Кыш лайфхактары

Кечиксе да кылычын сүйрөп кыш келди. Суук мезгилден ооруп-сыркабай, муздан кулабай аман-эсен чыгып кетели. Кыш мезгилинде актуалдуу кеңештерге көңүлүңүздү бурабыз.

Тамактануу

Суук мезгилде адамдын табити ачылып, тамакты көп жей баштайт. Бул организм сууктан коргонуу үчүн көп энергия короткону менен байланыштуу. Денибиз сак болуп, сууктан, вирус-инфекциялык оорулардан алыс болуш үчүн биринчи кезекте туура жана витаминдүү тамактануу керек. Азыр витаминдерге бай мандарин, апельсин, лимон, анар, курма, алма сыяктуу мөмө-жемиштердин сезону. Кошумча жай-күздө даярдап, жер төлөгө түшкөн кыям, салат, компоттор да иммунитетти көтөрүүгө зор салым кошчу азыктар. Кышында, дегеле, кайсы мезгил болбосун организмге пайда алып келбеген фаст-фуд, полуфабрикат азыктарынан алыс болуу сунушталат.

Кийинүү

Суук мезгилде аябай калың бир свитер кийгенче, жука бир нече кат кийим кийүү сунушталат. Ар бир кийим өзүнчө жылуулукту сыртка чыгарбай сактайт. Пахтадан тигилген кийимдер абаны бат өткөрөт, адам бат үшүп калат. Андыктан сөзсүз жүндөн токулган кийим кошуңуз. Жинсы шымдан кышкысын баш тартуу керек. Колго беш манжалуу мээлейге караганда бүтүн кол кап кийсеңиз жылуу болот. Эгер көпкө чейин суукта болсоңуз, атайын суу өктөрбөөчү, синтетикалык материалдан тигилген кол каптарды колдонуңуз. Эң негизгиси бут кийим. Кышкысын бут кийимдин таманы калың, ичи да, сырты да табигый материалдан тигилгени жакшы. Жасалмалар бат эле ным тартып, таман тоңуп, адам бат-баттан ооруп баштайт.

Тайгалак бут кийим

Кар жааганы ооруканаларга тайып жыгылып бир жерин кокустатып барган бейтаптардын саны көбөйөт. Дарыгерлерге кайрылбай, ооруган жерин “май-май” деп басып кеткени канча. Таманы тайгалак бут кийимди эмне кылса болот?

1. Жакшысы, өтүкчүгө барсаңыз, атайын муздан тайгаланбаган материал чаптап берет.

2. Дүкөндөрдө бут кийимдин таманына кошумча кийип алчу атайын каражаттар бар.

3. Майда жаракаттарга чаптап койчу, кездеме лейкопластырды Х түрүндө бут кийимдин таманына чаптап коюңуз, аз да болсо жардам берет.

4. Кум кагазы (наждачная бумага). Кесек кумдуу кагазды атайын өтүк клейи менен таманга чапташ керек, кумдуу жагы жерди карагандай кылып.

5.  “Момент” клейин таманга сүйкөп, үстүнө кесек кумдан чачып коюңуз.

Эскертүү! Клей колдонулган ыкмалардын баары убактылуу жана дайыма клей колдоно берүү бут  кийимдин көрүнүшүн бузат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан