“Кайсы жакты караба Аскат Сулайманов. Ансыз Кыргызстанда кино тартылбай калды” деген тамашалар элди аралап жүрөт. Жылдызы жанып турган актёр гезитибиздин башкы бетинен да орун алып, ачык, кызыктуу маек куруп кайтты.
– Аскат байке, саламатсызбы? Бул жылы канча тасмага тартылдыңыз?
– Саламатчылык. Бул жылы 7 тасмага тартылдым. 2 тасмадан баш тарттым. Анткени “кинонун баары сен болуп кеттиң, кичине эс албайсыңбы, биз да тартылалы” дегендер болду, орун бошотоюн дедим.
– Кайсы бир актёр, актрисалар “аябай көп чыгып элди тажатып албайлы” деп кээде өздөрүнө, элге тыныгуу беришет экен. Бул туурабы?
– "Тулпар тушунда" деп коёт. Тартып жаткан кезде тартылып алыш керек. Убакыт өтөт, менин ордума башка актёрлор келет. “Азыр тартылбай коё турайын” деген туура эмес. Мени чакырып жатышса, демек, менин бир нерсем тартып жатат. Врачтар “мен быйыл 17 кишиге операция жасап салдым, кичине эс алайынчы” деп кетип калбайт да. Жылына 1-2 тасмага тартылчумун. Быйыл көп сунуш болду. Бир тасмага тартылгым келген эмес. Бирок суранышып, акчаны да көтөрүп беришкенинен макул деп тартылдым. Өзүмө ал тасма жаккан жок.
– Кайсы бир тасмага тартылганыңыз үчүн өкүнүп калган учур болдубу?
– Ооба, көп эле. Жаш кезде чакырса, ойной калып таанылып калсам дейт экенсиң да.
– Эмнеге Аскат Сулайманов? Эмнеге режиссёрлор көбүнчө сизди чакырып жатышат?
– Бир ирет “башка актёрду чакыргыла” деп бир тасмага тартылуудан баш тарттым. Гонорарымды атайын жогору айттым. Ага да макул болушту. Болбой эле “башканы тарткылачы” десем, режиссёр “кимди чакыралы сиз сунуштаңызчы” деди. Ойлонуп кимди сунуштаарымды таппай койдум чын эле. Меникиндей амплуадагы актёр жок экен. Ар актёрдун өз амплуасы бар. Комедиянын заманы болуп жатканы үчүн мени көп чакырып жатышат го дейм. Мен комедиялык тасмаларда ойноп жатпаймынбы.
– Учурда тасмаларга таанымал блогерлерди тартып жатышпайбы. Алар окшоштура албай кыйнап жатса кандай кабыл аласыз?
– Башында арабызга келгенде кичи пейил болуп учурашып, сүйлөшүп кетсе, анда жардам берем. Кээ бирөө бар, керсейип келип, кишини карап сынап, качан мага келип учурашат деп отурат. Өздөрүн ай-ааламды титиретип жаткан жылдыз сезип алышат. Андайларды көрсөм ачуум келет. Алар туура эмес кылып жатса урушуп коём. Жакында “Особняк” деген кино тартылбадыбы. Анда Айка деген кыз да роль жаратты. Жаштар ал кызды “Святоша” деп таанышат экен. Аябай жаркылдаган, барган жерин жаркыраткан кыз экен. Менин кичүү кызыма да окшош экен. Ал кыз өзү жакшы ойноду, биз да жардам берип жаттык. Андайларга чын дилиң менен жардам бергиң келет да, өсө турган адам ушундай болот. Кинодо жинге тийген блогер сымалдарга көп жолугам. Киши менен урушканды жаман көрөм, бирок жанагындай мамиле кылганда ачуум менен кагып да салам.
– Эмоционалдуусузбу?
– Өтө эмоционалдуумун. Жиним келсе ошол жерден эле айтып коём. “Кой, эмне деп ойлоп калат” дегенди билбейм. Айтып салып, анан антпей эле койсом болмок экен деп калам.
– Сизди комедиялык ролдоруңуздан улам тамашакөй, дайыма жаркылдап жүргөн адам деп билебиз. Чыныгы өзүңүздөй каарманды ойноп көрдүңүзбү?
– Эл комедия аткарган Аскатка көнүп калган. Мени башка образдар менен анча кыбал алышпаса керек. Эл актёр, актрисаларды кинодогу образдары менен кабыл алышат. Ал дагы адам, жашоодо башкача болушу мүмкүн деп ойлоно беришпейт. Ушуну түшүнбөгөндөрүнө нааразы болуп кетем кээде. Чыныгы өзүмдөй каарманды ойнодум жакында. Алдыда чыгат ал кино, көрөсүңөр. Кыргызстан менен Казакстан чогуу кино тартып жатышат. "Дерзкий", кишиге жакшылыгы жок полковниктин ролун ойнодум.
– Сиз ошондойсузбу?
– Ооба, ошондоймун.
– Көрө албастык барбы айланаңызда?
– Толтура. Чогуу иштеген эле актёрлор “ролдоруң окшош болуп жатат, кичине эс албайсыңбы, акча болсо эле болду турбайбы” дешет. Ошонун баары эле көрө албастык да. Көрө албаган киши айтат минтип. Сыйлаган киши ролдорум окшош болуп жаткан күндө да “азамат, бул да жакшы болуптур, тиги да жакшы болуптур” деп дух берип турат. Бир туугандарың, үй-бүлөңдөн башкалардын баары эле көрө албайт. Кээ биринин көзүнөн көрүп калам. “Ай, сен тигинтип жаткан турбайсыңбы, азамат” дейт, бирок ары жагынан “эмнеге менин балам мындай эмес” деген үн чыгып кетет. Анын сыңарындай дүйнөнүн баары эле душман сага. Сенден өйдө турган киши гана көрө албастык кылбайт.
– 40тан өтүп, 50 жашка бет алган мырзага жашоодо эмнелер көбүрөөк кызык болот экен?
– Баары эле кызык. Өлгөнгө даярданып калды дейсиңби? Эч нерсеге кызыгуум тарай элек. Он сегизимде кандай болсом, кырк бешимде деле ошондоймун. Болгону акыл азуу чыгып, ким кандай экенин, айрым маселелерди кандай чечиш керек экенин билип калат экенсиң. Эрте карыгым келбейт менин. Карычу кез да келет. Азыр жапжашмын. Мурда 45тегилерди болду өлүшү керек деп ойлочумун мен дагы(күлүп). Азыр өзүм 45темин. Улуу балам үйлөнсө кантип куда болом деп ойлонуп жатам. Өзүм ичимде бала кыялмын да. Балама “коё турчу, карыйын” десем, “жашым өтүп баратат” дейт.
– Аялдарга карата зомбулук тууралуу оюңуз кандай?
– Жаман эле болуп жатат. Мурда жылдыз учканда каалоо-тилек айтыш керек деп ишенчү эмес белек. Ошондо жылдыз учканын көрсөм, “аялыма колум тийбесе экен” дечүмүн. Кудайга шүгүр, ошондой эле. Биз деле урушабыз, казак-аяк кагышат. Бирок баса калып сабап, оозу-мурдун канжалатып, кулак-мурдун кескен туура эмес да. Зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү реабилитациядан өткөрүш керекпи деп да ойлоном. Маселени бир тараптуу карабай, бардык жагынан караш керек. Баарынан да жаш балдар, кыздарга карата жасалган зордук-зомбулук жүрөгүмдү оорутат. Андайларга аябай катуу жаза берилиши керек. Менин да балдарым бар, баары чоңоюп келе жатышат. 11-класста окуган кызым кичине кечиксе, телефонун албай калса эмне кыларымды билбей денем ысып, тиштерим бошой түшөт. Ар бир ата-эне ошондой да, өз баласын коргогусу келет. Зордук-зомбулук деген аябай коркунучтуу нерсе. Мамлекеттик органдар психологдор менен бирге ойлонуп көйгөйдү чечүүнүн жолун таппаса, ага менин акылым жетпейт.
Перизат Музуратбекова