БАСКЕТБОЛЧУ ЭМЕС, АКТЁР МАЙКЛ ЖОРДАН

Атасы Американын, негизи эле баскетбол дүйнөсүнүн легендасы Майкл Жордандын күйөрманы эле. Андыктан уулдуу болгондо ойлонбостон туруп ага Майкл Жордан ысымын ыйгарган. Айырмачылыгы баскетболчунун экинчи ысымы Жеффри болсо, жаңы төрөлгөн наристеники Майкл Бакари болду. Бирок атактуунун ысымы Майклга бир топ тоскоолдуктарды жараткан. Азыркыга чейин ал башка Майкл Жордан экенин далилдеп келет. Сөз Голливуд жылдызы, дүйнө элине баскетболчу эмес, актёр Майкл Жордандын атын таанытып жаткан адам тууралуу болмокчу.

Туулган жери: АКШ, Санта-Ана

Туулган жылы: 1987-жыл, 9-февраль

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 182 сантиметр

Үй-бүлөдө: 3 бир тууган, эжеси, иниси бар

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Фрутвейл” станциясы”, “Фантастикалык төрттүк”, “Кара пантера: Ваканда кылымга”, “Крид: Роккинин мурасы”, “Крид-2”, “Крид-3” жана башка

“Кубанычтуу кабар”

Кызыгы, актёрдун атасынын аты да Майкл – ресторан бизнеси менен алектенет. Ал эми апасы сүрөтчү, искусство окуу жайында сабак берет. Майкл төрөлгөндө Калифорния штатындагы Санта-Ана шаарында жашашчу, 2 жылдан кийин гана Нью-Йоркко көчүп келишкен. Андыктан актёрдун өмүр баянында балалыгы, өспүрүм курагы эки шаар менен байланыштуу. Экинчи Бакари ысымынын өзгөчө мааниси бар, байыркы суахили тилинде “бакари” сөзү “кубанычтуу кабар” дегенди билдирет. Ата-эне ысым ыйгарып жатканда баласын дайыма кубанычтуу кабарлар коштоп жүрсүн деп ырым кылышкан.

Буллинг

Бирок ата-эне баласынын буллингге кабыларын билген жок. Азыркы учурга чейин деле билишмек эмес, анткени Майкл Бакари аларга бир да жолу даттанып келген эмес эле. Атактуулукту багынткандан кийин, бир пресс-конференцияда блогер кыз Майклга келип “сен мыкты болдуң! Мени тааныдыңбы?” деген. Актёр аны менен жылуу учурашып, ал-абалын сураган. Кийин гана блогер кыз өз баракчасына Майклдын классташы экенин, убагында классташтары менен биригип алып анын аты-жөнүн “плагиат” деп көп шылдың кылышканын жазып кечирим сураган.

Алгач модель...

Тырышчаак бала болду. Мектептеги окуусу, спорт ийримдери, кошумча жумуш да издечү. Андыктан Майклдын эмгек жолу 10 жашка чейин эле башталган. Балдар кийимдерин жана спорт жабдыктарын саткан дүкөндөрдө модель болуп иштеп жүрүп киночулардын көзүнө илинген. Ага чейин актёр болом деген ой түшүнө да кирчү эмес. Ошентип 12 жашында «Косби» жана «Клан Сопрано» аталган сериалдарда эпизоддук ролдор менен актёрдук тушоосу кесилген.

“Жаш Дензел Вашингтон”

Актёрдук карьерасы 12 жаштан башталганын эске алганда ага атактуулук кеч келген дешет киночулар. Тагыраагы, Майкл Жорданга атактуулук 26 жашында, 2013-жылы чыккан “Фрутвейл” станциясы” тасмасында жылмайган. Тасма башкы ролдогу Жордандын эле эмес, режиссёр Райан Куглердин да бактысын ачкан долбоор болду. Киносынчылар Майклга “жаш Дензел Вашингтон” деп атактуу актёр менен салыштырган жогорку баа беришкен, кошумча жаш актёрдун текчесинде кино сыйлыктардын саны да кыйла өскөн.

“Крид”

Майклдын карьерасындагы мыкты драмалык роль делген “Крид” тасмасы. Дагы бир Голливуд жылдызы, кино аксакалы Сильвестер Сталлоненин мушкер Рокки Бальбоа тууралуу тартылган “Рокки” деп аталган бир нече бөлүмдөн турган тасманы көрсөңүз керек. 2015-жылы “Роккинин” уландысы катары “Крид: Роккинин мурасы” тасмасы экранга чыккан. Тасмада башкы каарман Рокки өзү эмес, анын окуучусу Адонис Крид, тагыраагы, Майкл Жордан. “Крид: Роккинин мурасы” сынчылар тарабынан да, күйөрман тарабынан да жакшы кабыл алынды. 2018-жылы “Крид-2”, 2023-жылы “Крид-3” чыкты. 3 бөлүк тең бюджетин бир нече эсе актап, Жордан бул долбоордо өзүн продюсер, режиссёр катары да сынаганын айтат. Келечекте тасманын уландысы тартылары тууралуу “намёк” бар.

“Кара пантера: Ваканда кылымга”

“Marvel’дин” супербаатырлар тууралуу тасмаларынын күйөрмандары көп. Алардын бири “Кара пантера: Ваканда кылымга” тасмасында Майкл терс каарман Киллмонгердин ролун ойногон. “Кастингде режиссёр "арык экенсиң, булчуң кош" деди. Бир ай спорт залдан чыккан жокмун, 7 килограмм булчуң массасын коштум. Анан “шкафка” айландым. Анан да тасмадагыдай курал-жарактарды өздөштүрүп, аралаш уруш өнөрлөрүн үйрөндүм. 2-3 айда күзгүдөн өзүм көнгөн Майкл Жорданды эмес, Эрик Киллмонгерди көрдүм” деп эскерет тасма тартуу учурун актёр.

“Дүйнөдөгү эң сексуалдуу эркек”

2020-жылы америкалык “People” журналы Майкл Жорданды “Дүйнөдөгү эң сексуалдуу эркек” атаган. Сыйлык тапшыруу аземине келген актёрдон “өзүңүзгө болгон ишенимдин сыры эмнеде?” деп сурашкан. “Элдин баарын бактылуу кыла албай турганыңды, элдин баарына жага албасыңды түшүнгөндө гана өзүңө болгон ишеним пайда болот. Ага чейин эл эмне дейт деген жашоо менен жашайсың. Эгер эрте түшүнсөң, анда өзүңдү сүйүп, өзүңдү бактылуу кылганыңды, сени менен кошо жаныңдагылар бактылуу болуп жатканына күбө болосуң” деп баалуу ойлору менен бөлүшкөн. Окурман, сиз Майклдын оюна кошуласызбы?

“Аял – бул...”

“Аял – бул күч, мээрим, жөнөкөйлүк, боорукерлик, акыл, улуулук, жылуулук, сулуулук... Бул менин жашоомдогу жана өмүрүмдө жолуккан айымдарды сүрөттөө үчүн колдонулган сөздөрдүн бир нечеси гана. Дүйнөдөгү бардык аялдарга урматым, сүйүүм, колдоом чексиз” деген актёрдун апасына, эжесине, күйөрмандарына болгон камкор мамилесин жогору баалашат. Дүйнөдөгү айымдардын баарына суктанып бүтпөгөн Майкл бойдокчулук менен да коштошкусу келбегендей. Анткени 36 жаштагы актёр мырза дагы деле үй-бүлө күтүп, нике шакегин тагына элек.

“Майкл Жордандын кайсынысы деп сурашса...”

Башында аты-жөнүмдү жерийт элем. Өзгөрткүм келчү. Анан чакырык, атаандаштык катары кабыл алдым. Азыркы деңгээлге жетиш үчүн көп эмгек кылдым. Адамдар Майкл Жордан дегенди укканда “кайсынысы?” деп сурашса экен дейм...” Актёрдун бул максаты кайсы бир деңгээлде орундалды десек болот. Анткени Голливуд кинолоруна кызыккан адамдар сөзсүз түрдө Майкл Бакари Жордан ким экенин билет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан