Алоэнин ПАЙДАЛУУ КАСИЕТТЕРИ

Байыркы Египетте муну “өлбөстүктүн өсүмдүгү” деп аташкан, бул алоэнин пайдалуу касиеттери миңдеген жылдар мурун эле белгилүү болгонунан кабар берет. Өсүмдүк учурда косметологияда, элдик медицинада, фармацевтикада кеңири колдонулат. Эмнеге, кантип жардам берет, кимдерге болбойт, билип алыңыз.

 Тарыхынан

Дүйнөдө алоэнин 300дөн ашык түрү болсо, анын 15 түрүнүн пайдалуу касиеттери бар. Алардын эң белгилүүсү – алоэ вера. Мындан 30-40 жыл мурун бул өсүмдүктү үйдө терезеде өстүрүп, аны күйүк, тери ооруларына сүртүп, ширесин ичеги-карын ооруларында колдонушса, учурда заманбап медицина, фармацевтика тамак сиңирүү органдарын, бездерди, кулак-мурун, жүрөк, аялдардын жыныстык органдарындагы ооруларды айыктыруучу дары-дармектерге кошууда.

Орто кылымда алоэден эликсир жасалып, аны аскер кызматкерлери узак жашоонун эликсири катары ичишкени тарых барактарында жазылган. Ага алоэден сырткары шарап, кара куурай да кошулган. 19-кылымдын аяк ченинен тартып аны жөн гана иче беришпей, химиялык курамын изилдеп башташкан. Мисалы, алоэни ичкенден кийин эмнеге ичти аларын изилдешип, буга өсүмдүктөгү алоин ферменти таасир этерин аныкташкан. Ошондой эле анда кандай витаминдер, аминокислоталар бар экенин ачышкан. 

Кандай пайдалуу заттар бар?

Акыркы учурларда адамдар экологиялык жактан таза каражаттарга маани берип баштагандыктан, косметологияда, медицинада алоэ эко-тренд катары көп колдонула баштады. Алоэнин курамында:

• аскорбин кычкылы (С витамини), А, Е витаминдери, В тобундагы витаминдер

• полисахариддер

• тамак сиңирүүчү ферменттер

• фолий, салицил, урон кычкылдары

• лизин, фенилаланин, лейцин, метионин, валин аминокислоталары

• натрий, кальций, магний, калий, хром, селен, цинк минералдары бар

Кандай пайдасын тийгизет?

• Алоэнин курамы В тобундагы витаминдерге бай. Алар зат алмашуу процессине активдүү катышкандыктан ашыкча салмак менен күрөшүүгө, нерв системин чыңдоого, булчуң этти чымыр кармоого көмөктөшөт.

• Ал эми С, А, Е витаминдери иммундук системди бекемдөөгө, сезондук вирустар менен күрөшүүгө жардам берет. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга, картаюуну жайлатууга жана организмге темирди сиңирүүгө зарыл элемент.

• Алоэнин курамындагы полисахариддердин ичинен дал бета-1 деген түрү териде нымдуулукту сактоого жардам берип, жумшартат. Ушул касиетине карап дерматологияда, косметологияда активдүү колдонулат.

• Тамак сиңирүүчү ферменттердин арасынан биринчилерден болуп табылган антрахинондор ичегилердин кыймылын жана сууну кармап турууну жакшыртып, ич алдырма катары иштейт. Ошондой эле бактерия, вирустар менен күрөшөт. Ошондуктан алоэнин негизинде жасалган дарылар герпес, чечек оорулары үчүн колдонулуп жүрөт.

• Алоэ минералдарга бай. Алардын көбү физиологиялык процесстерге катышат, бул себептүү өсүмдүктүн негизинде жасалган каражаттар өзгөчө пайдалуу делет.

Кимдерге болбойт?!

Алоэни дарыгер менен кеңешип, сизге зыянын тийгизбеген  учурда ичип дарылануу керек. Ошондой эле кош бойлуу, эмчек эмизип жаткандар алоэни дарылануу үчүн колдонбошу кажет. Бөйрөк, боор жетишсиздигинде, кант диабетинде, 3 жашка чейинки балдарга, башка дары-дармектер менен бирге ичкенге, жүрөк-кан тамыр ооруларында болбойт.

 Косметологияда

Алоэ беттин өңүн жакшыртууга, микроэлементтер менен азыктандырууга, кургап шуудурабашына, майланышканын кетирүүгө, тешиктердин кичирейишине көмөктөшөт. Алоэни атактуу Клеопатра жаштыгын сактоо үчүн жүзүнө көп колдонгону маалымат булактарында жазылган. Мисалы, алоэ ширесине суу, бал кошуп, караңгы жерде сактап, жашартуучу маска катары бетине койгон.

Дарак сымал өскөнү же алоэ вера колдонулат. Колдонуу үчүн 3 жылдан берки өсүмдүктү алабыз. Жалбырагын сындырып алардан мурун 10 күн сугарбоо керек, ошондо пайдалуу элементтерге каныгат. Алдынкы жана ортонку 15 сантиметрден ашпаган жалбырактары керек. Сындырып алган соң целлофан баштыкка салып абаны чыгарып, муздаткычка 3-5 градуста 2 күндөн 10 күнгө чейин сактайбыз. Алып чыгып жууп, ширесин же маңызын колдоно бериңиз.

• Майлуу тери үчүн: жалбырактан 1 чай кашык маңызын кырып алып, ага 1 чай кашык лимон ширесин кошобуз. Бир жумуртканын агын чалып, үстүнө алоэни, лимон ширесин кошуп аралаштырабыз. Бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн соң таза жууйбуз.

• Кургак тери үчүн: 1 чай кашык алоэ маңызына ушул эле өлчөмдө банан, зайтун майын кошуп аралаштырып сүйкөйбүз.

• Жашартуучу маска: 1 аш кашык алоэ маңызына 1 аш кашык бал, зайтун майын, 3 тамчыдан А жана Е витаминдерин кошуп аралаштырабыз.

Маскалардан кийин сөзсүз териңизге ылайык крем сүйкөп коюу керек.

• Алоэ ширесин алуу үчүн: маңызын кат-кат дакиге салып сыгып алабыз. Бирге бир суу кошуп, тоңдургучка кичине калыптарга куюп тоңдуруп коёбуз. Муну менен чекедеги бырыштарды күнүгө бир жолу 15 күнгө чейин сүртүп турсаңыз болот. Бетте купероз болсо сунушталбайт.

• Кара чекиттерден арылуу үчүн: алоэ маңызынан керектүү жерге сүйкөп, 10 мүнөт коёбуз да, назик укалап анан жууп салуу зарыл.

• Эриндер кургап, сыйрылып жатса: алоэнин маңызын же алоэге кокос майын же Е витаминин кошуп жатарда эринге сүйкөп коюңуз. Ачуу даамы болбосо, жумшартууга, жаңы клеткалардын пайда болушуна жакшы жардам берет.

Эскертүү! Канчалык пайдалуулугуна карабай алоэ күчтүү аллерген болуп саналат. Ошондуктан колуңузга коюп көрүңүз. Ошондой эле кош бойлуу учурда, бала эмизип жатсаңыз кам көрүүчү каражат катары колдонбой эле койгонуңуз дурус.

 Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан