(Башы өткөн сандарда)
Канат эмне дээрин билбей инисин тиктеп тура берди.
– Эй, сага эмне болду?- деди Жанат.
– Эч нерсе,- ийинин булкуп алган Канат буулуга берди. – Мен бир аздан кийин даяр болом. Жуунуп алайын.
– Кечигебиз, жуунбай эле койчу...- деп тыбырчылайберди Жанат. Адатта токтоо жигит минтип турганы жөн жерден эмес эле. Көздөрү жайнап, куду кичине кезиндегидей өрөпкүп алганын байкады. Жуунуп чыгып, колуна эмне тийсе кийди да, жөнөп калды. Жанат өзү менен өзү. Агасынын адаттан тышкаркы абалын байкаган деле жок. Чакан кафеде белгиленип жатыптыр туулган күн. Шоола Канаттын жолун көздөп турганбы, дароо алдынан чыкты.
– Салам, эмне кеч?- деди кыз таарынгандай. Канатка бетин тозгону менен, ал өзүнөн оолактата бергенин сезди.Таң кала көздөрүнө тигилди. Канат көзүн ала качты.
– Кеч чыгып калдык,- дегендей бир нерсени күңкүлдөдү. Жанында турган Жанатты далысы менен сезип жатты. Жанат кыздан көзүн албай тиктей берди. Шоола аны такыр көрбөгөндөй. Канатты эле тиктей берди.
– Туулган күнүң менен!-деди Жанат көз айнегин оңдой берип. Колундагы бир кучак гүлдү суна берди.
– Рахмат!- деди Шоола. Бирок Жанатка көзүн токтотпой гулдү ала койду. Дагы деле Канаттын жүзүнө тигиле берди.
– Атаңдар да келдиби?
– Ооба, бул кечеде сени атам менен тааныштырам дебедим беле. Апам дагы күтүп калды.
– Шоола, бул жолу мени классташ катары эле тааныштырчы, макулбу?-дей берди шыбыраган Канат. Бул сөздү ал араң айтты.
– Эмне-е?
– Башка жолу таанышалы, мен тренировкадан чыктым, башым бир аз ооруп жатат. Сени капа болбосун деп эле араң келдим. Кайра эле чыгам.
Шооланын көздөрүнө жаш толуп кетти. Бул кече ал үчүн өзгөчө болуш керек эле. Канатты атасына тааныштырып, экөө үйлөнөрүн айтышмак. Эч нерсени түшүнө албай калды. Башка кыз болсо, балким, кыйкырып, же ачуусун чыгарып алмак. Шоола андай кыздардан эмес эле. Жигитинин кызыктай мамилесине эч нерсе дей албады. Тамагына бир нерсе тыгылгандай болуп, куттуктоолорду араң кабыл алып жатты. Канат чын эле башы ооруп чыкты. Даңкылдакка көнбөгөн жаны бир аздан кийин эле сыртка чыгып кетти. Классташтар кыйкырып-өкүрүп, маанайлары көтөрүңкү жыргап жатышканын айнектен карап турду. Эгерде каргашалуу Жанаттын жазгандарын окубаса ал дагы минтип жиндиленип жаткан болот эле. Бирок окуду. Өзүнүн жанындай көргөн иниси анын Шооласына ашык экенин билди. Муну билмексен болуп жашай бериш керекпи? Же инисинин жанын чокко салып, Шооланын жанында болуусу керекпи? Экөө тең анын жүрөгү, бирок кимисин курмандыкка чалышы керек? Кана, Канат, бул абалдан кантип чыга аласың? Бул оор жүк эле. Өмүр бою ушу оор жүктүн алдында эзиле турганын элестеткенде жаны кашайып турду.
ххх
Жанат болсо көптөн бери биринчи жолу бактылуу. Шоола адаттагыдан да сулуу болуп кеткендей сезилди. Көгүлтүр көйнөгү, тармал чачтары өзүнө жарашып, чырайына чыгып калыптыр. Бирок көздөрү капалуу эле. Канат да айланада көрүнбөдү, Жанат эрк-кайратын жыйнап туруп кызга жакын барды.
– Шоола?
Ага кылчайып карап калды кыз.Жанат апкаарып кетти. Мынчалык жакын келип карегине кароону көптөн бери кыялданбады беле? Көз айнегин оңдоп алды да, чөнтөгүнө колун сала берди.
– Мына, сага белек!
Шоола рахмат айтып кутуну ача берди. Калем экен. Кымбат баалуу.
– Сени күндөлүк жазат болуш керек деп ойлодум. Дайыма сенин жаныңда жүрсүн... Мени эстетип...- акыркы сөздөрдү кекечтене араң айтты.
Шоола таң калып калемди колуна алды. Анын күндөлүк жазып жүргөнүн Канат дагы билбейт эле да. Бул кантип билип койду? Чын эле сезимтал жигит ушу...
– Хм, чоң рахмат. Бирок сен кантип билип алдың менин күндөлүк жазарымды?
– Билем,- деди жылмайган Жанат. – Анткени сендей же мендей ден соолугу анча эмес адамдар болгон сезимин кагазга төгөт. Анткени бизди башка адамдар түшүнүшү кыйын.
Шоола Жанатты биринчи көрүп жаткандай карады. Кызыктай жигит, такыр Канатка окшош эмес. Элдер аларды окшош дешет, бирок ал сырткы гана көрүнүшү. Канат буга такыр окшобойт.
– Канатка эмне болгон?-деди таарынычтуу.
– Билбейм, кызыктай абалда келди. Тренировкалардын пайдасы...- деди Жанат. Эмнегедир себепсиз жылмая берди. Жөн эле бул кыздын жанында турганына, аны менен тең ата сүйлөшүп жатканына бактылуу эле. Шоола көздөрү менен Канатты издеп жатты. Ал көрүнбөдү.
– Канатты чакырчы, ал кайда кетти?- деди тынчсыздана.
Жанат ийинин куушура берди. Классташтарынын бири келип Шооланы колдон ала ары алып кетти. “Каап, мен бийге чакырбай” деп өкүнүп алды Жанат алардын бийлеп жатканын көрүп. Эмне кыларын билбей сыртка чыкты. Канат жалгыз отурган экен. Жанына барды.
– Сага эмне болду?
– Эмне кылып жатышат?
– Бийлеп жатышат, сен эмне эле кыздардай болуп кыялыңды көрсөтүп калгансың?- деди Жанат.
– Башым ооруп жатат, мен үйгө кеттим. Сен качан келесиң?
– Кеч барам.
– Анда кеттим.
– Шоолага эмне деп коёюн?
– Өлгүсү келип жатат де.
Канат ызалуу ушуларды айтты да, кетип калды. Апасы аларды күтүп отурган экен. Канатты көрүп чочуп кетти.
– Эмне болду, балам? Кана иниң?
– Калам деди. Башым ооруп жатат, апа. Мен кете бердим.
– Баары жакшы элеби?
“Жок, апа, жакшы эмес. Такыр жакшы эмес.Менин сүйгөн кызымды иним сүйүп жүрүптүр. Мен эми эмне кылышым керек?” деп жатты көздөрү. Оозунан таптакыр башка сөздөр чыкты.
– Бир аз эс алсам жакшы болуп калам, сиз уктай бериңиз, апа.
– Жанат жалгыз калдыбы?
– Чоңойду, апа, тынчсызданбаңыз, баары жакшы болот.
Түндү теше тиктеп жата берди. Уйкусу келбеди. Жанат Шооланы кандай көз караш менен карап жатканын эбак эле байкаса болмок экен. Эми байкады, анан эмне болду? Эмне кылышы керек? “Шооладан баш тартыш керек” деп жатты акылы. “Жинди болбо, сен ансыз жашай албайсың” деп жатты жүрөгү. Ошентип жатып уктап кеткен экен, таң атпай эшик шарак ачылганынан улам ойгонуп кетти. Караса Жанат экен, көз айнеги кыйшыйып мас. Канат ордунан ыргып турду.
– Тысс, атамдар ойгонот.
– Хе, ойгонсо эмне болмок эле. Менин концертимди деле алар көрсүн. Мен эле алардыкын көрө бермек белем.
Инисинин чайпалган денесин кучактай калды. Ичимдиктин жыты бур дей түштү.
– Эртең баштарын бирден кармап жулбасамбы... Ким ичирди мынча сага?
– Хе, мен өзүм ичтим. Алар болгону “Жанат, ичесиңби?” дешти. Ичтим. Сонун! Во! Биринчи жолу эркин сезип жатам өзүмдү. Мен эч кимден коркпойм.
– Ооба, кыйынсың, болду эми жат!
Жанатты керебетине сүйрөп келди. Буттарын чечип жаткырды. Тиги анын колун мыкчый кармай берди.
– Ал биринчи жолу менин көздөрүмө карады, Канат. Менден жардам сурады, элестет, ал менден жардам сурады.
– Ким?- дегени менен, Канат ошол ысымды уккусу келбей турду.
– Шоола!
Жанат булдуруктай берди бирдемелерди. Өмүр бою аны унута албай турганын, ансыз жашоо кунарсыз экенин айтып жатты. Канат өмүрүндөгү эң оор чечимди ошол түнү кабыл алды...
(Уландысы кийинки санда)