Мезгилди артта калтырган «APPLE»

Илим жана техника

Жаңы технологиялар жашообузга тереңдеп аралашып келе жатат. Тилекке каршы, мындай жаңылыктардан биздин өлкө бир топ артта. Анда ошол жаңы технологияларга жол ачкан алгачкы компаниялардын бири “Apple” тууралуу баян.

КОМПАНИЯ ТУУРАЛУУ

  • Расмий аталышы – “Apple”
  • Девизи – “Кенен ойлон”
  • Негизделген жылы – 1976-жыл, 1-апрель
  • Негиздөөчүлөрү – Стив Жобс, Стив Возняк
  • Жайгашкан жери – АКШ, Купертино шаары
  • Чыгарган товарлары – Компьютердик техника, уюлдук телефондор жана музыкалык плеерлер
  • Жылдык кирешеси – 14,1 миллиард доллар (2010-ж.)
  • Жумушчулардын саны – 46 миң адам
  • Расмий сайты – www.apple.com

ЫСЫМЫНДА СЫР БАР ГО...
Ишкананын “Аpple” деген аталышы англис тилинен которгондо кадимки эле биз жеп жүргөн "алма" дегенди билдирет. 2007-жылга чейин 30 жыл бою компания “Apple Computer” деп аталып келген. Андан кийин ишкана компьютерден башка да техника каражаттарын чыгара баштагандыктан, “сomputer” деген сөз алынып салынган. Компаниянын мындай аталып калышын алар "чыгарган товарларыбыз экологиялык жактан таза экендигинде" деп түшүндүрүшөт. Компьютер чыгаруу тармагында бул ишкана эски тетиктерди кайра иштеткен биринчи компания.

“АЛМАЧЫЛАРДЫН” ТАРЫХЫ
Аракетчил 15 жаштагы Стив Жобс Стив Возняк менен биргеликте 1970-жылдардын ортосунда “MOS Technology 6502” үлгүсүндөгү өздөрүнүн алгачкы компьютерин иштеп чыгышкан. Тун товарынын жүзгө жакынын сатууга жетишип, чакан каражат топтой алышат. Ошентип, 1976-жылы алардын ишканасы каттоодон өтөт. Ошол эле жылы иштелип чыккан
“Apple 1” компьютери жакшы сатыла баштайт. Ал эми эң өтүмдүү, миллион даанадан ашык сатылган компьютер “Apple 2” болгон. 1980-жылдын башында дүйнө жүзү боюнча “Apple 2” компьютери 5 миллион даана сатылган.
1981-жылы Возняк авиакырсыкка учурап, жумушту таштоого аргасыз болот. Жалгыз калган Жобс көптөгөн маселелерге туш болуп, ишкана кыйроо коркунучу астында калат. Анысы аз келгенсип “IBM” компаниясы атаандаш болуп чыга келет. Бирок Стив компаниянын иштеп кетиши үчүн болгон күчүн жумшап, сыноодон татыктуу өтө алган. 1984-жылы “Macintosh” аттуу жаңы үлгүдөгү компьютер ойлоп табышат. Ойлоп табылган жаңы компьютер ишкананын негизги товарына айланып, 20 жыл бою компанияны багып келет. Макинтош – АКШда сатылган алманын бир сорту. Ал компьютерди иштеп чыккан Жеф Раскиндин жакшы көрүп жеген алмасы болгондуктан, компьютер ушундай аталып калган.
1990-жылдардын ортосунда ишкана башка тармактарда да өзүн сынай баштайт. Азыркы кезде жашообуздагы жаңы технологиялар болгон айфон, айпод, айпад, ноутбук жана башка көптөгөн техника каражаттарын чыгарат. Чыгарылган товарлар дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда сатылат.
Кыргызстанга жогорку технологиядагы каражаттар көбүнчө Орусия аркылуу келет эмеспи. “Apple” орустарга 2005-жылы гана келген. Учурда күн санап бул өлкөдө ишкананын продукцияларынын сатылышы өсүп келет.
Бирок Стив 2011-жылдын келиши менен ден-соолугуна байланыштуу белгисиз мөөнөткө кызматынан кеткенин жарыя кылды. Белгилүү болгондой, ал 2004-жылы уйку безинин шишик оорусуна байланыштуу операцияны башынан өткөргөн. Ал эми 2 жыл мурун боорун алмаштырууга да аргасыз болгон. Учурда компанияны жетектөө милдетин анын орун басары Тим Кук убактылуу аткарууда.

ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ТОВАРЛАР
“Apple” компаниясы тарыхында компьютердик техникалардын мүмкүн болгон түрлөрүн чыгарып келет. Алардын арасында уюлдук телефондор да бар. Биз дүйнөдө көп талап кылынып, жаңы технологиялар тармагында алдыга кадам жасай алган түрлөрүнө токтолууну чечтик.

АЙПОД (IPOD)
Дүйнөдөгү баарынан кеңири таралган видео, музыка ойнотуучу түзүлүш. Биринчи айпод 2001-жылы 21-октябрда жарыкка чыккан. Азыркы кезде 6-муундагы айпод жарык көрүүдө. 6-муундагысынын файлдарды сактоочу дискинин көлөмү 80, 120, 160 гигабайтты түзөт. Баасы 300 доллардан 500 долларга чейин.

АЙФОН (IPHONE)
Компания иштеп чыккан смартфон түрүндөгү уюлдук телефон. Биз колдонуп жүргөн уюлдук телефондон айырмаланып, көп функциялары бар. Интернетке туташуу ылдамдыгы жогору, фотоаппараты 5 мегапиксель. Флеш-картасынын көлөмү 16 же 32 гигабайт. Бирок флеш-картасы алынып салынбайт. Баасы 600 доллардан 1100 долларга чейин. Алгачкы Айфон 2007-жылы 29-июнда сатыкка чыккан. Ошол чыккан кезден тарта дүйнө жүзүндө 50 миллион даана сатылган. Азыркы кезде 4-муундагы айфон чыгып жатат.

АЙПАД (IPAD)
Ал эми айпад – “Apple” компаниясынын дагы бир технологияларынын акыркы үлгүсү. Жаңы муундагы планшеттик (клавиатурасы жок, сенсордук) компьютер. Узундугу 25, туурасы 19 сантиметр келген айпаддын алдыңкы бетин толугу менен монитор ээлейт. Сим-карта салып, уюлдук байланышта да колдоно аласыз. Жадакалса сыналгы катары да көрсө болот. Жеңил, ыңгайлуу айпаддан интернетке кирип саякаттап, уюлдук байланыш менен баарлашып, музыка угуп, сүрөткө, видеого тартса болот. Айпад Орусияда 2010-жылдын 10-ноябрынан бери сатылып келет. Баасы 500 доллардан 900 долларга чейин. Акырындап отуруп бизге да келе баштады. Айпадды “компьютер технологиялар тармагындагы революция” деп да атап жатышат.
Айта кетсек, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев айпадга 2010-жылдын жаз айларында ээ болгон. Ошондон тартып аны колунан түшүрбөйт. “Microsoft” компаниясынын башчысы Билл Гейтс айпад жөнүндө: “Менин көз карашымда Айпадда эч кандай деле өзгөчөлүк жок. Бул нерсени “Microsoft” иштеп чыкса жакшы болмок”,- деп айткан. Бул, албетте, атаандаштын ою.

ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров окуучулар үчүн окуу куралдарынын ордуна айпад берүүнү сунуштоодо. Чынында, айпадга окуу программаларына керектүү бардык маалыматтардын электрондук вариантын жүктөп алса болот. Демек, аны китеп, дептер, атүгүл шпаргалка катары да пайдаланууга болот. Кыскасы, бир окуучунун билим алуусу үчүн толук шарт түзүп бере алат.

“APPLE” ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Компаниянын жетекчиси Стив Жобстун расмий айлыгы жылына 1 доллар.
  • 1986-жылы Стив Жобс “Челленжер” кемеси менен космоско учуу-га арыз берген. Бирок анын арызы кабыл алынган эмес. Кызыгы, “Челленжер” абага көтөрүлгөндөн 73 секунддан кийин жарылып кеткен.
  • Компаниянын Рональд Уэйн аттуу үчүнчү негиздөөчүсү да бар. Бирок ал компания жаңыдан иштей баштаганда эле өз үлүшүн 800 долларга сатып жиберген.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
pyeon hwa
2011-02-04 19:39:25
koreada baary iphone kotorot. biz kachan kotoryp kalabyz:((
0
nensi
2011-02-05 17:43:14
pyeon hwa,bar go KG de dele,kotoro ber da.Sen ozu KOreada juro berop KG ni bilbei kalgansyn go a?Kelip ketsen uje kop ele adam kotorup jurot.
0
gujunpo
2011-02-05 18:06:25
iphonedun Kyrgyzstanda azyryncha kajeti dele jok. Sebebi kop funkcialary KGde ishtebeit. Birok kelechekte ishteit dep niet kylyp turaly. A azyr bolso iphonedu "dlia ponta" ele kotorushot. Anyn ustuno baasy da KGde oto ele kymbat!
0
nurali86
2011-02-05 22:02:34
Компаниянын жетекчиси Стив Жобстун расмий айлыгы жылына 1 доллар эле бекен?
0
sulusha
2011-02-06 23:23:49
gujunpo tuura aitat!iphonedun kop funksialary ishtebeit KG da,birok bizde a uje jakynda oby4nyi vesh bolup kalat.
0
Sezy
2011-02-07 04:30:42
Супер инфо- iPhone iPod touchka окшош корунушу, ал эми ipad тин суротун туура эмес iPhone деп коюуптурсунар, ipad тин суротун астына жылдырып койгула, элдин башын айлантпай.
0
lira
2011-02-10 09:11:53
Emne ele menin kommenterim jogolup ketip jatat???Tan kali4tuu???
-1
axmed88
2011-07-01 18:13:29
Уюлдук телефон деп атаган менин оюмча туура эмес болуш керек.Уюл деген озу эмнени тушундурот? Бул соз жердин туштук жана тундук уюлу дегенден келип чыккан. Буга телефондун эч кандай тиешеси жок го.Жон гана чонток телефон деп койсо болот.
0
Batken
2013-01-27 14:38:41
axmed88, Уюл деген эки мааниде колдонулат (полис жана сеть )
0
axmed88
2011-07-01 18:16:04
Макинтошту унутуп коюшса керек а?
0
baykush
2011-08-06 00:30:06
Айфон деген жакшы
0
Jamal
2011-11-03 11:54:33
алма деген атынын чечмеленишин так жазбапсынар.бул боюнча з божомол бар.анан негизи "Эппл"дын негизги продукциясы компьютерлер да.аларды кененирээк жазышынар керек эле.телефон,мп3 плеерлер бул жон гана наживка.
0
Asus84
2012-05-04 12:35:24
ий кайсы жакка айдаса ошо жакка кетчудой элесинер да
0
zamirbeka
2013-09-05 17:31:33
мен жарым жыл мурун америкадан айпад3 заказ кылып алдырдым,эн жакшы экен,силерге сунуштайм алсанар эч окунбойсунор!
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан