Адам жашоосуна байланыштуу кыска жана кызыктуу фактыларга токтолобуз.
• Ымыркай төрөлгөндөн кийин да эненин курсагында жаткандай ыргакта чоңойсо, анда 1 жылда анын бою 2 чакырымга жетмек.
• Ашкана, кафе-барларда эң кир нерсе – меню. Андыктан тамак-аш буюртма кылгандан кийин сөзсүз колду жууш керек.
• Адам баласы өмүрүндө болжолдуу түрдө 27 тоннага чейин тамак-аш жейт. Бул 6-7 пилдин салмагы менен барабар.
• Дээрлик көпчүлүк уюлдук телефон колдонгон заман. Адам бир күндө телефонун орточо эсеп менен 150 ирет жандырып текшерип көрөт.
• Адамдын организминде жашаган микроб-бактериялардын салмагы 2-3 килограммды түзөт.
• Тиш – адамдын организминдеги өзүн-өзү коргой албаган, калыбына келбеген жалгыз орган.
• Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, тапичкелердин оң буттагысы сол буттагыга караганда бат эскирип, жарактан чыгат.
• Адамды себепсиз тынчсыздануу абалынан чыгарган ыкма – кызыктуу китеп окуу.
• Уктоочу бөлмө канчалык муздак болсо, адамга ошончо жаман түштөр көп кирет дешет окумуштуулар.
• Адам баласы жеген 1 чай кашык бал – бул 12 бал аарынын өмүр бою жыйнаган эмгеги болуп саналат.
• Ачуу тамак-ашты көп жегендер ичкиликке бат берилет дешет.
• Адам чүчкүргөндө сөзсүз түрдө көзү жумулат.
• Эркек адам күнүнө болжолдуу түрдө 7-8 ирет жылмайышы мүмкүн, аларга салыштырмалуу айымдар орточо эсеп менен 50-60 жолу жылмайышат.
• Адам бири-бири менен көзү аркылуу таанышат. Алгачкы жолу жолукканда кызыгуу жараткан адамдын эмоциясын окуш үчүн көзүн карайбыз, андан кийин гана кийими, сүйлөгөнү жана башка факторлорго көңүл бурулат.
• Адамдын кулагы менен мурду өмүр бою өсө турган органдар.
• Төрөт процесси – организм сезген оорутуу боюнча экинчи орунда турат. Ал эми биринчи орунда тирүүлөй өрттөнүү.
• Окумуштуулардын изилдөөсүндө, адамдагы интеллекттин 50-80 пайызы ген аркылуу өтөт.
• Аялдарда эркектерге салыштырмалуу оору рецепторлору эки эсе көп. Бирок алар эркектерге караганда ооруга көп эсе чыдамдуу келишет.