"КАЛКТЫ ТОНОП ТУРГАНДАР, КАЛСАЧЫ ГАНА БАШЫН ЖЕП..." Төкмөлөр агынан жарылышты

Саяктар, Баян Акматов атындагы көчө... 27-ноябрь күнү Бишкектеги улуттук филармонияда өткөн төкмө акындар айтышында Калык Акы уулунун 140 жылдыгы ырдалып, андан кийинки эле негизги тема ушулар болду. Залды ойлонткон, ойготкон учурларга бай айтыштагы кызыктуу учурларды баяндап берели.


“Матизиң мага чыдабайт, мен Жип менен жүрчү баламын...”

Айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, улуттук “Манас” театры жана Жумгал райондук администрациясы уюштурушту. Тандоо туруна 30дан ашык төкмө катышып, арасынан 14 акын суурулуп чыккан. Ошол 14 төкмө өнөр сынашты филармониянын төрүндө. Адаттагыдай жуптар чүчү кулак аркылуу аныкталды. Чү дегенде эле айтыштын ак жылдызы Изат Айдаркулова менен устаттын мыкты шакирти Элмирбек Иманалиев сахнадан орун алышты. Эки акын Калык Акы уулу тууралуу орундуу кеп ташташып, бири-бирин бир аз тамашалашты. Элмирбек Иманалиев “Келсең эмне жибек кыз, келинди кантип сүйөсүң? Ажыратып албайын, алда кимдин бүлөсүн” деп эжесине батынып тийише албады.

Бул жолку айтыштын жалгыз төкмө айымы Изат Айдаркулова акын кыздар көбөйсүн, сахна көрккө бөлөнсүн деген тилегин айтты:

“Бүгүн 13 эркек, жалгыз кыз,

Отурган элим бир көрсүн.

Жайнаган тикен ичинен,

Жалгыз да болсо гүл көрсүн.

Шагырабай эркектер,

Сахнабыз кооз түрлөнсүн.

Жалгыз мен чыкпай айтышка,

Акын кыздар көбөйүп,

Анан айтыша турган күн келсин”.

Булардын артынан сахнага Асылбек Маратов менен Мамбеттокто Мамбеторозо уулу чыкты. “Тийишпей ырда, Аскең, азыр түптүктөрдүн заманы” деп түптүк болуп алганын айтты кытайдан келген Мамбет акын. Асылбек мырза да жөн карап турмакпы, “Кечээ эле келип Мамбетим, азыр түптүк болуп алыптыр. Ал ырас, азыр түптүктөрдүн заманы. Силерден “чёрныйлар” коркуп жатканда, “чепуха” го Асылбек” деп залды дуу күлдүрүп, азыркы замандын көйгөйлөрү тууралуу да кеп чуурутту. Асылбек акын “Мансап, байлыкка кызыкпай, экөөбүз Матиз менен эле жүрөлү” деди эле, Мамбет мырза “Матизиң мага чыдабайт, мен Жип менен жүрчү баламын” дебеспи. Буга жооп кылып “башыңа иш түшсө, Матизди, досум, мындай кой, сени Тикого деле батырат” десе, Мамбет акын “кыргыз үчүн жөө жүрсөм деле кайылмын” деп абалдан чыкты. Берилген убакыт бүтүп калганда Мамбет акын “Кетпесем болбой калды окшойт, Асылбек мени досум дей баштады” деп тамашалады эле, Асылбек “инимди дос дей баштадым. Дагы беш мүнөт айтышсак, ава деп деле баштаймын” деди. “Менин жеңгеним ушул, туугандар, өзүнөн кичүү баланы ава дедирттим арман жок” деген сап менен айтышты жыйынтыктап, жуптар сахнадан кетишти.

Жаш акындын колунда Жеңижоктун комузу...

“Элүү бешке чыксам да, окуучуларым менен бүгүн бир айтыша коюш кыйынбы?” деп баштады Саргашка акын Амантай Кутманалиев шериги Садырбек Турдубек уулуна карап. Бул жуптун айтышы Жеңижоктун комузун ырдап уланды:

Жеңижок Өтөнүкү турбайбы,

Өзүң комуз кармаган.

Сенин колуңа тийип калганы,

Ал буйруктан го деп таң калам.

Мен деле 15 жылдай илгери,

Токтогул деген жериңден,

Кетмен-Төбө элинен,

Алып келип бир комуз,

Токтогулдун комузу,

Жанагы Аалы Туткучовго арнагам.

Ошондон бери карата

Ал колунан түшүрбөй дайым кармаган.

Бирок ал деле күндө берем деп

Бербей койгон кайрадан.

Муну кимден алдың деп айтса,

Атпай журтум билишпейт,

Анын айтпаганына таң калам”.

Буга жооп кылып Садыр мырза мындай деди:

“Аалы акын комузду,

Сатып алдым деп айтты эле.

Белекти берсе башкалар,

Башкага качан сатчу эле?

Сактасаң болмок сатпастан,

Сары кашка жакшы эле.

Анткени Токтогулдун комузу,

Жеңижоктун комузу,

Жандан кымбат эмеспи.

Саны жок, баасы жок болгон,

Малдан кымбат эмеспи...

Эмкиде башка комуз алсаңыз,

Сатпаңыз, устат, кармаңыз,

Иниңиз берсин кеңешти”.

“Бул балам менен кеңешип албаптырмын” деген Амантай акын кеп өңүтүн буруп, окуучусун алым сабак айтышка чакырды. Андан ары алым сабак уланды.

Төртүнчү жуп болуп сахнага Баян Акматов менен Чыңгызхан Кожошев чыкты. Баян айтыштын башында эле баш байге алам деп чыкканын тамаша менен айтып отурду. Кожошев болсо учурда “Манас” театрында директордун орун басары болуп иштеп жатат. Баян акын анын кызматына тийишип ырдаганга жетишти. “Көк жалдыгы акындын, Көзү тирүү кезинде, карачы, көчөгө атын койдурган” деди Чыңгызхан. Сөзүнүн жайын түшүндүрө минтип улантты: “Тээтиги Ак-Ордого барсаңыз, Акматов Баян жашаган, “Акматов Баян” деген көчө бар. Тирүүлөй атын бердирген, ошондой акын, карагым”. Баян акын кантип өзүнүн аты көчөгө ыйгарылып калганын түшүндүрдү:

“Өзүм барып догурунуп койгон жокмун.

Кошуналар сөзгө көнбөй сала берди.

Айтсам болбой көгөрүштү кошуналар.

Атым менен фамилиямды тага берди...

Өмүрлүү болгун дешип кошуналар.

Өлгүчөктү сыйлайлы деп мага берди”.

Ар кандай обонга салып төгүп көрүүчүнүн купулуна толуп жаткан Баян акынды карап “Жыл башынан бери карай, Баке, бир финалга сыйбадың. Жыл аягы келгенде бүт финалды чогултуп, бүгүн кол чабууну жыйнадың” деди Чыңгызхан акын.

“Үйлөнгөндөн кийин түн кыскарат экен”

Кезек Азамат Болгонбаев менен Арген Биймырза уулуна жетти. Негизинен олуттуу айтыш курган Азамат акын жакында эле үйлөнгөн Аргенге тийише “Кандай экен үйлөнгөн?" деп суроо салды эле “15 жыл өтүп арадан, үйлөнгөн кандай экенин унутуп калган окшойсуз” деген Арген үйлөнгөндүн жакшы-жаман жактарын санап берди.

“Жакшы жагы, байке

Бир бөлмөдө эки жаш,

Бир жаздыкта эки баш.

Баарынан дагы, байке,

Кызыгын көрөт турбайбы

Кылтыңдаган эки каш.

Жаман жагы, байке,

Тийише албай кыздарга,

Тил кыскарат экен го,

Лирика жаза албастан

Ыр кыскарат экен го.

Анан эски таанышты көргөндө

Алыстап качып көрүнбөй, баарынан

Сый кыскарат экен го.

Анан баарынан да армандуу

Жатсаң уйку канбаган, байке

Түн кыскарат экен го”.

Азамат акын “эмитен эле кыскарсаң, иним, баш ийгенсиң го келинге” десе, “30 жыл алып чабышпай, шыр эле бердим жүгөндү. Сен жүгөндү бердиң дебегин, байке, сизден үлгү алып жүргөн баламын” деди жаш акын. Андан кийин тамаша кепти токтотушуп, Калык Акы уулун даңктап ырдашты. Азамат акын улуу катары Аргенге кеп-кеңешин айтууга үлгүрдү.

Саяктар даңкталды, макталды...

“Калык атам саяк да, демек, саяктарды ырдаймын” деп баштады сөзүн өзү да саяк уруусунун урпагы экенин айткан төкмө Турат Жумаев. Саяктар менен бир мактанып алышка шарт түзүлгөн экен, Турат акын мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок. “Кыргызда эки эле уруу бар дешет. Бирөөсү саяктар, бирөөсү саяк эместер” деп бул уруудан чыккан кыйындарды санап берди. “Илон Маск менен Ленин да, саяктын жээни деп жүрөт, тарыхтан аны тактасак. Айфон ачыш кеп бекен, машина жасаш кеп бекен, мактап койсоң саяктар, буюрса, Марска да жашоо башташат” дейт Турат акын.

Төкмө Акматбек Султан уулу “бүгүн саяктын тою болгон соң, кыргызды да саяктан чыкты десең жарашат” деп баштап, теманы улай “менин да жаңыдан курган чарбагым, саяктардан жат эмес. Саяктан аял алгандар түз эле бейишке кирет дегенинен саяктан аял алганмын” деди. Бири күйөө бала, бири кайнага боло калышып, бири-бирине тийишип ырдашты акындар. Турат Жумаев өлкөдө актуалдуу болуп турган маселе, көчөгө ташталган балдар тууралуу сөз козгоду. “Эркекти да, кызды да тарбиялашыбыз керек” деп кейиди ал.

Андан кийин Абдували Акимбеков менен Темирбек Матыбаев сахнага чыгышты. Абдували акын улуу катары алкап, батасын берип, кеп-кеңешин айтып ырдады.

Азыр карап отурсаң,

Ээрчиди бири батышты,

Ага жүрөк ачышты.

Туурашып бирөө арабды,

Туура эмес жолго баратты.

Эсине албай конушту,

Ээрчиди бири орусту.

Таң калам качан ойлойбуз

Таза кыргыз болушту?” деп төккөн жаш акын Темирбек Матыбаев “Эл үчүн барам баарына” деп кыргыз үчүн күйүп турганын билдирди. Абдували акын Жумгалга Калык Акы уулунун атын ыйгаруу сунушун айтты.

Азамат Болгонбаев марттык кылды

Ушуну менен упайлар эсептелип, финалда айтыша тургандар аныкталды. 70тен упай алып Асылбек Маратов, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу алдыга озуп чыкты. Темирбек Матыбаев, Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, Азамат Болгонбаев 69дан упай алышты. Айтыштын салты боюнча жашы улуусу Азамат Болгонбаев финалга чыкмак. Бирок ал сахнага чыгып, “Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын сөз чыкпайт” дейт туугандар. Быйыл 3 байге алыптырмын, ошондуктан кезегимди берем. Салт боюнча улуусу алдыга чыгышы керек, андыктан маңдайы да жарык, таңдайы да жарык болуп баарыңыздарды шаңга бөлөгөн Мамбет акынга кезегимди бердим” деди марттык кылып.

“Менден улуу устатым деп, Жеңишбектей агама көчөнү берип койбопсуз”

Чүчү кулак кармалып, Баян Акматов менен Асылбек Маратов, Мамбет акын менен Акмат акын бири-бирине туш келди.

“Башкалар Калык атаны көргөндөй эле ырдап жатышат. Ачык айтып коёюн, мен анчалык Калык атамды биле албайм. Билбеген үчүн уялбайм” деп билгенин, анын өмүр таржымалын айтып берди Баян акын. Асылбек Маратов да Баян Акматов атындагы көчө тууралуу айтпай койгон жок.

“Ак-Ордонун төрүнө,

Барып алган окшойсуң.

Кошуналарыңдын баарына,

Кошомат кылып отуруп,

Бир көчөнү өзүңө,

Алып алган окшойсуң” деген Асылбек акын сөзүн андан ары “бир көчөнү алыпсың. Арманың жок экен го, өлө берсең болчудай” деп тамашалап улантты:

“Кезинде Союз Калыкты

Көтөрөлү деп келгенде

Калыкта анда нарк болгон

Ой, мени эмне кыласыңар?

Мен Токтогулдан үйрөнөм деп

Жообу дагы шарт болгон.

Анан сиз дагы көп нерсени ойлопсуз

Өзүңүздү өзүңүз

Залкар өңдүү болжопсуз.

Менден улуу устатым деп

Жеңишбектей агама

Көчөнү берип койбопсуз.

Акындар болдубу салты жок?

Акындарбы баркы жок?

Улууларды ойлобой

Устаттарды ойлобос

Намысы жок болдукпу?

Насили жок, наркы жок?” деди Асылбек мырза.

Бул теманын кайра-кайра көтөрүлүшү Баян мырзага жакпай калды окшойт. “Менин көчөм жөнүндө, сен эле калдың айта элек” деп, Асылбектин айткандарын ич күйдүлүк деп кабыл алды:

“Көрүндүк бермек, а балким,

Ичи кенен бирөө болгондо.

Көрүндүк эмес балээ жок,

Булар жактырбай ырдап жатышат.

Ой, Асылбек, чырагым,

Кенен болсоң болбойбу,

Арстанбек бабам сыяктуу

Терең болсоң болбойбу?” деди.

Асылбек ичи күйбөгөнүн айтып, “бир көчө деген кеп бекен, шаңданып ырдап кыргызга, Баяным, шаар салып алгын кааласаң” деп теманы жапты да, Калык акын тууралуу төктү. “Калык атам болгондо, эл көйгөйүн ырдап турмак” деп эл ичиндеги көйгөйлөрдү айтты. Коррупция, салыктар тууралуу ачуу сын айтты:

“Жолун кесип, жукартып,

Жолдон жеген андан көп.

Коррупция кылышып,

Колдон жеген андан көп.

Мончодой көрүп ТЭЦти,

Мордон жеген андан көп.

Мамлекеттик иш-чара,

Тойдон жеген андан көп.

Соопчулукка берилген,

Сомдон жеген андан көп.

Айта берсек, Баяным,

Арман деген арман көп.

Карачы, карап олтурсаң

Кыргыздын жеп казынасын

Жыргагандар андан көп

Айтор, айта берсе арман көп

Жанагы өкмөттүн башчысы

Өзүмдүн байкем Акылбек

Негизи өкмөтүбүздө акыл көп

Азыр салыктын түрүн көбөйтүп

ККМди киргизсе да

Кыргыздар турабыз макул деп

Кечээ профицит болду деп

“Пособиени” бербейм деп

Наристелердин ашын жеп

Андай калкты тоноп тургандар

Калсачы гана башын жеп...” деп айткан төкмө өлкөнүн өнүгүүсүн, коррупциянын жоюлушун тиледи.

Кытайдан келген эки акын – Мамбет мырза менен Акматбек акын кез келди.

Акматбек “Ата Журт десең ар дайым, алып учат кыялым” деп туулган жерин эстеп кайрадан ыйлады.

Мамбет: “Азамат устат ырахмат,

Мактанам дайым сиз менен.

Карачы, нарктуулукту көргөздүң, устатым,

Калыктар салган из менен

Азаматтай устатым

Бир кезде жаңы чыкканда

Болотко орун берди эле

Ал тургай 130 жылдыкта

Калык атамдын айтышында

Кубатка ордун берди эле.

Жылдызың жансын деп ал тургай

Жылдызга ордун берди эле” деп акындын айкөлдүгүн айтып ырдады.

Эки акындын тең жубайлары саяк экени айтылып, “сайрасын элдин алдында, биздей саяктын күйөө балдары” деп бажалар айтыш курушту анан.

Айтыштын жыйынтыгында 3-орун Баян Акматовго, 2-орун Мамбеттокто Мамбеторозо уулуна, 1-орун Акматбек Султан уулуна, баш байге Асылбек Маратовго ыйгарылды. Калган акындар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту. Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Айта кетсек, айтыштын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзгөн.

Перизат Музуратбекова

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан