Назирет Дубашев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АКТЁР БОЛОМ ДЕГЕН МАКСАТЫМ БОЛГОН ЖОК»

“Айтматовдун каармандары”... Бул сөз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын кейипкерлери гана эмес, алардын образын тасмаларда ачып берген актёр-актрисалар менен тыгыз байланышта болуп калды. Залкар жазуучунун 12-декабрда белгиленчү туулган күнүн утурлай анын каармандарынын бири, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Назирет Дубашев менен маектештик. Назирет ага “Биринчи мугалим”, “Мен – Тянь-Шань”, “Жамийла” тасмаларында роль жаратканы, кийинки жылдары тартылган “Шамбала” фильминде Момундун образын да ачып бергени менен белгилүү.

– Назирет ага, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өтчү иш-чаралардан колуңуз бошобой жүргөн учур экен...

– Ооба, Айтматовдун 95 жылдыгына карата ар кандай семинарлар, жолугушуулар өтүп жатат. Кээде бир күндө 2 жерге барууга туура келүүдө. Аймактардан да чакыруулар болуп, жетише албай жатабыз. Нарынга чакырышкан, Кудай жол берсе, эртең Чоро Думанаев, Нургазы Сыдыгалиев, Бусурманкул Одуракаев болуп ошол жакка жөнөйбүз.

– Тасмадагы биринчи ролуңуз “Биринчи мугалимдеги” Субандын ролу экен. Ошол тасма тартылып жаткан учурду эстесек, эмнелер көз алдыңызда?

– Айрым эпизоддор көп дубль менен тартылганы эсимде. Кинодо Субан мектеп өрттөнүп кеткенде кошо күйүп кетет эмеспи. Ошондо жаткырып коюп энеси ыйлап, элдин баары аза күтүп отурган эпизод бар. Ошол жерин көпкө чейин тартышкан. Баланын денеси күйүп кеткендей кылып көрсөтүш үчүн ар нерселерди шыбап, кагаз жабыштырып, астыма салып койгон кийизди өрттөшүп, солярка чачып, ушундай бир нерселерди кылышты. Мен жерде жатам, кайра-кайра тартышат. Анда кичинекей баламын да, 4-класс кезим. Энемдин ролун ойногон Жумаш Сыдыкбекова деген артист апабыз кошокту укмуш кошот эле. Анын кошогун угуп жатып “чын эле өлүп калганмын го” деген ой келди. Анан акырын дене-башымды кыймылдатып көрсөм кыймылдады, “аа, тирүү экенмин” деп койдум (күлүп).

“Жамийла” тасмасынын эң аягында Сейит “Жамийла-аа” деп ыйлап артынан чуркайт эмеспи. Ошол эпизод бир дубль менен тартылган. Ыйлап, чуркап, жыгылган жери... Кадимкидей ыйлап, образда жашадым. Оператор мени кубалап жүрүп тарткан.

Ал эми режиссёр Төлөмүш Океев тарткан “Бакайдын жайыты” тасмасында жылкычы Бакай (ред.: Муратбек Рыскулов) байбичесин (ред.: Алиман Жангорозова) сабап жаткан эпизод бар эмеспи. Аны үч-төрт дубль менен тарттык. Андан сырткары менин аксакалды укурук менен чапкан жерим бар. Режиссёр “ча-ап” деп кыйкырат, мен болсо атамдай болгон кишиге кол көтөрө албайм, акырын чабам. Ал чапкандарым жарабай, ошондо Алиман Жангорозова “берчи, өчүмдү алып алайын” деп Муратбек Рыскуловду бир чапканы эсимде. Ошол кадрды монтажда мени чапкандай кылып көрсөтүшкөн. Эки залкарды мен атам менен энемдей көрчүмүн, алар мени өз баласындай көрүшчү. Ал кезде улууга кол көтөрмөк мындай турсун, акырайып кароо да одоно көрүнүш эле. Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов сыяктуу улуу инсандар, мен-мен деген залкар корифейлер менен бир тасмада тартылып, алардын тарбиясын алып калганыма сыймыктанам.

– Жашооңузду биротоло актёрлукка байлабасаңыз дагы, сизди кыргыз эли мыкты актёр катары тааныйт. Бул тармакка баш-отуңуз менен кирген эмессиз, эмнеге?

– Мен алдыма актёр болоюн деп максат койгон эмесмин. Бул бир. Экинчиси, Сүймөнкул “артистти эмне кыласың, артистикке окубай эле кой” деп койгон. Ошон үчүн башка иштер менен алек болдум.

– Режиссёрлуктун окуусуна тапшырып, бирок аягына чыкпай калган экенсиз?..

– Ооба, ошол жылдары атамдын көзү өтүп кетти. Окууну улантуу үчүн кайра Ленинградга барганга шартым болбой калды. Турмуш да, ал убакта жаңы эле үйлөнгөн элем.

– Соңку жылдары “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган “Шамбала” тасмасында Момундун образын жараттыңыз. Мурунку мезгилдеги тасма талаасы менен азыркынын эмне айырмачылыгын байкадыңыз?

– “Ак кеме” – атактуу режиссёр Болот Шамшиевдин тарткан фильми. Ал фильмдин деңгээлин эл жакшы билет, бир топ сыйлыктарды уткан. “Шамбаланы” режиссёр Артык Сүйүндүков тартты. Шамшиев кыргыздын эң мыкты режиссёрлорунун бири. Ал киши муну эң жогорку деңгээлде тарткан, ошондон кийин дагы батынып “тартам” деп чыккан Артык Сүйүндүковго баатыр деген наам бермекмин. “Шамбала” 8-декабрдан баштап кинотеатрларга чыгат. Кандай экенин көрүүчүлөр бааласын. Эки режиссёр тең өздөрүнүн дили, көз карашы менен тартышты. Бирок “Шамбалада” “Ак кемеге” окшоштук жери жок. Жалпы маани-мазмуну калган, бирок эпизоддору башкача. Бул тасмада мен Момунду ойнодум, бирок ролум өзүмдүн купулума кичине толбой калды. Себеби кинодо Момун аз эле көрүнөт, сценарий ушундай жазылып калган. Момундун образы жакшы ачылбай калгандай сезилди.

– Андан кийин дагы тасмаларга тартылдыңызбы?

– Андан кийин “Кыргызфильм” киностудиясында Дальмира Тилепбергенова деген мыкты режиссёрубуз тарткан “Белек” деген тасмага тартылдым. Бул фильм дагы өзүнүн деңгээлинде сыйлыктарды утуп келе жатат.

– Бала кезде эмнелерди кыялданчу элеңиз?

– Бала кезде ар кандай кыялдар, жоруктар боло берет эмеспи. Көп эле нерселерди кыялдангам (күлүп). Көбү ишке ашпай калды.

– Кандай кыялдар эле?

– Ишке ашпай калган нерсени айтып кереги жок го. Сүрөтчү болгум келчү. Жанагы “Жамийладагы” сүрөттөрдүн арасында менин да сүрөттөрүм бар. Бала кезимде сүрөттү жакшы тартчумун. Анан телережиссёр болсомбу деп аракет кылып, аягына чыга албай калдым. Ушул экөө. Калганы сыр эле болсун.

– Биз билген Назирет Дубашевдин биз билбеген кандай өнөрлөрү бар?

– Эми... Негизи теңтуштарымдын арасында ырдайм. Ырчы болуп кыйраттым дебейм, жанагы “Кош жылдыз” деген берүүгө Анапия Райымбекова менен ырдап чыккам. Андан башка гүл өстүргөндү жакшы көрөм, алма бак кыйыштырам, ушул сыяктуу багбанчылык менен алектенем. Бул деле өнөр болуш керек.

– Музыкалык аспаптарда ойной аласызбы? Жогоруда Абдраев атындагы мектепте окугам дедиңиз?..

– Абдраевде окуганым менен, мен жанагы оркестр ойноп жатканда анда-санда чоң барабанды “дүң” дедире уруп коёт го. Ошондо окугам, “дүң...” дедирип бир уруп коём (күлүп). Тамашалап жатам. Бизден кийинки класстар окуду, биз музыкалыкка илинбей калганбыз. Ал кезде Абдраев музыкалык эмес, жөн эле мектеп-интернаты болчу.

– Жаштарга сүйүү темасы кызык эмеспи, байбичеңиз менен кантип таанышып, баш коштуңуздар эле?

– Ох, атаңгөрү, накта суроо экен да (күлүп). Эми бул купуя сыр болуш керек эле. Байбичем экөөбүз бир интернатта окуганбыз. Балалык кезден берки сүйүү сезимдер болот, ошол сезим менен жашадым. Аскерде 2 жыл кызмат кылып келдим, мен келгиче күтүп турду ал киши. Анан аскерден келген жылы күзүндө үйлөндүм. Өмүр бою ошол киши менен жашадым, беш жыл болду, дүйнө салды. 3 эркек, 2 кызыбыз, 10 неберебиз бар. Сүйүү деген ар кимге ар кандай сезилет. Өзүнчө бир керемет, жашоонун керемети. Адам баласы дүйнөнүн, жаратылыштын сулуулугун, анан эркектер аялзатынын сулуулугун баалай билиш керек. Ар бир эркек сүйүш керек, ар бир аял сүйүктүү болуш керек. Сүйүү менен жашагандын өзү керемет.

– Ден соолукта бар болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан