Энеси тууралуу баяндоо, анын сонун сапаттарын, өзгөчө мээримин айтып берүү ар бир балага башкача бир жылуулук тартуулайт болуш керек. Анткени эне-баланын ортосундагы байланыштын күчү өзгөчө. Бала апасы, апа баласы тууралуу айтып бүтө албайт негизи. Бул жолу атактуу музыкант Курмангазы Азыкбаев апасын, анын мүнөзүн, берген тарбиясын эскерет.
“Анча-мынча ооруну оору деп эсептечү эмес”
– Апамдын аты Анапия. Азыр кандай даражага жеткен болсом апамдын мага болгон эмгеги, сүйүүсү, колдоосу менен жеттим деп ойлойм. Эне башкача жан болот экен, болгон сүйүүсүн, мээримин, энергиясын балага арнап жүрүп отурат тура. Кыргыздын салтын, наркын үйрөткөн да апа болот экен. Ата - бата берет, тилек кылат. Сүйүүнүн туу чокусу мээрим да, ал эми мээримди эне берет. Апам кесиби боюнча врач эле, кээде кыргызчылык кылып да балдарды эмдеп-домдоп калчу. Мен көп учурда гастролго чыкканда балдарды апама таштап кетчү элем. Мени гана эмес, менин балдарымды да апам бакты. Кээ бир ооруларда “буга дары-дармек өтпөйт, муну кыргызча дарылаш керек” деп ырымдап эле койсо ооруган бала жакшы болуп кетчү. Анча-мынча ооруну апам оору деп эсептечү эмес.
Анан апам аябай жакшы ырдачу. Мага апамдын ошол таланты өттүбү деп калам. Үйгө конок келгенде же бир жакка конокко барганда, же жөн эле үйдө отурганыбызда деле тилек-батасын айтып келип, аягында ырдап берчү. Ырдын маанисине аябай көңүл бурар эле, укмуш кооз, мукам үндүн ээси болчу, жарыктык.
Бактыга жараша, менин атактуу болгонумду көрүп калды. Мен эле эмес, балдарымдын атактуу болгонун да көрүп 86 жашында каза болду. Канча жашка чыксак да апа деген апа да. Азыр деле апамды жоктойм. Кээде бир кыйын кездер болгондо “апам ушул учурда эмне кылмак, кандай жол тапмак” деп ойлоп калам. Апамдай терең ойлонуп, анан жол таап чыгып кеткен учурлар болду.
“Математикасы жок эле мектепке окуюнчу деп апамды ыйлаткам”
– Мен кичине кезимде аябай тентек болгом. Эми азыр деле токтоно албаган тентекмин дечи, бирок кичинемде бир айыл кеп кылган тентек болгон экем. Бир чети ошондой жаралып калганыма аябай сүйүнөм. Тентек бала өзүнө бир жол издеп, өзүндөгү буркан-шаркан түшүп жаткан энергияга жол табат экен. Тентек болбосом көптүн бири болуп эле калмак болушум керек. Анткени кыргызда “шок бол, шок болбосоң жок бол” деген кеп бар эмеспи. Менин тентектигиме апам гана чыдады. Коңшу-колоң, эл-журттун баары “ай, бул балаңдан эч нерсе чыкпайт” дей берчү. Тентектигимдин айынан эчен мектеп котордум. Апам байкуш “жок, мындан чоң адам чыгат” деп өжөрлөнүп жүрүп эле окутту мени.
Бир жолу тентектик кылганым үчүн апамды мектепке чакырышты. Кыздардын чачтарына пластилин чаптап ойночумун да. Анан алардын апалары баары чогулуп кыздарынын чачтарын кесип келип апамдын колуна карматышыптыр. Колумда тутам-тутам эле чач турат дейт. Эң жаман көргөн сабагым математика эле. Жалаң “2” деген баа алчумун. Апама журналдан ошону көрсөтүшүптүр. Үйгө келсем апам солкулдаган көк чыбыкты даярдап отуруптур. Ошондо “апа, математика сабагы жок эле мектептен окуюнчу” деп бакырып ыйлап жибердим. Байкушумдун боору ооруп кетти да, колундагы чыбыгын ыргытып жиберип мага кошулуп ыйлап кирсе болобу. Экөөбүз тең көз жаш төгүп отурган ошол учурду эстесем алтымышка чыгып калганыма карабай жүрөгүм толкуп кетет.
“Апам жасаган шырдактын үстүндө азыр неберелерим ойноп жүрүшөт”
– Батага аябай маани берчү, мен алыстан барсам дайыма башымдан бир чыны суу тегеретип төкчү. Бир ишим эки анжы болуп калса төлгө салып Кудайга жалынып эле отурчу. Азыр мен ушул нерселерди өз балдарыма колдоном. Алар өз кезегинде балдарына өткөрүп беришсе керек. Кыргыз эли ушинтип укум-тукумга өткөрүп келе жатпайбызбы көп нерсени. Апамдын белектерин сурап жатпайсыңбы, азыр үйдө өз колунан чыккан буюмдары бар. Көлдөлөң, туш кийиз, шырдак дегендей. Анын үстүндө неберелерим ойноп жүргөнүн көрүп мен да сүйүнүп калам. Бул деген таберик да.
“Балага ат койгонду жакшы көрчү”
– Менин атымды апам койгон экен. Менин эле эмес, балдарымдын атын да апама койдурдум. Бул укукту андан эч ким талаша алчу эмес. Неберелүү болгондо гана барып өзүм уруксат сурадым. “Апа, мен ушул неберемдин атын өзүм койсом болобу?” десем уруксат берди.
Апам тамактын баарын жакшы жасачу. Өзгөчө кыргыздын улуттук тамактарын мыкты даярдайт эле. Мен да жакшы жасайм, апамдын ушул сапаты да өттү окшойт мага. Мен Европанын да тамактарын жакшы жасайм.
Апамдын мүнөзү ар кандай болуп өзгөрүп турар эле. Кээде бороон болуп жаткансып ачуусу келип калчу, анан бат эле күн жаркып тийгендей жайдары боло түшчү. Менин да ошондой буркан-шаркан түшмөй мүнөзүм бар. Сөзүмдүн акырында айтарым: апаңарды көзү барда сыйлап, урматтап алгыла. Апа деген кут, байлык болот. Ошону убагында түшүнгөн адам эч качан өкүнбөйт деп ойлойм.
Нуржамал Жийдебаева