Гүлсара Ажибекова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ЖАШООГО БОЛГОН КӨЗ КАРАШЫМА, КАЛЫПТАНЫШЫМА СҮРӨТЧҮЛӨРДҮН ТААСИРИ ЧОҢ»

Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын дагы бири, “Кызыл алмада” Темирдин аялы Сабиранын, “Эрте жаздагы турналарда” Султанмураттын апасынын, "Бороондуу бекетте" Үкүбаланын, “Фудзиямадагы кадыр түндө” мугалимдин, “Найман эненин кошогунда” Найман эненин ролун аткарган белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлсара Ажибекова менен маектештик.

– Арыбаңыз, эже! Кино, театрга жетелеген алгачкы кездерди эске салып көрөлүчү...

– Рахмат. Бул сезимдер бала кезден башталат турбайбы. Бала кезде эжем экөөбүз жайында 3 ай чоң энемдин жанында айылда, жайлоодо, энемдин эки уюн кошо багышып, тоолордон көбүргөн, шимүүрлөрдү терип жүрчүбүз. Ушул чоң энем менен жашаган үч ай менин эсимде түстүү кинодой, ал эми Фрунзедеги жашоом кара-ак болуп элестеп калыптыр. Фрунзеде орус мектепти бүттүм. Бир курбумдун апасы опера театрында эсепчи болчу. Анын артынан көп спектаклдерге бардык. Бир жолу ал жактан Бүбүсара эжени (ред.: Бейшеналиева) көргөнүм эсимден кетпейт. Отурабыз, сахнада тим эле чимирилип бийлеп жатат. Анан тыныгууда курбум экөөбүз апасына баратсак, артымдан аябай бирөөнү муунтуп жаткандай кышылдаган үн чыкты. Карасам, жанымдан Бүбүсара эже көкүрөгүнө чейин тер агып суу болуп өттү, көрүп эсим чыгып кетти. Бүбүсара эженин ал элесин таптакыр кабыл ала албай койдум. Тыныгуу бүткөндө эже кайрадан татынакай болуп, жанагыдай эле так секирип бийлеп жатканын көрүп аябай таң калдым. Ошондо сахна артында кандай чоң эмгек жатканын түшүндүм.

Мендеги театрга, киного болгон кызыгуу бала кезден башталды. Чоң энемдин жанында жүргөндө айылга театр келгени эсимде. Көрүүчүлөр кырга отурдук, артисттер ылдый жакта. Жарык күйгөндө, алар жасанып чыкканда бир укмуш көрүнөт экен. Тим эле бир асыл таштарды көрүп жаткандай таасир калтырды, көзүңдү башка жакка бура албайсың. Ошондо ашык болдум. Кийин мектепте курбуларым менен пьесаларды жазып, спектакль ойной берчүбүз. Аны ата-энелер чогулушунда ойноп берчүбүз. Кийинчерээк “Мугалимдер үйүндө” спектаклге катышып жүрдүк. Мектепти бүткөндө ГИТИСке тапшырып, ал жакта 5 жыл окудум.

– Кантип Чыңгыз Айтматовдун каармандарына айландыңыз?

– Чыңгыз агайдын каармандарынын баары менин туугандарымдай сезилет. Мурун буга таң кала берчүмүн. Көрсө, Чыңгыз агай ошол учурдагы адамдардын тагдырларын көрсөтүптүр. Ал тагдырлар биздин айылда, менин туугандарымдын арасында да көп.

Окууну бүтүп келип, Кыргыз академиялык театрына кирдим. Ал жактан жалаң корифейлер менен иштедим. Ошол кезде Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары театрларда коюлуп, кинолор тартылып жаткан кез. Биринчи “Кызыл алмага” тартылдым. Тасма мен театрда 2 жылдай иштеп калганда тартылды. "Төлөмүш Океев Айтматовдун чыгармасын тартат экен. Наталья Аринбасарова, Таттыбүбү Турсунбаеваны чакырыптыр" деп уктум. Анан мени да чакырды, мени отчёт бериш үчүн чакырды го деп эле баргам. Ошентип мен да өтүп кеттим. "Кызыл алма" менен дүйнөлүк фестивалга бардык. Ал жактан бүт дүйнөдөн келген жылдыздарды көрдүк. Ошондо мени Таиландга киного тартылууга чакырышкан. Башкы каарманды ойномокмун. Ал жактан келгенден кийин пилдин сүрөтү бар маркалар чапталган каттар көп келди. Анда биз СССРдин кинематография боюнча мамлекеттик комитетине баш ийчүбүз. Алар мени жибербей коюшту. Америкага 1988-жылы биринчи жолу делегация барган, ошол биринчи делегациянын арасында мен да бар элем.

– Тасмага тартуу учурундагы кызыктуу учурлардан айтып берсеңиз...

– Болот Шамшиевдин “Эрте жаздагы турналар” тасмасында Султанмураттын энесинин ролун ойнодум. Чыңгыз агай мындагы ролумдан өзүнүн апасына окшоштурчу экен. Кинодо Султанмуратты атып салышат эмеспи, аягында мен атасы согуштан келгенде “мен балаңды сактай албай калдым” деп угузган жери бар. Ошол жерин тартканда бекетте поезд келатат, камера, духовой оркестр, бул жакта атчандар, бул жакта эл толтура. Мен угузушум керек. Аябай даярдандым, ошол абалды жеткире аткарайын деп турсам эле, камера жыгылып баратат. “Сто-оп!” деди. Ошентип бир топ убара менен тартканбыз.

“Саманчынын жолун” тартып жатканда Чыңгыз агай келип калды. Андан “кайнене-келиндин ички жан дүйнөлөрүн сиз кайдан билесиз?” деп сурасам каткырып күлгөнү эсимде. “Найман эненин кошогу” боюнча, мурун кинонун аты “Маңкурт” болчу. Кинону көргөндөн кийин Чыңгыз агай “Найман эненин кошогу” болсун” дептир. Анда канча адамдан бешик ырын, кошокторду уктум, көңүлүмө жакпады. Анан Алтынбек Максүтовдон ушул бешик ырын үйрөндүм. Кийин аяштарым көргөндө эркегинен өйдө ыйлап, кошо толгонушуптур. Менимче, артисттин чоң ырахаты ушул. Сен ойноп жаткан персонаждын жан дүйнөсүн толук ача билсең, ошону жашап бере алсаң, ошондон өткөн чеберчилик болбойт го. Бир эле сезимиң менен адамдын жүрөгүнүн толтосунда каласың.

– Чоң эне, таене да болуп калсаңыз керек?

– Ооба, бир уул, бир кыздын энесимин. Уулумдан 2 уул, кызымдан бир уул неберем бар.

Биринчи жолдошум менен Москвага окууга барганда таанышкам. Ал сүрөтчү, анын артынан бүт сүрөтчүлөр менен тааныштым. Менин жашоого болгон көз карашыма, калыптанышыма сүрөтчүлөрдүн таасири аябай чоң болду. Азыркы жолдошум артист, азыр деле киного тартылып жүрөт. Неберемди карап кызыма жардам берет. Эми жашоо ушундай экен да.

– Бактылуусузбу?

– Ооба, бактылуумун. Көз тийбесин. Уулум музыкант, бул жакта президенттик оркестрде ойночу. 2002-жылы үй-бүлөсү менен Америкага кеткен. Өзүнүн нанын өздөрү таап жешет, сабак берет, оркестрде ойношот. Кичүү неберем Нью-Йорктогу Карнеги-холл концерттик залында дагы ойноптур. Андан сырткары фихтование менен алектенет. Улуу неберем генетикалык инженерия менен алектенет. Кызым бул жерде баласы менен, ал банкта иштейт.

Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрайымы болуп турганда үйүмдү тоноп кеткенде катуу кайгырдым. Үйдөн сейфти көтөрүп кетишиптир, ал сейфте "Кино үйүнө" керектеле турган чоң суммадагы акча, өзүмдүн бизнесим бар эле, анын акчасы, апамдын, таенемдин жумуру билерик, кемер курлары, күмүш-алтындары да бар эле. Карабайсыңбы, акча болгон жерде телефондор угулат, артыңдан аңдышат тура. Адамдар ушуну жасайт экен. Бул 2003-жылы болду. Анын баарын эстегенде жүрөк ооруйт. Ошол кезде катуу кайгырып, мындайча айтканда, жан дүйнөмдө бурганактан өттүм. Үйдө жатып сыздап ыйлап, ушунун баарын жашап өттүм. Адамды өлтүрбөгөн нерсе курч кылат. Көтөрө алган адамга сыноо берилет экен. Бул мага берилген сыноо болду. Буюрса, азыр баары жакшы.

– Азыр да театрга барып турасызбы?

– "20 жылдан бери театрдан алыстап кеттим, кинодон алыстадым" деп ойлоно берчүмүн. Адамдын ою, изденүүсү, ой жүгүртүүсү токтобойт да. Анан бир күнү театрга барып калдым, спектаклдерди көрдүм. Бир чети таң калычтуу сезим пайда болду. Мен театрдан эч жакка кетпептирмин. Мага азыр гана жыты, даамы келгендей, алаканга салгандай баары көрүнүп турду. Андан кийин дүйнөлүк кинофестивалда комиссиянын мүчөсү болдум. Адамдын бул дүйнөгө жаралышынын өзү драмалык тагдыр турбайбы. Баары билет да баары бир бир күнү өлөт. Ошого карабай адам жаралгандан финишке жеткенге чейин позитивге, жашоого умтулат экен. Ар бир таңдын атканы эле кандай керемет!

– Убакыт бөлүп маектешкениңизге ыраазычылык. Ден соолугуңуз бекем болсун! 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан