Жамайка Токонова, төкмө акын: “ТУРМУШКА ЧЫККАНДА АЙТЫШПАЙ КАЛЫП ДЕПРЕССИЯГА ТҮШКӨМ”

Аты-жөнү – Жамайка Токонова

Туулган жылы, күнү 1995-жыл, 9-июль

Туулган жери –Бишкек шаары

Билими – жогорку. Юрист жана салттуу музыка, фольклор боюнча адис

Хоббиси – китеп окуу, ырдоо

Фобиясы – курт-кумурска

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, үч баланын апасы

Учурда Кыргыз улуттук “Манас” театрында иштейт.

– Жамайка, бешик боо бек болсун!

– Чоң рахмат! Үчүнчү ирет эне болуп жатсам дагы алгачкы жолу бала жытын жыттагандай сезим болду. “Балам, балалуу болгондо билесиң” деп кыргыз бекеринен айтпаптыр да. Өзүбүз балалуу болуп, жыргалы менен азабын көргөндөн кийин түшүнүп жатпайбызбы ата-эне кадырын. Тун наристемди жарыкка алып келгенде “аялдын бир ажалы төрөт” деген ушул экен да деп, энелердин баркын чындап түшүнгөм.

– Кош бойлуу кезиңизде айтыштарга катышып жүрдүңүз, оор болгон жокпу?

– Туура айтасыз, айтыштарга катышып жүрдүк. Бул нерсе мага оорчулук эмес, тескерисинче, эргүү тартуулап жатты. Сахнага чыккан сайын чыккым келе берди. Төрөгүчө эле сахнада жүрдүм. Ай-күнүбүз жетип турганда да Тогуз-Торого барып айтышка катышып келдик. “Бул жолу айтышка талгак болдум, эми чыкса ушул балабыздан чыгар” деп күлүп калабыз.

– Төкмө кыздын айтышка келип калганы да бекеринен болбосо керек?

– Окуй элек кезимде эле апам агам экөөбүзгө ыр жаттатчу. Эркелеп, жаттачу эмесмин, агам тез эле жаттап алчу. Ошондо “сен жаттабайт экенсиң, үйрөтпөйм болду” десе, “үйрөтпөсөңүз коюңуз, мен өзүм эле ыр чыгарып жаттап алам” деп уйкашса-уйкашпаса деле сөздөрдү кураштырып ырдай берчүмүн. Ошол кезде эле чымындар бар окшойт да. Кийин да ыр жазып жүрдүм. Үйдө бизге сыналгыдан кино, мультфильм көрүүдө чек бар болчу. Атабыз “пайдалуу берүүлөрдү көргүлө, же иш кылгыла” дечү. Ал эми айтыш, “Манас”, салт-нарк боюнча берүүлөр көрсөтүлө баштаса кылып жаткан ишибизди токтоттуруп, “ушул силерге керек, көргүлө” дейт эле. Ушундай тарбия менен көөдөнүбүзгө сиңирип койгон окшойт. Кийин бир телеканалда Азамат Болгонбаев, Элмирбек Иманалиев, Рысбай Исаков деген белгилүү инсандар менен чогуу иштеп калдым. Элмирбек Иманалиев “Айтыш” фондуна чакырып жүрдү. “Сенде кыргызга күйгөн сапат бар. Акын болуп кетпесең да 10 күндүк сабактарга катышып, акындардын кебин, кызыктуу окуяларын жаздырып алсаң, кийин жарыялайсың” дечү. Башында даап бара алаган жокмун, кийин анан улуу киши өзү чакырып жатса деп бардым. Анын үстүнө акындардын чөйрөсүнө аралашып көрүү мага кызык болду. Алгач анча-мынча сабактарын жаздырып жүрдүм. Бир күнү Амантай Кутманалиев “ай, кызым, сен көптөн бери келип жүрөсүң, бизге жөн адам келчү эмес эле. Сен деле бирдеме үйрөнгөндүрсүң, кел эми, айтышып көр” деп калды. Башкалар да “айтышып көр” деп кубатташты. Өмүрүмдө акын болом деп ойлогон эмесмин да. Эми кантип ырдайм залкар акындардын арасында деп уялып, тартынып жатып ортого чыктым. Болот Назаров “кел эми, акындыкта тушооңду мен кесип берейин” деп тамашалап, экөөбүз айтышып көрдүк. Ак бата берип, сүрөп, жол көрсөтүп жакшы ырдаган ошондо Болот агабыз. 4 сап кураштырып жооп берсем, “сенде чымын бар турбайбы, өнөрүңдү өстүрүшүң керек” деп калышты. Чын эле акын боло аламбы деп ишенип-ишенбей сабактарга катышып бир жылдай жүрдүм. Өнөр – табияттан берилген таберик. Элмирбек агайыбыз көрөгөч жан болгон экен. Ага жолукпасам, балким, башка кесиптин ээси болмокмун. Касиеттүү устаттардын баамчылдыгынан, көрөгөчтүгүнөн улам өнөргө аралаштым. Азыр деле толук кандуу акынмын дей албайм өзүмдү, дагы деле үйрөнчүкмүн.

– Алгачкы жолу чоң сахнага качан чыктыңыз?

– 2016-жылы 7-мартта чыгып, Садырбек Турдубек уулу менен айтышкам. Ал айтышты эстесем азыр күлкүм келет. Комузду жакшы черте албайм, вокал деген түшүнүк жок. Айтыш деген ушул экен деп эле ырдай бериптирмин. Садырбек аганын арыктыгына тийишип, аны тайганга теңеп ырдагам. Айтыштан кийин үйгө келсем, таежем “апей, ушинтип да ырдайбы, кичине бийигирээк ырдабайсыңбы” деген. Биринчи сынды ошол киши айткан.

1-2 жолу сахнанын, айтыштын даамын таткандан кийин жан дүйнөм эмне каалап жүргөнүн сездим. Өнөр жолу меники экен. Буга чейин жан дүйнөм бейпилдикти таппай жүргөн эле. Өнөр жолунан өзүмдү таптым десем болот.

– Атыңыз өзгөчө экен, ким койгон?

– Атымды апам койгон. Бир уламышта падышанын акылдуу, айлакер, баатыр мүнөз жалгыз кызы болуптур. Душман кол салганда ошол кызы айлакерлиги менен элин коргоп калган экен. Ошондой кыз болсун деп ниет кылып, ошол кыздын атынан атымды Жамайка деп коюптур.

– Акындардын кимиси менен айтышкан жагат?

– Устаттарыбыз “жуп тандабагыла, ким туш келсе да аны жакшы көрүп, сыйлап айтышкыла. Начар акын же жакшы акын деп бөлбөгүлө” дешет. Ар бири менен айтышуу кызык мага. Өзгөчө устаттар менен айтышып, алардын батасын алгым келет. Залкар акындардын бейнелерин окусак, мисалы, Токогул менен Калыктын айтышы, Эстебес менен Алымкулдун айтышы деп эл оозунда калып калган да. Биздин дагы айтыштарыбыз устат-шакирт айтышы катары тарыхта калса, ошондой мыкты деңгээлдеги айтыш курсак деп максат кыла берем.

– Өнөр жолунда жүрүүнүн артыкчылыктары эмнеде сиз үчүн?

– Жан дүйнөң каалаган ишти кылсаң, өзүңдү бактылуу сезесиң. Айтышка чыккан сайын бактылуулукту сезем. Турмушка чыккандан кийин орун-очок алганча деп 2 жылдай тыныгуу болуп калды. Кайын журтум кандай кабыл алат, айтышта көпчүлүгү эркектер, жолдошум эмне дейт деген ойлор болду. Ошондо кадимкидей депрессияга кабылдым. Жашоомдо баары жакшы, бирок жүрөгүмдө тынчтык жок эле. Биринчи балабыз төрөлгөндөн кийин кайнене-кайнатам, жолдошумдун колдоосу менен акырындан кайра аралаша баштадым. Ошондон капастагы кушту коё берген сыяктуу эркиндикке чыккандай болдум. Учурунда түшүнүп, мени колдогон кайын журтума, жолдошума рахмат айткым келет.

– Өмүрлүк жарыңыз да чыгармачылыкка жакын адамбы?

– Өнөрдөн алыс адам. Бирок айтыштын күйөрманы, экөөбүздү айтыш табыштырган. Өзү көп жылдан бери экономика жаатында эмгектенет. Айтыштарды көрүп, мага да кеп-кеңешин айтып турат. Эң биринчи сынчым, колдоочум жолдошум.

– Коомдогу көйгөйлөр тууралуу ырдап каласыз, кайсы көрүнүштөр жүрөгүңүздү оорутат?

– Ар бир көйгөй жүрөгүмдү оорутат. Биздин эртеңибиз болгон балдарыбыздын көйгөйлөрүн алдын ала чече алсак дейм. Канча деген ата-энелер көр тирилик деп алыс жакка кетип жатышат, уул, кыздарыбыздын толук тарбия ала албай жатканы ойлондурат. Аялзатынын кордолуп жатышы зээнимди кейитет. Жаштардын билим деңгээли, нарк-насил, салттын унутулушу, батышты, чыгышты ээрчигендер, замандаштарыбыздын Кыргызстандын келечегине кайдыгер караганы ойлондурат.

– Жашоодо өкүнүчүңүз барбы?

– Азыркы даражага жетишиме атамдын салымы абдан чоң. Кичинемде “менин кызым элдин кызы болот” дей берчү. Кийин журналистикада жүргөндө “менин кызым эл көйгөйлөрүн айтып жүрөт” деп бир сүйүндү. Акындыкка жаңыдан кадам таштап жатканда көзү өтүп кетти. 2 жолку айтышымдын видеосун көрсөтсөм көзүнө жаш алып сүйүнүп, батасын берген. Ал кезде ооруп төшөктө жаткан эле. Азыркы ийгиликтеримди да көрсө болмок деген өкүнүч бар ичимде.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан