Майрамбек Осмонов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЯБАЙ БИЙИКТИ ЭҢСЕГЕН ДЕЛЕ БОЛБОЙТ»

– Майрамбек ага, куш келипсиз! Жыл жаңырары менен концерт берейин деп турасыз, даярдыктар кандай?

– Рахмат. Негизи жыл башында, 3-март туулган күнүмө карата концерт коёюн деп аракет кылгам. Анан бир досумдун баласы кырсыктап калды. Жакын, кыйбас дос кырсыктап жатса, 50гө мен эле чыгып жаткансыбайын деп токтото тургам. Ошондон улам жылып отуруп, 50 жылдык маараке-концертим жыл сайын өтүүчү 2-январдагы концертиме туш келди. Даярдык жакшы. Ат үстүндө укмуш улакчылар болот, жанынан көрсөң бизге окшогон эле бирөө. Аны аттын үстүндө тааныбай каласың, баатыр. Салыштырганым, кээ бир чыгармачыл адамдар дагы элди көргөндө кадимкидей ээлигип, ачылып, көөдөндөгүсүн төккүсү келип турат. Биздики да көбүнчө сахнада ачылат. Элди көргөндө ээлигип кетебиз.

– Жыл башында дайым концерт берүү чыгармачылыктагы ырымыңызбы?

– Жок, ырым эмес, адат десек болот. Кээде жарнама жакшы берилбей калса деле эл келет. Адатка айланып калган, декабрдын башында, ортосунда “концертиңиз болобу быйыл дагы?” деп чалгандар болот. Кудайга шүгүр, дайыма зал толуп турат. Ошого жараша биз да аракет кылабыз, жакшы даярданабыз.

– Басып өткөн жолуңузга саресеп салсак, популярдуулуктун туу чокусуна жеткен кезим деп кайсы учурду айтасыз?

– Мен андай деле популярдуу болгон жокмун. Өзүмдү ортозаар талант деп эсептейм. Туу чокуда дагы деле тургандар бар. Аны эңсебегендер, бизге окшогон ортодо, өтө унутулуп кетпей, өтө даңазаланып кетпегендер да көп. Ушунусуна шүгүр.

Мен 1992-жылы 27-декабрда “Ак кеме” деген ыр менен чыктым. Анан Акаевди туурадым, ошондон бери эле кыбырап келатам. Ошондон бери, өзүң айткандай, саресеп салып санасак, 22дей адам өчүп кетиптир. Алардын арасында көзү өтүп кеткендери да бар. Чыгармачылыктагы жол ооз менен эмес, эмгек менен актала турган нерсе. Чыгармачылыкта “бийликке бара коём, бизнес кыла коём” деп башка нерселерге чуркаган киши алаксыйт. Кээ бир адамдар жылдыз болуп асманга чыгып алып “мен аябай бийикке чыктым” деп чыккан шатысын тебет. Бир күнү анын жанына дагы башка талант чыгат. Ар кимдин доору болот да. Анан айла жок, түшөйүн десе шатысын тээп жиберген. Жумшагыраак түшөйүн деп өзүн үйдүн үстүнө тууралайт. Үйдүн үстүнө секиргенде морго туш келип калат, а мордон чыккан адам мокочо болуп калат да. Ошон үчүн шатыны теппей, аябай бийикти эңсебей, элдин арасында эле эмгек кылып жүрө берген жакшы.

– Азыр популярдуу болуш оңой болуп калбадыбы. Сиздин оюңузча, бул жакшы эле нерсеби?

– Өнөрдүн уюткусун Кудай Таала берет бизге. Мен, мисалы, 7-класстан обон жаздым. Түз жолдо бийиктикке жакшынакай бараткан чыгармачылык автобусу деп коёлу. Ага жолдон жөн эле түшүп алгандар бар. Жолдон бирөөнүн көңүлү айланат, бирөө алыс жолго чыдабайт. Чыгармачылык жол ошондой. Жанагы жолдон-белден кошулгандар – жөн эле элди алаксытуу, ал талант эмес. Чоң таланттар, көп залкарлар өтүп кетип, майдалар калдык. Өсүп, эртең мыктылардын катарына кошулам деген жаштарга айтат элем, эмгек кылып, жакшы сөздөрдү издегиле. Үй, машина деген убактылуу. Эртең 10-15 жылдан кийин өзүңдү укканда уялбагыдай болушуң керек. 

– Ар бир адамдын өзүнүн дүйнөсү болот. Сиздин дүйнөңүздө эмнелер же кимдер бар?

– Мен жөнөкөйлүктү жакшы көрөм. Карапайым адам менен сүйлөшкөндө ал дилиндеги таза нерсени сага тартуулайт. Кийимиңди, саатыңды, ишиңди карагандар – эки жүздүү адамдар. Ошон үчүн айылга барганда ошондой адамдарды издейсиң. Анан кара жумуш кылганды жакшы көрөм, жумуш кылсам эле жан дүйнөм жыргап калат. Атам ыраматылык эмгек кылганды аябай үйрөткөн экен. Чыгармачылыкта деле дыйканмын деп эсептейм өзүмдү. Болсо-болбосо да аракет кылып турам.

– Сизге катуу тийген, жан дүйнөңүздү жанчыган нерселер эмне?

– Болот андайлар, бирөө атайын алдаганда, “сени жөн эле сынап койгом” дегенде, максаттарыңа бир кадам жетейин деп калганда атайылап бут тоскондо... Жаштык кылып апама “апа, тиги-бу” деп алган учурларды эстегенде оор тиет. Көпчүлүк адамдардын эми очор-бачар болуп, ата-энеге ысык чайын берерде ата-энеси өтүп кеткени катуу тиет. Көбүнчө эмоцияга алдырып бирөөгө катуу сүйлөп алганда, ал сөз кайтара албай өзүн күнөөлүү сезип томсоруп калганда кайра өзүмө оор тиет. Чек арадан чыгып айтсак, башка элдердей өнүп-өсө албай жатабыз, ушинтип эптеп эле курсагыбызды тойгузуп өтүп кетебизби деп кейийсиң кээде.

– Чыгармачылыкта кандай бут тосуулар болду эле?

– Эми андай бут тосо тургандай тим эле жаркыган, Рыспай Абдыкадыровдой, Асанкалый Керимбаевдей, Түгөлбай Казаковдой эч ким деле болгон жок да. Аракет кылып жүрдүк кыңылдап. Андай деле бут тосуп, “муну жок кылып жиберебиз” деген эч ким болгон жок.

– Эмнеден коркосуз?

– Түшүмдө дайым эле суу каптай берет, эшикке чыксам эле тоо жактан буркан-шаркан суу келаткан болот. Анан эле мен таштын үстүндө калам, калган жактын баарын суу каптап кетет. Ошондой топондон, сел жүргөндөн корком. 

– “Жалгыз уя” деген ырыңыздын тарыхын айтып бересизби?

– Ал мындай болгон. Турмуштан аксадык да, биринчи турмушум, уруш-талаш көп болот, жашпыз. Сүйүүнүн, жашоонун кадырын билбеген учур. 8-кабатта батирде турчумун. Үйдүн ээсинин балкондо арпа, буудайы бар эле. Бир күнү балконго чыксам, көгүчкөндөр ошону жеп жатыптыр. Мен чыкканда пырпырап учуп кетишти. Балкондо турам, ал кезде алдыдагы жашоомдун чийилген чийими да жок. Ары жакта кургап, куурап калган даракта бир уя турат. Ага бир чымчык учуп-конуп жүрөт. Чыгармачыл адаммын да, эргүүм козуп кетип, “жасап алып ак сүйүүнүн уясын, ал даракта неге жалгыз турасың?” деген саптар келди, баягы ажырашып кеткен кызды элестетип. Ошентип ушул ыр жаралып калды. 

– Элүүнүн кырына келип кайсы чындыкты моюнга алдыңыз?

– Көп өмүрлөр, күндөр текке кетерин билдим. Жаш кезиңде көп нерсени окуп алсаң, ошол эсиңде ташка тамга баскандай калат тура. Мисалы, таенемдин айткандары дагы деле эсимде. Мен төрөлгөн жылдары таенемдин эки көзү тең көрбөй калыптыр. Көзү көрбөгөн кишиге ким барат, барса деле көрбөйт да. Таенем отуруп алып кыңылдап сүйлөнө берчү.

“Көк каалгалуу көк тамда,

Көп жыл болду жатканга,

Элимде курдаш көп эле,

Мен көк ичик тигип жатканда.

Ак каалгалуу ак тамда,

Ай-жылдар болду жатканга,

Айылымда кыздар көп эле,

Мен ак ичик тигип жатканда”, – дечү жарыктык.

Дасторкондо отурганда аксакалдар, таенем кошо отурат. Анан “Гүлай, бата берип кой, улуусуң” дешсе, “ай, иттин тилеги кабыл болсо асмандан сөөк жаабайт беле, эркектер берсин” деп тарбиялык сөзүн айтып койчу. Ошонун баары эсимде. Жаш кезде убакытты окууга, үйрөнүүгө жумшаш керек экен. Анан адам ниет менен көп нерсеге жетет тура, бийиктиктерге умтулуш керек. Бала кезде чөп чаап келе жатып эжеме “сиз ылдыйраак түшүп, Жумамүдүн Шералиев деп коюңузчу” дейм. Эжем ылдыйраак түшөт да, “Жумамүдүн Шералие-ев” деп колун жаят. Кичинекей баламын, аккордеонду боорума алгансып анын ырын ырдап кирем. Эми ар бир ырыбыз Шералиевдикиндей болбосо дагы, ошол кишинин изин кубалап баратабыз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан