УЧАКТЫН ИЧИНДЕ “ЖАМГЫР” ЖААДЫ

Учактын бортунда отуруп, жамгырга туш келүү чындыгында реалдуу эместей көрүнүш. Бирок бул жолу Лондон-Амритсар (Индия) каттамынын жүргүнчүлөрү ушундай абалга туш болушту. Бул окуя жүргүнчүлөрдүн бири жүк коючу үстүңкү бөлүктөн суу агып жатканы тартылган видеону социалдык тармактарга жарыялагандан кийин маалым болгон. Учак Air India компаниясына тийтиштүү болгон. Компания салондо суунун акканын ырастап, бул учактагы кондиционердик системди жөндөө туура эмес жүргүзүлгөнүнөн улам деп билдирди. Видеодо жүргүнчүлөрдүн айрымдары суунун акканын байкабай уктап отурушса, айрымдар көрсө да эч нерсе болбогондой отурушат. Үстүнө суу аккан жүргүнчүлөрдү башка орундуктарга жайгаштырышкан. Учак барчу жерине өз убагында аман-эсен жеткен.

Кеңгуру итти сууга чөктүргүсү келди

Австралиянын Мик Молони аттуу тургуну Муррей дарыясынын жээгинде 3 ити менен сейилдеп жүргөн. Бир ити ары көздөй кетип көрүнбөй калат. Аңгыча иттин ээси бою 2 метрдей болгон кеңгурунун суунун ичинде тик турганын көрүп, чөнтөк телефонунан видеого тартып кирет. Сүзүп жанына жетип калган итти кеңгуру кармап алып, чөктүрүүгө аракет кылып баштаганы байкалат. Миктин колдорун шилтегилеп, кыйкырганын кеңгуру тоготуп деле койгон эмес. Ошондо ээси итти куткарыш үчүн сууга түшөт. Кенгуру адамга сокку урууга камынып, итти коё берет. Тургун колу менен жаныбардан коргонгондо телефону сууга түшөт. Бирок ал өтө тездик менен телефонун да, итин да кармап үлгүрүп, шашылып жээкке чыгат. Кеңгурунун чапканы чала-чарпыт тийип калган.

Кеңгурулар эмне үчүн итти жаман көрүшөт? Анткени аларга жапайы иттер - динголор аңчылык кылышат. Бул нерсе аларда кастыкты жараткан. Иттер болсо динголорго окшош.

Пилдер унааны талкалашты

Малайзияда унаа башкарып бара жаткан адам үйүрү менен кетип бара жаткан пилдердин биринин баласын сүзүп алат. Жаш пил кулап түшөт. Ошондо пилдер “өч алуу” үчүн унаага чабуул коюп киришет. Айнектерин талкалап, эшиктерин, капотун мыйрыйтышат, унааны толук тепселеп салууга аз калат. Ошол кезде жаш пил туруп жөнөп калат. Ошондо гана беркилери токтоп, жаш пилди ээрчип жөнөшөт. Айдоочу жана жүргүнчүлөр кудайдын кудурети менен аман калышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан