Алар автобекеттен капысынан кезигип калышты. Ортодон эчен жылдар өтсө да бири-бирин жазбай таанышты. Жашамал, сылтый баскан эркек жана чачын ак аралап калган аял бири-бирин көпкө тиктеп туруп калышты. Алгач экөөнүн көздөрүндө таң калуу турду. Бир аздан кийин тартынып, оңтойсуз болуп кетишти. Калый Берметти көрөм деп үмүт кылбай калбады беле. Саламга да алы келбей оозу ачылып калды.
– Кандайсың?- деди Бермет. Куду баягыдай аваз, ортодо 30 жылдык өмүр өтпөгөндөй добушу так жаш кезиндегидей экен. Жүрөгү мурункудай эле бир булкуп алды.
– Жакшымын, сен... Сени да көргөн күн болот экен ээ?- деп жиберди карбаластаган эркек. Аял жөн гана күлүмсүрөп койду. Мунусу да тааныш эле Калыйга. Такыр өзгөрүлбөгөндөй сезилди.
Булар классташ болчу. Тогузунчу класстан бери жактырышып, сүйүшүп жүргөн кыз-жигиттерден эле. Ата-энелери каршы болушпаганда үйлөнүп да калышмак.
– Сен дагы ушул автобуска билет алдыңбы?- деди Калый. Жанындагы автобусту колу менен көрсөтө берип.
– Ооба.
– Мен дагы, чогуу кетет турбайбызбы?- деп сүйүнүп кетти да, кайра томсоро түштү. Балким, жолдошу менендир, балким, экөөнүн сүйлөшкөнгө да убактысы болбостур. Бермет башын ийкеп койду.
– Сен Бишкекте жашайсың да. А мен шаарга ден соолугум кыйнап келген элем. Бир бутум жакшы болбой... Жол кырсыгына кабылып, ошондон бери дарыланып жатам.
– Сен бутуңа көпкө турба анда, кел скамейкага отуралы.
Саамайларын ак аралаган аялды Калый аяп, сүйүп карап алды. Мурункудай эле сулуу экен. Бирок көздөрү мурункудай бактылуу эмес эле. Экөө отуруп көп нерселер тууралуу баарлашып жатышты. Классташтары, айылдагы өздөрү тааныган адамдар тууралуу кеп кылышты. Аңгыча автобус жыла турган убакыт келип калды. Калый автобуска кирип, жанындагы жаш балага сылык үн катты.
– Уулум, сен капа болбосоң орун алмашып аласыңбы?
Жигит да түшүнүктүү көрүнөт, дароо эле макул болду. Автобуста экөө чогуу отуруп бара жатышты.
– Ии, жашоо кандай анан?- деди Бермет.
– Көрүп турганыңдай.
– Арты кайырлуу болсун. Кемпириң каза болду деп уккам. Канча балаңар бар?
– Төрт балабыз бар, баары үйлөнүп жайланып орун-очок алышты. Айылда мен жалгызмын, “ата, бул жакка келиңиз” дешет. Мен шаарга келип алып эмне кылмак элем, айылда тиричилигим бар. Көнүп калган жеримден кете албадым.
– Каралаша турган туугандар бар да, ээ?
– Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк эмеспи.
Экөө тең үн катпай тунжурап калышты. Канча жылдан бери кезиге элек, бир өмүрдө кезикпейбиз деп ойлогон экөө тагдыр эмнеге кезиктирди экен.
Окуя булар мектепти бүтүп жатканда болгон. Бермет көзгө түшүп турган, суйкайган сулуу кыз эле. Ата-энесине жуучу түшүп, сөз айттыргандар көп болчу. Ошонун ичинен кадыр барктуу, абройлуу биринин баласы ата-энесине жагып калды. Калый менен сүйлөшүп жүргөнүн айтса да угушпады. “Балалык сүйүү, унутулат” дешти. Бирок Бермет менен Калый экөөнүкү балалык эмес, түбөлүк сүйүү экенин билишет эле. Калый алып кетейин десе анын ата-энеси чалкасынан кетишти. “Бизди чанган немелер менен куда болбойбуз” деп туруп алышты. Айла кетти. Тою болор күнү Бермет эч кимге айтпай үйдөн качып кеткени угулду. Эч кимге кабар бербеди. Калый аны кайдан издээрин да билбеди. Ошол боюнча кумга сиңген суудай жок болуп кетти. Ата-энеси да кызына таарынган боюнча кабар алышпады. Беш жыл өткөн соң Калый башка кызга үйлөндү. Өзү деле каалаган эмес, ата-энеси болбой туруп алышты. Ал кезде интернет, телефон деген да жок эле. Бири-биринен такыр кабарсыз калышкан. Бермет да айылга эч каттачу эмес. Атасы каза болгондо катуу ыйлаганын Калый кимдир бирөөдөн укканы бар. Эми жолугайын дегиче кайра шаарга кайтып кетиптир. Ошол боюнча эми кезигип турган убагы.
– Айылга каттачу эмес элең?
– Жаш өткөн сайын ойлонот экенсиң, ата-энемдин алдында күнөөлүүмүн. Жок дегенде арбактары ыраазы болсун деп каттап турам. Алардын үйү бош, кулпу кайтарып калбадыбы. Иним болсо Москвага кетип калды, үй-бүлөсү менен ошол жакта жашайт. Менин жалгыз уулум бар, ал Америкада. Мен Бишкекте жалгыз калдым, айылга тез-тез каттап, ата-энемдин үй-жайын иреттеп, куран окутуп турайын дедим.
– Жолдошуң кайда?
– Жолум болбоду дейли,- деди Бермет үстүртөн жооп узатып. Чын эле жолу болбоду. Эки жолу турмушка чыгып, ажырашып кетти. Жалгыз уулун медер кылып жашап келет.
Жол бою экөөнүн сөзү бүтпөй божурашып келе жатышты. Жалгыздыктан кыйналган эки жан дүйнө эми бүтүн болгондой көңүлдөрү жайдары эле.
Бермет бир топ убакыт айылда калды. Калый күндө ар кайсыны шылтоолоп жардам бергени аныкына келет. Чарбагын тосмолоп, короого цемент куюп, кыска убакыттын ичинде чакан үйдү жаркыратып койду. Бермет да жадырап тосуп алып чайын берет.
– Бермет, кеч калдык деп ойлогом бактыбыздан. Бирок Жараткан дубаларымды угуптур. Жашыма күүгүм кирип калганда кайра сени таап алдым. Алтымышка жакындап калдым, мен мынчалык бакытты сезе элек элем сен кеткени. Ооба, жубайым менен жашадым, бирок сүйүүсүз курган өмүрдүн даамы чыкпайт экен. Сен дагы жашоодо кыйналыпсың. Мындан аркы өмүрүбүздү бактылуу кылып, бири бирибиз үчүн жашайлы. Кандай дейсиң?
Аял бактылуу жылмая берди. Анын көзүнөн тамып бара жаткан бакыттын көз жашы Калый үчүн жооп бергендей болду. Күүгүм кирип бара жаткан эле. Бирок экөө үчүн жаңыдан таң аткандай жаркырап жарык болуп турду үйдүн ичи.
ххх
Мындай чечимге алардын балдары да кубанычта болушту. Бир айдан кийин кадимкидей тойду чоң берип, апакай көшөгө тартып Калый Берметти үйүнө алып келди. 30 жыл мурун экөө кыялданган көшөгө ушул эле. Көшөгө да шуудурап бакытка термелип тургандай сезилди.
Айлин. Д.