ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Египет

МУБАРАК "БИЙЛИКТИ ТЫНЧТЫК ЖОЛУ МЕНЕН ӨТКӨРҮП БЕРЕМ" ДЕДИ
Египеттин президенти Хосни Мубарак 1-февралда элине кайрылуу жасап, "бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берем" деди. Мубарактын айтымында, ал сентябрда боло турган президенттик шайлоого чейин кызматынан кетпейт, бирок бийликти жаңы президентке тынчтык жолу менен өткөрүп берет. “Мен мекенимден качпайм, ушул жакта өлөм. Мени тарых соттойт”,- деди 82 жаштагы президент. Бирок кайрылуунун эртеси митингчилер президенттин токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылып чыгышты. Каирде 2 миллион адам катышкан “Миллиондор маршы” деп аталган нааразычылык акциясы өткөрүлдү. Болуп көрбөгөндөй бул акция деле максатына жетпей, Мубарактын каршылаштары менен тарапкерлеринин ортосунда кагылышуулар болуп жатат. Мындан бир жума мурун башталган кагылышууларда каза болгондордун саны 300дөн ашты. Кошумчалай кетсек, аскер адамы болгон Мубарак кезинде Кыргызстандан билим алып кеткен. Тактап айтсак, 1960-жылы Фрунзе авиациялык окуу жайын аяктаган.

Тунис

ТУНИСТЕГИ ЫҢКЫЛАПТЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ТАКТАЛДЫ
Тунисте мамлекеттик төңкөрүшкө алып келген баш аламандыктарда 219 адамдын өмүрү кыйылган. Мындан тышкары 510 адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу 1-февралда БУУнун өкүлдөрү кабарлашты. Эл аралык укук коргоочулардын миссиясынын маалыматында, каза болгондордун 72си абакта көз жумушкан. Ал эми өлкөнүн өкмөтү шейит кеткендердин саны 78 деп билдиришкен. Эске салсак, Тунисте толкундоолор былтыр декабрда башталып, эл 20 жылдан бери бийликтен түшпөй келаткан президент Зин эль-Абидин Бен Алинин отставкасын талап кылышкан. Толкундоолор кандуу кагылышууга өсүп жеткенде, президент өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Бирок калктын нааразычылыктары муну менен токтоп калган эмес. Анткени Убактылуу өкмөткө Бен Алинин кишилери чогулган. Натыйжада жаңы министрлердин айрымдары да кызматтан кетүүгө мажбур болушту.

Казакстан

НАЗАРБАЕВ МУБАРАКТЫН КЕЙПИН КИЙҮҮДӨН КОРКТУБУ?
Казакстандын “падышасы” Нурсултан Назарбаев президенттик мөөнөтүн узартуучу референдумдан баш тартты. Анын ордуна мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштады. Мыйзам боюнча кезектеги президенттик шайлоо 2012-жылы болуп, Назарбаев 4-мөөнөткө талапкерлигин коймок.
Серепчилер "Назарбаев Африканын түндүк өлкөлөрүндө болуп кеткен элдик нааразычылыктар Казакстанда да кайталанып кетеби деп чочулады" дешүүдө. Чынында, африкалык президенттер да Назарбаев сыяктуу узак убакыт бийликте болуп келет жана аягы кандай болуп жатканы бүт дүйнөгө маалым. Эми коңшу Казакстанды президенттик шайлоо күтүп жатат. Шайлоо мыйзамга ылайык май айынын башында өтүшү керек.

Англия

ӨМҮРГӨ ЭҢ КООПТУУ КЕСИП КАЙСЫ?
Англиялык окумуштуулар эң кооптуу кесип ээлерин аныкташты. Алсак, согуш очокторунда кызмат өтөп жаткан аскерлерге караганда, падышалардын киши колдуу болуп өлүү ыктымалы жогору экен. Мындай тыянак 600-жылдан 1800-жылга чейин жашап өткөн 1513 европалык падышанын өмүр таржымалын иликтөөдөн улам чыгып отурат. Изилдөөдө ар бир 5-падышанын киши колдуу каза тапканы маалым болгон. Ал эми эс алуу түрлөрү боюнча алганда, сноуборд менен алектенүү ден соолукка өзгөчө зыян деген тыянак чыкты. Спорттун бул түрүн сүйүүчүлөр медициналык жардамга эң көп кайрылгандардын көч башында турат.

Япония

ЯПОНДОР КОСМОСТО БАЛЫК КАРМАШАБЫ?
Япониялык "JAXA" космостук агенттиги өлкөдөгү балык кармоочу торлорду иштеп чыгаруучу ири компаниялардын бири менен келишим түздү. Компания 6 жылдан бери металл торлорду чыгаруунун үстүндө иштеп келет. Материал катары күмүш менен сырдалган металлдар пайдаланылат. Ушундай тордун жардамы менен япондор Жердин орбитасын таштандыдан тазалаганы жатышат. Бир нече чарчы чакырым аянтты түзгөн металл тор космоско атайын спутниктин жардамы менен чыгарылат. Анан кадимкидей эле атайын аппараттын жардамы менен балык кармагандай эле таштандыларды "торго түшүрүшөт". Анан белгилүү бир өлчөмдө таштанды чогулгандан кийин тор спутниктен бөлүнүп, атмосферага коё берилет. Андан ары ал күйүп жок болот. Учурда космостун булганышы чечүүгө муктаж глобалдуу маселе болуп саналат.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
pyeon hwa
2011-02-04 19:44:16
Yapondor azamatsynar.
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан