ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Болду, Шамэл, ыйыңды бас. Ичиндеги бугун чыгарып алсын деп жөн койсом басылчудай эмессиң. Ыйлагандан пайда чыкмак беле? Канча ыйласаң ошончолук чөгөсүң. Андан көрө кел куран окуйлу,- Алтынбек узакка ыйын баса албай отурган Шамэлдин жанына келди.

Шамэлдин күйүтү чоң эле. Артты карап саресеп салса 10 күн ыйласа дагы аздык кылчудай абал. Бирок 10 күн ыйлап турмушту жакшыртууга, каталарды оңдоого болсо, анда көйгөйлүү, армандуу адам калбаса керек эле бул жашоодо.

Экөө куран окуп алып, айылды көздөй сапар алышты. Үн-сөз дебей ар кимиси өз ою менен алек. Эки айрылыш жолго жеткенде Шамэл токтоп калды.

– Жүрү, Шамэл, үйдөн тамактанып алып анан кет.

– Чоң рахмат сизге, Алтынбек байке, мен үйгө бара берейин. Тамакка деле табитим тартпай турат,- Шамэл кыйылды.

– Мейли анда, Шамэл, сен үйгө барып эс ал анда. Кандай жардам керек болсо жаныңда мен бармын. Жалгызмын деп өксүбө, зарыл болсо мени менен кеңеш,- Шамэлдин колун бекем кысып койду Алтынбек.

Шамэл унчукпай башын ийкеп, көзүн жумуп, макул дегендей ишарат кылды.

– Баса, Шамэл, кечинде сени күтөм. Кобурашып отуралы, жалгыз эмне кылат элең. Эч тартынбай өз үйүңө келгендей келе бер. Бүгүн бешбармак жасатып сени коноктоюн,- деп айтып жообун күтпөй эле Алтынбек жолун улап кетти. Анын бул мүнөзү Шамэлге тааныш. Өзүнүн айтканына каршы пикирди кабыл албайм дегени.

Шамэл айылдан четирээк жайгашкан ата конушун көздөй келе жатты. Үйүнүн көрүнүшүн элестетти. Дайыма очокто от жагылып, апасы күйпөлөктөп эле эч жаны тынчу эмес. Атасы тамак бышып калган учурду болжолдоп тоо этектей бастырып ышкырып үйдү көздөй келе жаткан болот. Үйдө ата-апасы экөө эле болсо дагы көп киши жашагандай бака-шака түшүп, үйдө дайым жагымдуу атмосфера болор эле. Азыр болсо үй-жайдын көркү кетип, кыштын ызгаарына тоңуп калгандай сумсайып турганы алыстан эле билинет.

– Эх,- деп терең улутунуп, улам-улам оор үшкүрүнүп бир топко эки жакты карап отурду да, анан үйдү жыйноого киришти. “Жыйнаарын го, жыйнайм, бирок мен мында жашай аламбы? Эмне иш кылам? Мындан ары кандай күн кечирем? Үйлөнөмбү, мага башын байлай турган жар табылабы? Кайдадыр кетсемби?.. Жашасам да, жашабасам дагы үйдү, короо-жайды жыйнап коёюнчу” ,- деди.

xxx

Жакыповго жолуга турган ыңгайлуу күндү күтүп жүргөн Айзадага чоочун номерден чалуу келди.

– Айзада, бул мен Ася эжең. Сенин жылдыздуу саатың жакындап калды. Биздин ВИП-бөлмөбүз даяр, эртең же бүрсүгүнү сен Жакыповду кабыл аласың.

– Мен эмне кылышым керек болот?- деп суроо салды Айзада.

– Сен өзүңдү моралдык жактан даярда, кандай кийинесиң караштыр. Баса, сенин документиң керек алдын ала.

– Эмнеге документ?

– Жакыпов сенин ким экениңди тактатып алып анан келет. Ал баары менен эле жата бербейт. Ал өз коопсуздугунан коркот,- Ася адатынча жалган айтты. Ал эптеп эле Айзаданын документтерин алып коюуга аракет кылып жаткан.

– Ася эже, мен документ бере албайм. Биз Гуля эже менен антип сүйлөшкөн эмеспиз. Жакыповго Кадыралиева Айзада деп айтып коюңуз. Аябай эле керек болсо тактатып алат.

– Баары бир келишим түзөсүң да, биз сенин акчаңды так бербей коёт деп коркпойсуңбу?

– Жок, Ася эже, мен сиздерге ишенем. Анан дагы Гуля эже экөөбүз эбак эле келишим түзүп койгонбуз.

– Тут-ту-ут,- байланыш өчүп калды.

– Хм, өзүн ким сезип алган бул? Көргүлүктү көрсөтүп коёрумду билбейт го,- Ася өзүнчө сүйлөнүп калды.

– Эй, Гуля, жанагы тибиреңдеген кызыңды жолотпой эле койсок кантет, мага эч жакпай турат. Ашыкча эле тың го, тимеле тибиреңдейт,- Ася Гуляга кирди.

– Ася, ал бизге керек кыз. Андан зыян деле көрбөйбүз.

– Эмне эле ал кызга жан тартып калгансың билбейм. Акыркы күндөрү жакшы адам болуп баратасыңбы эмне? Жакшы адам болууга аракет кылбай эле кой, Кудай экөөбүздү баары бир кечирбесе керек.

– Болду, Ася. Ал кызды мага кой. Сен берки кыздарың менен иштеше бер. Ага эмне баш оорутасың.

– Сен акыркы күндөрү жаман өзгөрдүң. Бирөөнү сүйүп калгандан соо болсоң экен иши кылып,- деди да, сыртка чыгып кетти Ася.

xxx

Дайыр менен Алтынай ресторанда тамактанып отурушту. Уулу бир атасын карап, бир апасын карап өзүнчө бактылуу. Балдардын жүзү эч нерсени жашырбайт дейт го. Ата-энесинин бир жүргөнүнө кубанган Алан кудуңдап бир орунга тура албай ойноп жүрдү.

Алтынай уулунун минтип көңүлү ачык жүргөнүн көптөн бери көрө элек эле.

– Экөөбүз эл катары чогуу жашап, ушул баланы чогуу чоңойтсок болбойт беле. Карачы, кандай бактылуу?- деди Алтынай терең улутуна.

– Алтыш, буюрса, баары болот. Мен эми оңолом.

– Дайыр, сенин оңолом дегениңе канча болду? Дайыма эле убадаңды бересиң. Бирок жыйынтыгы жок болуп жатпайбы.

– Сен менин оңолорума ишенесиңби?

– Дайыр, кеп менин ишенген-ишенбегенимде эмес. Мен сенин айтканыңа канча жылдан бери ишенип эле келе жатам го, үмүтүмдү эч качан үзбөй. Мен эмес, оңолоруңа, арактан алыстай аларыңа өзүң ишенишиң керек биринчи. Өзүң ишенсең, анан ишенимдүү түрдө жеңе аласың да. Сен башкалардын ишеничине көз каранды болбо. Сен биринчи өзүңө далилде оңоло аларыңды. Апам минтти, атам тигинтти деп аларга карай бербе. Алар деле сенин оңолоруңдан үмүтүн үзбөй жүрөт да, болбосо эбак сага акча бергенин, сенин көйгөйлөрүңдү чечкенин токтотмок. Атам-апам сенин жаман болушуңду каалап жатат дейсиңби?

– Туура айтасың... Ушунча убакыттан бери эки бөлөк жашап жүрүшсө дагы, кайнене, кайнатасын атам-апам деп жатканына ичинен кубанып турду.

– Сага ыраазымын, Алтынай. Башка бир акылсыз аялзаты болгондо биринчи күнү эле мага өчөшүп, баланы ата-энеме таштап туруп күйөөгө тийип кетмек. Сен анткен жоксуң. Кандай абалда барсам дагы мага болгон сыйыңдан тайбай келесиң.

– Мунун баары Алан үчүн,- деп койду Алтынай кыска гана. Сага болгон сүйүүмдү жок кыла албай койдум деп айтат беле, жок. Аны айтпайт. Бирок анын көздөрү бул нерсени жашыра албайт эле. Көзүнөн жаш айланып кетти. Аңгыча Алан жүгүрүп келип калды.

– Апа, апа, сен эмне ыйлап жатасыңбы?- эмне ыйлаттың дегенсип Алан атасын жаман көрө карады.

– Жок, балам, ыйлаган жокмун. Жөн эле бул пияздан көзүм ачышып кетпедиби,- деп тарелканын четине салынган пиязды көрсөттү.

– Аа... - Пиязды урушайынчы анда,- деп Алан тамакка жакын келди.

– Эй, пияз, апамды ыйлатпа,- деп кичинекей муштуму менен пиязга тап берип койду.

– Жаным десе,- Алтынай Аланды кучактап калды.

Бул учурда Дайыр тамактын акчасын төлөгөнү официант кызга банктык картасын сунду.

– Байке, бул картаңыз өтпөй жатат. Ичинде акча бар беле?

– Ооба, бар болчу. Эмнеге өтпөй жатат болду экен? Апасынын сөзү эсине түштү “эми үйгө түнөбөй турган болсоң картаңды блокко салдырып коём, өзүң акча таап жыргал жашооңду уланта бер” деп урушпады беле.

– Түндө үйгө барган жокмун да,- башын мыкчыды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан