! 70 жашыңыз кут болсун!

– Бар болгула! Рахмат.

– Концертке даярданып бошобой жатам деп жаттыңыз. Бул жолу концертте кандай өзгөчөлүктөр болгону турат?

– Ооба, бир айдан бери даярданып жатабыз. Концерт коюу мамлекеттик иш-чарага кирип калганын мен кечирээк угуп калдым. Концерт уюштурууну концерт коюп жүргөн адамдар жакшы билишет. Бул көзгө көрүнбөгөн, таразага тартылбаган чоң нерсе. Буюрса, баарын орду-орду менен уюштуруп, жакшы концерт берели деп турабыз. Концертти Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, “Нур” эстрадалык-симфониялык камералык оркестри коштойт. Концертте, негизинен, мен жазган ырлар жана обондор ырдалат. Улуу муун, орто муун, кичүү муундан турган бардык эстрада жылдыздары катышат. Андан сырткары ырларыбызды бул жагы Кытай, тиги жагы Өзбекстан, ары жагы Казакстандан бери ырдап жүргөндөр бар экен. Алар да келип, менин ырларымды ырдашат. Режиссёрлор, балетмейстерлер иштеп жатышат. Угуучуларыбыз үчүн дагы бир жагымдуу кабар болсо керек, концертке “Кыз-Бурактын” 4 алтын курамы катышканы турат.

– Жакшы. 70 жашка чыктым дегениңиз менен, 70 жаштагыдай көрүнбөйсүз. Жаштыкты сактоонун сырларын сурайынчы...

– Мен сулуулук, жаштык үчүн эч кам көрбөйм. Бетиң кургап кетсе вазелин коюп аласың (күлүп). Бетиң майланышып кетсе май жегенди, куурулган тамакты азайтып, табигый жөрөлгөлөр менен эле жашап келе жатабыз. Албетте, керектүү мезгилде крем-сремден пайдаланып коёбуз. Комплекстүү кам көрүү, комплекстүү косметика пайдалануу деген жок менде. Бирок гимнастика жашоомдогу эң жакын жолдошум. Эртең мененки багымдат намазы, андан кийин сөзсүз түрдө 40 мүнөт гимнастика жасайм.

– Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө 50 жылга жакындаптыр. Бул тармакта жүрүп эмне таптым деп айта аласыз?

– Атак-даңкка, кадыр-баркка ээ болдум. Ак эмгегимдин артынан элдин урмат-сыйына татыдым. Кайсы жерде жүрбөйүн Гүлшайыр Садыбакасова деп таанып, ыраазычылык айтып турушат. Жок дегенде бир күндө 30-40 адам менен сүрөткө түшөм. Ошончо адам менен баарлашам. “Кыз-Бурак” болсо кыргыздын бренди катарында бүгүнкү күндө атактуу, даңктуу эстрадалык топко айланды. “Кыз-Бурактын” ырлары менен үйлөнүп, күйөөгө чыгып, жашоосун шөкөттөгөн үй-бүлөлөр көп. Бул биздин чоң бактыбыз. Учурунда ансамбль түзүү мода болчу, канчалаган ансамблдер түзүлдү. 500гө жакын ансамблдин ичинен бүгүнкү күнгө чейин өмүр сүрүп, азыр деле кызматын көрсөтүп эл арасында жүргөн – бул бир гана “Кыз-Бурак” тобу. Ошону менен сыймыктанабыз.

– Артка кылчайып, кайсы бир иштерди туура эмес кылып койгон экенмин деп өкүнгөн учурларыңыз барбы?

– Жашоодо баары болот, балам. Кубануу, сүйүнүү болот. Көп жолу кубанасың, бир нече жолу кайгырасың. Бул баарыбыздын башыбыздан өтүп келет. Мен азыр бир эле окуяны бөлүп айта албайм. Себеби бир нече көңүл калтырган окуялар болду, бир нече жолу “ушуну туура эмес кылып койгон экенмин” деп өкүнгөн учур болду. Ошентсе да 90 пайыз жасаган ишимден кубаныч гана алып, ийгиликке жетип келдим.

– Мүнөзүңүздү дайым “темирдей бекем” дешет, эркекке тиешелүү сыпаттар менен сүрөттөшөт. Аялдык назиктик жеңип, ыйлап калган учурларыңыз болобу?

(Күлүп) аял эмес, азыр эркектер деле ыйлашат. Жашоо ушундай катуу болуп кетти, турмуш аябай оор жакка ыктап турган мезгили. Ооба, ыйлаган учурлар болот, болгон. Мен деле аял кишимин, мен деле энемин, мен деле ургаачымын. Ал кездерди ойлогондо азыр, албетте, жаман элестөөлөр болот. Ыйлаган учурлардын артында сөзсүз көңүл калуулар, сага душмандык кылгандар, жашоодогу кыйынчылыктар бар.

– Эң жакын досуңуз ким же эмне болду?

– Мына, сен жашсың да, жашоодо бир дос деген болбойт. Убакыт өткөн сайын достор да алмашат, жакын курбуларың да алмашат. Бай болуп жашасаң корооңдо досуң толо болот. Бир аз эле колуң жукара түшсө алардын саны азаят. Арасынан бирөө же экөө эле калат. Менин да досторум көп, көпчүлүгү эркектер. Студенттик кезден баштап жигиттер менен дос болгонмун, ошол жигиттер менен, мына карылыктын алгачкы астанасында турабыз, азыркы күнгө чейин достугубузду жоготпой, жакшылык-жамандыктарда бирге туруп, ар дайым ынтымагыбызды көрсөтүп келебиз. Аял кишилерден да досторум бар. 2-3 досум каза болуп калды.

– Кечиримдүүсүзбү?

– Ар түрдүүмүн. Кээде аябай кечиримдүүмүн. Кек сактап калбайм. Анан аябай көңүлүмдүн түпкүрүнө чейин ооруткан адамдарды такыр кечире албайм.

– Жыл башында Оштогу филармониянын директорлук кызматынан кеттиңиз. Филармония сиз келгенде кандай эле, кеткенде кандай болду?

– Филармония үчүн мен өтө чоң иштерди кылдым. Мен келгенде филармония деген аты эле бар болчу. Ошол кезде жамаат жаңыдан кинотеатрдын имаратына көчүрүлүп жатыптыр. А кинотеатрдын бир залы өрттөнүп, талкаланып ажатканага айланып кеткен экен. Мына ушундай абалдагы имаратты биз бутуна тургуздук. Капиталдык оңдоп-түзөөдө талыкпай иштеп, эки залын тең жаркыратып, биринчи канайымыбыз Майрам Акаеванын эки чоң иш-чарасы биздин залда өткөн. Ошол күндөн баштап оңдоп-түзөөдөн өткөн филармонияда эмгектендик. Жамаатта ал кезде 57 эле адам иштечү, мен чуркап жүрүп, өкмөткө кайрылып отуруп 150 штатка жеткирдим. Бүгүн 150 адам эмгектенет. Жылытуу системи жок эле, чуркап жүрүп жылытуучу системди киргиздим. Бир да аккордеону, бир да комузу жок жамаатты аппаратура, музыкалык аспаптар, формалар менен камсыздоого жетиштим. Ошол кездеги президентке кирип жүрүп Мерседес автобусун алдык. Ушинтип кадыр-баркымды салып, кайра-кайра ызылдап жүрүп ошол жердин материалдык-техникалык базасын сонун кылып чыңдадым.

Ал эми оңдоо иштерин мен кыла албайт болчумун. Себеби андай иштерге мамлекеттен акча бөлүнбөсө болбойт, 3000-4000 чарчы метр чоң имаратты оңдош үчүн жок эле дегенде 100 миллион сом кетет. Андай акча жоктугунан биз толук кандуу оңдоп-түзөө кыла алган эмеспиз. Бирок чыкыйтып, косметикалык оңдоп-түзөө кылып, мен иштеген 22 жыл бою бүткүл иш-чараларга активдүү катышып, биздин артисттер бийик деңгээлге жетишти. 5 Эл артистин, 10го жакын Эмгек сиңирген артистти өстүрдүк, 20га жакын артистибиз Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисине ээ болду. Ошол сыйлыктардын артында дайыма жаркырап Гүлшайырдын эмгеги турду. Себеби менин катуулугумдан, тартипти бекем кармагандыгымдан, ошол эле учурда музыка дүйнөсүн терең түшүнүп, репертуарларды жаңыртып, өнүктүрүп, ар кандай ансамблдерди, 40 адамдан турган оркестрге чейин түзүп өнүктүрүп-өстүргөнүмдөн болду. Бүгүнкү күндө өзүмдү өтө бактылуу сезем.

– Маекти сиздин обондоруңуз, ырларыңыз тууралуу сүйлөшүп аяктасак...

– Обончу, композитор катары 150гө жакын обон жаздым. Алардын ичинен 70 обонум “Кыз-Бурактын” жана башка кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусунда ырдалып, элге таанылып, жакшы деңгээлге өсүп чыгып, эли-журтубузга кызмат кылып жатат. Муну менен өтө сыймыктанам. Өзүмдү обончу дегенден кээде уялам. Мен обончу катары эмес, “Кыз-Бурактын” жетекчиси катары элге таанылдым. Бирок так ошол “Кыз-Буракты” ырдатыш үчүн, ал кезде эстрадалык ырлар, обондор жоктугунан, музыкалык билимим болгондуктан, фортепианодо, аккордеондо эркин ойногондуктан ыр чыгарганга аракет кылдым. Көпчүлүгүнүн сөзүн да өзүм жазгам. Ошентип концерт койгон сайын 3-4 ырым ырдалып, жыйналып калган экен. Мына эртеңки маараке-концертимде 40ка жакын ырым аткарылганы турат.


– Концертиңизди жакшы өткөрүп алыңыз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан