Жүздөрүнө көйгөй көлөкөсү түшкөн пенделер моюн созо алдыңкы катардагыларды карап, “качан кезек келет, кандай жооп угаар экенмин?” дегенсип санааркай, жабылуу турган эшиктен көз алышпайт. Анда-санда гана бири-бири менен акырын сүйлөшүп, кандай каран калгыр тагдыр бул жерге жетектеп келгендигин сурап коюшат. Ортодогу адамды тумчуктурган жымжырттыкты
бузууга даабай, алардын катарына мен да кошулдум. Тагдырдын тайкүлүк ташы түркүн кыйноого салса да, жашоо менен күрөшүп келе жаткан замандаштар, алардын тагдыры, аларга ат көтөргүс кубаныч тартуулап жаткан айтылуу хирург менен жакындан таанышып, билгибиз келген. Таң атпай минтип отуз-кырк адамды үмүт, ишеним арттырып чогулткан бул кабылдама атпай журтка таанымал ортопед-хирург, травматолог ЖУМАБЕКОВ САБЫРБЕК АРТИСБЕКОВИЧТИКИ эле.
Кезек күткөндөрдүн арасынан мындан эки жыл илгери Сабырбек Жумабеков операция жасаган Теңизбек аттуу жигитти да көрдүм. Табияттын жаңылыштыгынан улам тубаса майып төрөлгөн замандаштарыбыз бар. Алардын бири ушул жигит эле. Атайын жанына барып таанышып, жандан башкача жаралган тагдыры, азыр баштан кечирип жаткан күндөрү жөнүндө баарлашып калдык.
«ЖАРАТКАНДЫН СҮЙГӨН ПЕНДЕСИСИҢ...»
Мен туш тарабын ак чокулуу тоолор курчаган Тогузторо районунун Казарман айылынан боломун. Атам Беккул мен билгенден бизди багуунун аракетинде мал менен алышса, апам Канышай эртели-кеч үй тиричилиги, мени менен убара эле. Кандайча минтип элден өзгөчө жаралып калганым түшүнүксүз, айтор, эки бутум тизесинен алдыны көздөй буралып, бүгүлүп төрөлүптүрмүн. Ата-энем кичинекей кезимде ооруканадан ооруканага, врачтан врачка көрсөтүп жүрүп чарчашса керек. Мен акыл-эсиме кире баштаганымдан тартып апам мени “Балам, Жараткан сүйгөн пендесине дарт берет, сен анын сүйгөн пендеси болсоң керек” деп алаксытаар эле...
РАДИОДОГУ УКТУРУУ
Жашоодо өмүрүңдү түп-тамырынан бери өзгөртүп жиберген окуя болот экен. Мына азыр да эсимде, 2004-жылдын күз айлары болчу. Апам, атам үчөөбүз үйдө радио угуп отурганбыз. Радиого кайсы бир маселеден улам врачтарды чакырышып, маек уюштурушкан экен. Ошолордун арасында бир хирург-ортопед сүйлөп, сөөктөрү тубаса кыйшык, майып төрөлгөндөрдү оңдосо болоорун айтып калды. Көрсө, ал врач профессор Сабырбек Жумабеков экен. Балким, өмүрүмдө ордумдан туруп баса алаарымды элестетпесем да, жүрөгүмдүн кайсы бир бурчун ушундай жылуу, эч кимге айта албас үмүт уялап келгендир. Айтор, радиодо сүйлөгөн врачтын кебин уккан күндөн тартып тынч уктай албай, ошол хирургга жетсем эле басып кетчүдөй талпына бердим. Анымды апам сезип, атам экөө кеңешип, мени Бишкекке Жумабековго алып келишти. Ал бизди жылуу кабыл алып, рентген сүрөттөрүн көрүп, “100 пайыз кепилдик берем деп айта албайм, бирок, оңдоого болот” деп айтканында тынчый албай келген жүрөгүм кадимкидей тынчый түштү.
«КУДАЙ ДЕП КИР, БАЛАМ!»
Операция мен ооруканада бир жарым ай даярданып жаткан соң 2005-жылдын кышында болду. Мени түнү бою туш-туштан жабалактаган “мүмкүн ушул боюнча апамдарды көрбөй калаармын...” деген сыяктуу ойлор уктатпай чыкты. Операцияга киргизип баратышканда Сабырбек Артисбекович токтотуп алып далымдан таптай: “Кудай деп кир, балам!”- деди. Ушул кеп мага кадимкидей дем берди.
Алгач оң бутума, кийинчерээк сол бутума операция жасашып, андан соң 4 ай ооруканада жаттым. Буга чейин денемди толук кароого мүмкүнчүлүк бербей алдыны көздөй кайрылып туруучу буттарым түздөлүп калганына ишенип-ишене албай карап жата берээр элем. Анан жүрөктү толкунданткан эң маанилүү күн келди. Таңкы кароого келген Сабырбек Артисбекович апам экөөлөп мени колтуктап тургузуп бастырышты. Бул менин 18 жылдык өмүрүмдөгү биринчи кадамым эле!
Андан бери 3 жыл өттү. Азыр анча-мынча жумуштарга кол кабыш кылып, эң башкысы китеп окуп, тамга жазганды үйрөндүм. Өзүмдөн көп жаш кичүү балдарга кошулуп мектепке барып окуу ыңгайсыз болгондуктан, атайын мугалимдерге барып жекече билим алууга туура келди. Учурда тилегеним – аттестат алып, кайсы бир окуу жайына тапшырып, бир кесипке ээ болуу. Бутумду көрсөткөнү Бишкекке көп келем. Келген сайын ишенимдүү жашай турган жай жок, мага ылайыктуу жумуш да жок кыйналып калам. Ошондон улам “өмүр бою ушинтип жүдөп жүрө бергенге болбойт, канчалык кыйналсам да бир кесипти аркалап, келечегиме кам көрүшүм керек” деп чечтим. Ал эми жомоктогудай эрдик кылып мени бул өмүргө кайрадан жараткан хирург Сабырбек Жумабековду өзүмдүн Кудайымдай көрүп калдым. Көптөгөн адамга бакыт тартуулап жаткан инсанды ийгилик жылоолосун деп айтаар элем.
Теңизбек менен маектешкиче биздин кезек да келип, хирургдун кабинетине кирип таанышып, ага кошулуп алып таңкы кароого катыштык. Анын жеңил, ийкем колунан бакыт таап, кайрадан жашоого төрөлүп, кубанычтары коюнуна батпай турган оорулуулар жаткан палаталарды аралай басып жүрүп, дарыланып жаткан Элмира аттуу келинге туш болдук. Бир ыйлап, бир жылмайып отуруп бул келин да бир нече жылдар бою тирүүнүн тозогу болуп кеткен өткөнүн айтып берди.
БАЛАЛЫКТЫН КИРСИЗ АСМАНЫ...
Асманында бир үзүм булуту жок бактылуу балалык жылдарым Ысыккөлдүн Семёнов айылында өттү. Өзүм 6 бир туугандын экинчисимин. Мектепти жаңыдан аяктап, бүтүрүүчү экзамендерди тапшырган соң “мына эми жаңыча жашоо башталат, окууга тапшырам, студент болом...” деп кыялданып бүтө электе алакачып кетишти. Мени алакачкан жигит Темирлан экен. Ары кетип, бери кетип, урушуп, кайра ыйлап жатып “таш түшкөн жеринде оор” деген сыңары кала бердим. Табият аял-эркекти жуп кылып жаратып койгон соң адам баласы бул жашоодон өзүнүн жан шеригин тапканы оң. Башында бул жигитке көнө албай кыйналсам да, нике кайып этип, аны менен бир жан, бир дене болуп калдым.
Убакыт учкан куш экен, билинбей күнүмдүк көр-тирилик менен алаксытып, өтүп кете берген. Алгач уулдуу, андан соң кубанычыбызга кубаныч кошулуп, ал экиге чыкканда кыздуу болдук. Ким билет, балким чын эле буга чейин билинбей келген илдет күчөп кеткендиктендир же төрөт кезинде олуттуу жаракат алганмынбы, айтор, төрөт креслосунан түшкөн көз ирмемден тартып мен үчүн тирүүнүн тозогу башталды...
ТАГДЫРДЫН АЧУУ ТАМАШАСЫ
Тагдыр кээде пенделерин ушунчалык ачуу тамашалап коёт экен. Алгач кыздуу кылып кубантты да, андан жарым саат өтпөй колу-бутумду тырыштыра шал кылып канча жыл бою азапка салды.
– Сүйүнчү, кыздуу болдуң!
Мындай үн кулагыма угулганда жаным жыргай, бир саамга мемирей түшкөм. Бирок, күтүлбөгөн жерден бутумдун учунан тартып чачыма чейин дирт дегизе тарамышым түйүлүп барып жазылып, эмне болуп кеткенин түшүнө элегимде катуу оору башталып кетти. Төрөт креслосунан түшкөндө буттарым өзүмө баш ийбей, тырышып, бир кадам таштамак түгүл, бармактарымды кыймылдата албай калдым. Ызы-чуу түшкөн врачтар ийне артынан ийне сайып, эмне деген дартка туш болгонумду аңдап билбей жатышты. Ийненин күчү менен эптеп басып, ыңаалай эмчек издеп ыйлаган кызым менен үйгө чыгып келдим. Колу-бутумдун тырышканы көбөйүп, алгач түнкүсүн эле кармаса, эми күндүзү да кармап, күтүүсүз жерден тырышып кала берчү болду. Караколдогу ооруканага барсак, алар “ревмативдик артрит” деп диагноз коюп дарылай башташты. Бара-бара колу-бутум кыймылдабай, бүгүлүп-тартылып, мен басмак түгүл оңдуу кыймылдаганга жарабай, кудум жарганатка окшоп калдым... Ким эле ушундай ит көтөргүс күнгө туш келгиси келсин?! Бекеринен айтышпайт тура, “адамдын жаны иттикинен бек” деп. Көзүмдү ачып-жумуп ирмеп жатканым гана болбосо тирүү болуп төрдө эмес, өлүү болуп көрдө эмес, араң эле жаным калды. Ачуу жашын төккөн энем үйгө келип, жолдошума: “Сен деле жаш жигитсиң. Чырактай кызыбыз минтип жаш кезинде жарым жан болуп калат экен деп кайдан ойлодук эле?! Эми кыйнабай кызымды үйгө алып кетейин, сен өз күнүңдү көр”,- деди. Мындай кеп эртедир-кечтир айтылаарын күтүп жүргөнбү, буркурап ыйлаган жолдошум:
– Апа, ушундай кепти айтууга кантип оозуңуз барды? Жакшылыгында, аман-соо кезинде жанында жүрүп, балалуу болуп, эми кыйынчылыкка туш болсо кантип таштап, өз күнүмдү ойлоп кетмек элем? Мен Элмирамды таштабайм. Колума көтөрүп жүрүш керек болсо да таштабайм! Ажырай албайм...- деп баарыбызды ыйлатты. Эстесем туура 4 жылдан бери тынч уйку бетин көрбөй, тынымсыз тырышып жанымды көзүмө көрсөткөн оору менен алышып, ыйдан көзүм ачылбай өмүрүм өтүп келе жатыптыр.
Өмүр канчалык таттуу, ээ, чиркин... Келечек түгүл эртеңки күнүмдү да ойлогум келбей, баарынан үмүтүмдү үзүп, жарганаттай бүгүлө бүк түшүп жатсам да, кандайдыр бир дирилдеген ичке үмүттүн жиби үзүлбөй жатты. Мени врачтардан анчалык жылыш болбогондон улам ата-энем Көлдүн тигил өйүзүнөн бул өйүзүнө сүйрөй, атүгүл Бишкек, Ош, Нарынга чейин аты чыккан көзү ачык, бүбү-бакшы, молдолорго алып барып, алардын бир даары “көз тийген” десе, көпчүлүгү “кокуй, буга дуба окутуп салышкан, тезинен жандыруу керек!” дей беришип, биротоло энемдин да жанын кыйнап бүтүштү. Биринен да кымындай жардам болгон жок...
«ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ, ЖАШАГЫМ...»
“Жараткан дартты берсе шыпаасын кошо берет” дейт. Ушул кеп чын болсо керек. Такыр айлабыз кетип турган кезде Бишкекте бир чебер хирург-ортопед тубаса майып, буттары артты көздөй кайрылып төрөлгөн Теңизбек аттуу жигитке операция жасап, кадимки жашоого кайтарганы жөнүндө угуп, бир ооздон “ошол хирургга барып көрүнүү керек” деп чечтик. Бирок, менде ишеним аз болчу. Антсе да үйдөгүлөр мени ооруканага алып келишти. Эртең операция деген түнү көпкө дейре уктай албай, “не бар, не жок, эртеңкиме ишенич жок, неси болсо да айтаарымды айтып калайын” деп жолдошумду чакырып, кеп баштадым:
– Менин мындай күнгө туш болушума сен күнөөкөр эмессиң. Операциядан аман-эсен чыгамбы, кийин айыгып кетемби, так айта албайбыз. Кокус жаман жагына кетсе, кыйналып жүрө бербей өзүңө ылайыктуу кызга үйлөнүп ал. Болгону, суранаарым, балдарга жакшы кара. Уулуңду, кызыңды кароосуз калтырып, капага батырба...
Кебимдин аягына чыга электе оозумду алаканы менен баскан жолдошум:
– Антип ойду-тоону айтпагын. Сен айыгасың, мени айтты-койду дээрсиң, сезип жатам, ушул врачтын колунан айыгып кетесиң!- деп далыма таптай, көз жашы көлдөгөн мага аз да болсо дем берди. Энем болсо күнү-түнү кашымдан кетпей, уйку дегенди унутуп койгону качан! Ушул жакындарымдын деми, чебер хирургдун жеңил колу жардам болду окшойт, ооруганымдан туура 4 жылдан соң дал ошол операциядан кийин таманымды жерге коюп, калтылдай кадам таштадым. Кубанганымды айтпа, басканды жаңы үйрөнгөн жаш балача талпына кайра-кайра баскым келет! Өз алдымча баса албай, үйдө ким бош болсо “мени бастыр” деп сурана берем. Ошентип, жашоого кайрадан төрөлгөндөй болдум. Жашоонун денсоолугум чың кезде байкабаган кереметтигин сездим. Жакында операцияда тиземе койгон темирлерди алышат. Анан тизелерим да ийилип, эликтей так секирип басып калам.
Атайын чыгынып, чебер хирургдун колунан экинчи ирет төрөлгөн биздей пенделердин тагдырына кызыгып, ал-жайыбызды сурап келиптирсиңер. Силерге рахмат. Мени балдарымдын, жолдошумдун, эне-атам, жакындарымдын маңдайына аман-соо адам кылып кайтарып берген врачтарга, айрыкча Жумабеков Сабырбек Артисбековичке чексиз ыраазычылыгымды билгизгим келет. Анан да жалпы эл-журтка айтаарым, баары аман болушсун. Ылайым эч бирөө оорубасын.
Даярдаган Шаиста Шатманова