– “Баланы төрөйсүң, бирок кыялын кошо төрөбөйт экенсиң” деп коюшат эмеспи ата-энелер. Анын сыңарындай бир үйдө чоңоюп, бир ата-эненин тарбиясын көргөн балдардын ар биринин ар башка кыялы болот. Биздин үйдө да ошондой, 5 бир тууганбыз, кичинебизде ата-энебизге күнүнө ар кандай “концерт” койчубуз. Апам “Бешөөңөрдүн беш башка кыялыңарга чыдаган бизге рахмат” деп күлүп калар эле.
Азыр чоңоюп, баарыбыз үй-бүлөлүү болдук. Эң улуу эжем Айсалкын экөөбүз дагы деле такыр тил табыша албайбыз. Кичинебизде эле эң көп экөөбүз урушчубуз. Чоңойгондо сый болуп калабыз деп күттүк эле, андай болгон жок. Көз караштарыбыз такыр дал келбейт, мүнөзүбүз, адамдык сапаттарыбыз, жан дүйнөбүз, баары эки башка дүйнө. Келишпестиктер, кайым айтышуу кээде болуп кеткени менен, мен дайыма ынтымакты бузбоого аракет кылдым. Бир тууганым деп төгүлүп-чачылдым, жардам керек болсо эч нерсеге карабай чуркадым, ар кандай мамилесине, ар кандай сөзүнө чыдадым, улуу экен деп сыйладым... Экөөбүз бир айылга турмушка чыкканбыз, жакын жашайбыз. Балдары кичине кезде аларды карашып анын үйүндө жашап эле калгам. Урушуп-талашсак деле жүрө берчүмүн. Бирок азыр ал үйгө кадам таштабайм. Анын да себеби бар.
Бир күнү эжем телефон чалды:
– Айтолкун, батыраак келе калчы. Жездең мас, катуу урушуп жатабыз.
Ичимден ар кандай жаман ойду ойлоп калтырап-титиреп алгам. Бирок үйдөн чыгып жатканда кайненем айтты:
– Толкуш, тим эле койсоңчу, балам. Алар экөө эртең эле табышып алат. Ортодо сен эле жаманатты болосуң.
Кайненемдин сөзүн жактырбай, эжем оор абалда турса ушундай сөз айтат деп жиним келип, “барып келем” деп кетип калдым. Жолдо бара жатып жездеме аябай жиним келди. Үйүнө кирип эле эжеме болушуп урушуп кирдим. Бир маалда баягы урушуп жаткан экөө табышып алып, мени үйдөн кууп чыгышса болобу. Болгондо да эжемден уктум ал сөздү, “Толкун, эмне кыйыкырып жатасың? Үй-бүлөбүздү бузгуң келип жатабы? Үйдөн чыгып кетчи”,- деди эжем. Жардамга барып кайра өзүң күнөөлүү болуп калган сезимди сезип көрдүңөр беле? Бул өтө оор экен, караңгыда, суукта айылда каралбай калган ээн бир үйдүн бурчунда туруп алоолонуп-туталанып ыйлап жаттым, кайненемдин сөзүн эстедим...
Бул окуядан кийин ал экөө эч нерсе болбогондой эле баарын бат эле унутуп коюшту, бирок менин жүрөгүмдө катуу ыза калды. Жарым жылдай сүйлөшпөй жүрдүм. Кийин эжем ооруканага жатып калды, кайра эле балдарын каралашып, өзүнө жардам берип жүрдүм, тиги окуяны унутканга аракет кылдым. Бул бир эле окуя, ушул сыяктуу көңүлүмдү оорутуп койгон учурлары көп. Эжем үчүн, балким, бул нормалдуу көрүнүштүр. Бирок мен үчүн андай эмес. Жүрөгүм абдан назик, ар бир сөздү жүрөгүм менен кабыл алам. Эжемдин дагы бир сапаты бар – бизди ага жардам берүүгө, ал үчүн курмандыктарга барууга милдеттүү деп ойлойт. Ошондуктан рахмат айтып да убара болбойт. Ал кыйналса, акча беребиз, бул эжем үчүн нормалдуу көрүнүш. Анын ар бир ишине жардамга чуркаганыбыз да нормалдуу көрүнүш.
Акыркы тамчы жакында эле тамды. Үйгө конокко келди да, кошуна-туугандын көзүнчө мени жамандап кирди. Анан күйөөм менен сүйлөшүп жатып, “эмне Толкушту тим эле эркелетип жатасыңар? Андай кылбай, минтип эле койгула да” деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатты. Эмне кылганым үчүн мындай кадамга барды? Кийин сүйлөшүп көрөйүн деп чалсам, “ошондой эле болушу керек да, ашыкча эч нерсе деген жокмун” деди. Мен чарчадым окшойт. Бир туугандык мамиле үчүн бир тараптуу аракет кыла берип чарчадым окшойт. Эжемдин мени сыйлабастыгы ашыкча болуп кетти. Болду, мен мындан ары көтөрө албайм, көңүлүм калды, эжем менен сүйлөшпөйм.
Айтолкун