АЙФОН АЛАМ ДЕСЕҢИЗ...

Учурда арабызда Айфон смартфондоруна кызыккандардын саны көп. Ага байланышкан алдамчылыктар да күч алганы сыр эмес. Мисалы, смартфондун аккумулятору жаатында. Колдонулган эски смартфондун батарейкасын жаңыга алмаштырып же сыйымдуулугун жасалма түрдө көтөрүп, кардарга сатып жиберишүүдө дешет эксперттер. Көптөн бери аталган үлгүдөгү телефондорго тестирлөө жүргүзүп, сатып келе жаткан Акжол Усеналиев кантип алдамчылыкка кабылбаш керектигин айтып берди.

– Айфондун батарейкасынын сыйымдуулугу эмне үчүн түшөт?

– Айфондун бир кемчилиги – аккумулятору. Башка телефондор сыяктуу кубаты 1-2 күнгө чейин жетпейт. Бирок айфон гана эмес, башка телефондор деле убакыт өткөн сайын кубатын баштагыдай кармабай баштайт. Жаңы, заводдон чыгарылган боюнча кутусу ачылбаган айфонду 2-3 жыл ойлонбой көтөрүүгө болот. Бул жылдар аралыгында көп же аз колдонулганына, кубатталган циклине жараша аккумуляторунун сыйымдуулугу акырындан 100дөн ылдыйлайт. Эгер туура кубатталып турса, аккумулятору 3-6 айга чейин 100дөн түшпөшү кажет. 2-3 жылда 100дөн 85ке чейин түшүшү норма болуп саналат. Кээ бир туура эмес кубатталган, сапатсыз кубаттагыч менен кубатталгандар андан да ылдый түшүп кетиши мүмкүн. Аккумуляторунун сыйымдуулугу ылдыйлап, кубатын жакшы кармабай калган учурда аккумуляторун 4-5 миң сомго алмаштырып, кайрадан 2-3 жыл өмүрүн узартууга болот.

– Кантип туура кубаттоо керек?

– Айфонду сатып алып жатканда заводдон өзү менен бирге чыгарылган кубаттагычын алыңыз. Жок болсо оригиналын тестер менен текшертип алуу зарыл, башына сайылуучу адаптери да оригинал болушу керек. Адаптерди да жасап саткандар бар. Телефондун кубатын 20дан түшүрбөй, 80ден ашырбай кубаттап туруңуз. Аябай зарыл учурда гана 100гө жеткирип кубаттасаңыз болот. Башка айфондун кубаттагычын колдонбоңуз, өзүңүздүкү менен да башка телефонду кубаттабаңыз.

Айфон телефонун сатып алууда жарандар кандай алдамчылыктарга туш болушууда?

– Колдонулган телефондорду жаңы деп сатып алгандар көп болууда. Анан 1-2 ай өтпөй телефондун кубаты кармабай жатканын, 2 айда 100дөн 5-10 пайызга чейин түшүп кеткенин айтып, текшерттирүүгө келишет. Баарын жасап саткандар да бар, анткени азыр айфондун бүт тетиктери жеткиликтүү. Сырткы кутусуна чейин окшоштуруп жасап коюшат. Ичи 12, сыртын 13-айфон кылып жасап сатып жибергендер бар. Алдамчылыкка кабылбаш үчүн айфон сатып аларда шашкалактабай, сөзсүз ишенимдүү 2-3 жерден телефонду, анын кубаттагычын тестирлөөдөн өткөртүңүз.

– Кубаттагычы сапатсыз болсо...

– Биринчиден, аккумуляторуңуздун көрсөткүчү бат түшөт. Экинчиден, аккумуляторуңуз көөп, натыйжада дисплейине жарака кетип сынышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, 100 миң сомго сатып алган айфонуңуздун баасы кыска убакытта 20-30 миң сомго түшүп калат. Төртүнчүдөн, кубаттагыч күйүп, өрттүн себепчиси болушу ыктымал.

– “Аккумуляторун көтөрүп коюптур” дегенди кандай түшүнсө болот?

– Жогоруда айткандай, көп колдонулуп, бат-бат, туура эмес кубатталган айфондун аккумуляторунун көрсөткүчү ылдыйлап 80ге чейин түшүп кетиши мүмкүн. Алып-саткандар андай телефондордун аккумуляторун ичин ачпастан программатордун жардамы менен 90дон өйдө 100гө чейин көтөрүп, жаңы телефон деп жасап, же аккумулятору 90дон өйдө деп кымбатыраак сатып жиберишет. Мындай телефонду алгандар алданган болот. Анткени көтөрүлгөн аккумулятор 1-3 айдын ичинде кайра 80ге түшүп, кубатын кармабай калат.

– Кайсы үлгүсүнүн аккумулятору жакшы?

– Тажрыйбама таянып 13-айфондуку жакшы деп айта алам. Андан кийин чыккан 14, 15-айфондор бир күндө эки жолу кубаттоону талап кылууда. 14, 15-айфондордун артыкчылыгы – камерасынын жакшыртылганы. Ошондуктан 13-айфонду жаңы үлгүсүнө алмаштырат элем дегендерге ойлонуп көрүүнү сунуштайм.

– Аккумуляторунун көрсөткүчү төмөндөп кетсе...

– Айфондор бир нече себеп менен ачылат. Бузулганда, суу киргенде же камера, аккумуляторун алмаштыруу үчүн, же башка механикалык бузулууларда ачышат. Көрсөткүчү төмөндөп кеткен учурда бир эле жакшы жол бар – аккумуляторун алмаштыруу керек. Алмашылган аккумулятордун чиби оригинал болсо тестер аркылуу текшергенде алмашылганы билинбейт, 100 пайыз деп көрсөтөт. Ушундан пайдаланып да жаңы, ачылбаган деп алдап саткандар бар. Азыр жаңы заводдон келген ачылбаган айфон-15тер бар. 14төр жаңы болушуна ишеним аз. Калган үлгүлөрүн жаңы деп сатса алданып жаткандагыңыз. Анткени 13-айфон 2021-жылы чыкса, 14-айфон 2022-жылы чыккан. Булар кайра жаңыланып чыгарылбайт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан