МАНДАРИНДИ КҮНДӨ ЖЕСЕ ЭМНЕ БОЛОТ?

Дүкөн, базарларда мандариндин көбөйүшү – жаңы жылдын жакындап келе жатканынын белгиси. Майрамдык маанай тартуулаган бул жемишти күндө жесе эмне болот?

Пайдасы

Көпчүлүктү жыпар жыты, даамы менен өзүнө тарткан мандариндин мекени Кытай болуп саналат. Бул цитрустун эки миңден ашык түрү бар. 100 граммдык мандаринде болгону 30-40 калорий болгондуктан, толуп кетем деп коркпой жей берсе болот.

Мандариндин курамында пектин, лимон кычкылы, А, В1, В2, В6, С, D, К, РР витаминдери, андан сырткары калий, кальций, темир, магний, фосфор, натрий жана башка пайдалуу минералдар бар. Күз-кыш маалында мандарин адамдын организми үчүн витаминдин булагы болуп, сезгенүүлөргө каршы, көтөрүлгөн дене табын түшүрүүчү, антибактериалдык мыкты каражат болуп берет. Андан сырткары антидепрессант, нерв системин бекемдейт, тамак сиңирүү процессин тездедет, иммунитетти бекемдейт, организмден ашыкча сууну чыгарган касиети да бар. Бирок организмге пайда эмес, зыян келтирип албаш үчүн мандаринди канча өлчөмдө жана кимдер жеш керектигин билип алыш керек.

Зыяны

1. Бардык эле цитрус жемиштери сыяктуу мандарин да ичеги-карын трактынын былжыр челинин сезгенүүсүн жаратат, ашказандын кычкылын көбөйтүп жиберет, натыйжада ашказан жарасы же гастрит дарты пайда болушу мүмкүн.

2. Аллерген. Мандарин дагы аллергия жаратуучуларга кирет. Андыктан бул жемишке аллергиясы барлар алыс качышы керек. Болбосо денесине бөрү жатыш чыгып же анафилактикалык шок абалына чейин жетиши мүмкүн.

3. Мандариндин курамындагы айрым активдүү заттар тиштин эмалын бузат. Тиштин кенедей жаракаты болгон учурда да мандарин жегенге тыюу салынат.

4. Диабетиктерге, ашказан, ичеги-карын, бөйрөк оорулары барларга мандарин сунушталбайт.

Эскертүү! Мандаринден пайда алып, жогоруда айтылган терс касиеттеринен качуу үчүн күнүнө 2 даана мандаринден ашык жебеш керек!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан