Башы өткөн сандарда)
Шооланын туулган күнү жакындап келе жатты. Канат эмне белек берсем деп баш катырып отуруп, асем буюм – чынжырча тагынчак тартуулоону чечти. Колунан көөрү төгүлгөн, буту белинен ылдый тубаса жок зергер таанышы бар эле. Зер буюм жасоодо анын колунан келбеген иш жок болчу. Аты Зарлык. Канаттан үч жашка чоң болгону менен, экөө аябай жакшы дос эле. Экөөнүн бири-биринен каткан сыры жок. Ошол зергер досуна барды.
– Шооланын туулган күнү, ага бир өзгөчө белек тартуулайын дегем.
– Ээ, сен айткандай кылып жасап берем, досум.
– Мына, ушундай кылып жасай аласыңбы?- деди ал өзү чийип келген эскиздерин көрсөтүп. Жүрөкчө, анын ичинде “К” жана “Ш” тамгалары бири-бирине байланып турган экен. Зергер жакшылап карап турду да, макул дегендей башын ийкеди.
– Оор болот муну жасаш. Бирок башың иштейт экен, жакшы чийипсиң. Эрте алып келсең болмок да. Жок дегенде бир жума убакыт берсең болмок.
– Мен сени менен чогуу иштейм, жардамдашам,- деп жиберди Канат. Досунун “жасап берем” дегенине кубанып кетти. Залкар да башын ийкей жылмая берди. Бул тубаса майып жигит менен Канаттын кантип дос болуп калганы да өзгөчө бир кызык окуя. 5-классты бүтүрүп жаткан кези эле. Машыгуудан келе жатып майыптар арабасында отурган өзү курактуу баланы көрдү. Аны мурун да бир-эки жолу көрүп калган эле. Троллейбус токтоп, пандусту түшүргөн айдоочу күңкүлдөп сүйлөнүп жатканын укту.
– Ушул абалда үйдө эле отурсаң эмне болот. Кишини убара кылбай эле,- деген сыяктуу бир топ сөздөрдү айтты. Тиги бала күнөөлүү адамдай башын шылкыйта берди. Канат балага пандустан түшкөнгө жардам берди да, айдоочуга кайрылып калды.
– Байке, мен дайыма түшүрүп чыгарып турсам болобу? Үйрөтүп коёсузбу?
Айдоочу башын чайкап алды. Тиги бала менен Канатты жылуу жүз менен карап койду.
– Жүрү, мен сенин кайда жашай турганыңды билем. Жеткирип коёюн. Баса, менин атым Канат.
– Меники Зарлык.
Экөө эмнегедир бат эле тил табышып кетти. Зарлык төрөлгөндөн эле майып төрөлүп калганын, азыр зергерликке үйрөтө турган курска барып жатканын, апасы таштап кетип, атасы экөө батирде турарын айтып берди. Канат ошол боюнча бош убагында ага келип, мектептеги жаңылыктарды, аркы-беркини сүйлөшүп кетчү. Зарлык майып болгон менен, өзү курактуу балдардын көбүнөн зээндүү эле. Өмүрү мектеп босогосун аттабаса да бардык предметти жакшы билчү. Билбеген футболчусу жок эле.
– Эй, сен гений турбайсыңбы? – деп таң калчу Канат. Кийин Жанатты алып келип Зарлыкка сабак бердирип жүрдү. Экөөнүн интеллектуалдык таймашына Канат сыймыктанып кетер эле. Мына, ошондон бери Зарлыктын бир гана досу бар – ал Канат. Бул жолу досунун сүйгөнү үчүн Зарлык да аябай тер төктү. Көз жоосун алган күмүш чынжырча даяр болду. Аны кооз кутуга салган Канат досуна ыраазы боло карады.
– Зарлык, аз болсо да алып кой, ээ? Кийин сөзсүз түрдө акысын өтөйм.
– Жөн кой,- деди досунун колун түрткөн Зарлык. – Менин сага сата турган эч нерсем жок. Мен сенин досуңмун. Балким, акыреттик досуңмун.
– Албетте, сен менин акыреттик досумсуң.
Өспүрүм балдар бул сөздөрдүн маанисин билип айттыбы, же билбей айттыбы, ким билсин. Бирок бирине-бири такыр кара санабаган чыныгы достордон болушту.
Улам куту салынган чөнтөгүн сылаган Канат бактылуу боло үйүнө бара жатты. Эртең Шооланын туулган күнү! Анын атасы менен таанышат. Бул ойдон өзү да эрдемсип, бир эсе жүрөксүп кетип бара жатты. Кечке маал Жанат экөө гана калганда ага кутуну көрсөтө берди.
– Шоолага жасаттым!
– Зарлык жасаптыр, ээ?
– Ооба, кандай экен?
Көз айнегин оңдоп алган Жанат жакшы дегендей баш бармагын көрсөттү. Канат жылмайып бактылуу боло чынжырчаны колуна кармап жаткан боюнча уктап кетти. Ал эми Жанат уктай албады. Таң атканча уктаган жок.
ххх
Канат эмнегедир кеч ойгонду. Бөлмөдө эч ким жок эле. Жанат мектепке кеткен окшойт деп ойлоду. Анткени туулган күнгө барганга кийим алганга базарга бара турганын айткан эле. Ошого ойготпой кетип калган окшойт деп ойлоду. Ары оонап, бери оонап жатып Жанаттын ордун карады. Эмнегедир керебеттин үстүнө телефонун таштап кетиптир. Адатта ал телефонун калтырчу эмес. Жөн жаткыча карап көрөйүн дедиби Канат ал телефонду колуна алды. Кодун ачам деп убара да болгон жок, өзүнүн жана Жанаттын туулган күнүнүн датасын жазып көрдү эле, ачылып кетти. Эмнегдир телефондук блокнот өзүнөн-өзү ачылып кетти. Балким, колу тийип кеттиби, байкабады. Андагы жазуулар...
– Мен сыяктуу сен дагы оорукчан экениңди билдим. Жүрөгүң оорулуу экен. Мен сени биринчи жолу көзүңө караган күнү эле билгем. Сен башкачасың. Эч кимге окшош эмес, башкача кызсың.
– Бүгүн мени менен биринчи жолу сүйлөштүң. Жүрөгүм дүкүлдөп кетти. Сен сураган конспектини бердим. А сен мага биринчи жолу жылмайып карадың. Сендей эч ким жылмая албайт. Кызык, жылмайганда көзүңдүн нурларын, уячаңдын кыймылдашы кандай экенин көргөн адамдар бар болду бекен?
– Сени жашыруун сүйгөндөн чарчап кеттим. Кыйкыргым келет. Өзүм менен өзүм күрөшүп жатып чарчадым. Эмнеге мен каалаган нерселер дайыма меники эмес, Канаттыкы? Апам да Канаттыкы! Сен дагы! Жанымдан артык сүйгөн экөө тең аныкы. Апам жана сен... Кандай оор...
– Сени жек көрдүм! Экинчи сен тууралуу ойлонбойм дедим. Бирок кайра эле эмне кылсам да маңдайымда турасың. Мен сени андан биринчи көрдүм, андан биринчи сүйдүм. Бирок аны дайымкыдай эч ким билбеди. Атам мени уруп жатканда бир гана нерсени ойлодум. Эгерде мен азыр өлүп кала турган болсом, сени эч качан көрбөй кала турганымды ойлодум. Сага сени канчалык сүйөрүмдү айта албай калам деп корктум. Калган бардык нерсе мен үчүн маанисин жоготуп салды. Мен көрсө өлүмдөн коркпойт экем, мен сени көрбөй жашаган жашоодон коркот экем. Эсиме келгенимде сени көрө турганымды эстеп, аман калганыма сүйүндүм.
– Шоола, бүгүн сен мени туулган күнүңө чакырдың. Биринчи жолу! Мени бул нерсе ушунчалык бактылуу кылды, бирок бактысыз да кылды.
Канат калтыраган колдору менен андан аркысын окуй албады. Эмне кыларын билбей калды. Кээде машыгуу убагында муш жегенде ушинтип туруп калмайы бар эле. Деңгирейт да турат. Айланада эмне болуп жатат белгисиз, кулак-мурун кескендей жымжырттык. Дал ошол абалда туруп калды. Аба жетпей бара жаткандай сезилди. Сыртка чуркап чыкты. Апасы ага кайрылып бир нерсе дегендей болду. Анын маанисин деле түшүнгөн жок. Жөн гана чыгып кете берди. Ага тагдырдын катуу урган муштуму ушул болчу. Эмне кыларын билбей басып жүрө берди кечке. Алайып ачка, көзү киртийип араң үйгө келди. Жанат кычырап кийинип, дапдаяр экен. Канат анын биринчи жолу бир жакка жасанганын көрүшү.
– Кайда жүрөсүң, кечигебиз эми,- деди сабырсыздана ал.
– Кайда?
– Шооланын туулган күнүнө. Кызык го, сен эмне унутуп калдыңбы?
Канат башын ийкей албай же чайкай албай Жанатты тиктеп тура берди...
(Уландысы кийинки санда)