Президент күчтүүбү же Аяз атабы?

Таза, аруу, жасалмасыз жан дүйнө балдарга гана таандык. Оюнда эмне болсо ойлонбостон ачык айтышат. Жаңы жылды утурлай балакайларга “Президент ким? Ал эмне иш кылат? Президент күчтүүбү же Аяз атабы?” деп суроо салып көрдүк. Жооптору ары кызыктуу, ары күлкүлүү. 

 Аруузат Жолдошбекова, 7 жашта:

– Президент Садыр Жапаров. Ал жакшы киши, бирок желекти өзгөрттү. Анан ага бардыгы “жок, жок, мындай желек албайбыз” деп коюшту. “Бизге семичке менен күн керек” деп. Президент айтат, кылат, кыргыз элине жакшы болоюн дейт.

Аяз ата күчтүү. Аяз ата чоң, ал “северный полисте” жүрүп, Жаңы жыл болгондо келип, белек берип кетет. Президент кичинекей.

Айтунук Касымбекова, 6 жашта:

– Президент деген Садыр Жапаров. Ал Кыргызстанды коргойт, башкаларга барып таанышат, анан ал Бишкекте жашап, Бишкекте иштейт. Президент күчтүү, анткени ал бүт жакка барып, бизди коргойт.

Абдишүкүр Акимов, 6 жашта:

– Садыр Жапаров, ал чоң киши. Ал Кыргызстанга жардам берет, пулу көп, ошого президент күчтүү, мамлекеттерге жардам берет. Аяз ата балдарга белек берет.

Аскат Карганбеков, 6 жашта:

– Садыр Жапаров, ал суроо берип иш кылат. Президент күчтүү.

Аэлина Казакбаева, 7 жашта:

– Садыр Жапаров, ал биздин планетабызды коргойт. Ал жакшы киши. Президент күчтүү, анткени Аяз ата карыган.

Камила Эрнисова, 4 жашта:

– Президент “бйатишка”. Ал шоколад жасайт. Аяз ата күчтүү, анткени ал 4 жашта да.

 Бектур Исаев, 5 жашта:

– Президент адам, ал атасына, баласына жардам берет. Ал аким аке. Аяз ата жакшы, президент болсо күчтүү.

Мадина Самидинова, 7 жашта:

– Садыр Жапаров. Ал эмне иш кыларын билбейм. Аяз атадан президент күчтүү.

Айназик Касмалиева, 6 жашта:

– Президент деген “главный”, босс. Ал өзүнүн компаниясын жасайт, өзүнүн иштерин жакшы кылат. Ал маанилүү, эң маанилүү киши. Президент күчтүү, Аяз ата деген чоң ата да.

Баяман Каныбек уулу, 5 жашта:

– Садый Жапайов, кирпичтерди ташыйт. Үй курат. Пйезидент күчтүү.

Арген Осмонкулов, 7 жашта:

– Садыр Жапаров чоң атама окшош киши. Ал Кыргызстанды башкарат. Президент күчтүү, анткени ал Кыргызстанды башкарат да.

 

Байэл Кубанычбеков, 6 жашта:

– Президент Садыр Жапаров. Ал жакшы киши. Ал Ак үйдө иштейт, элди башкарат. Президент күчтүү, анын күчү көп. Кишилерге жардам берет.

Малика Мирбекова, 5 жашта:

– Атын билбейм, бирок өзүн билем. Кичине карыган, бою кичинекей. Мектепти карайт, печать басат. Аяз ата күчтүү, анткени президент кичинекей, Аяз ата чоң.

Кызжибек Ысамаметова, 6 жашта:

– Садыр Жапаров, чоң калпак киет. Телевизордон жооп берет. Аяз ата күчтүү. Ал бизге көп белек алып келет.

Даяна Ибраимова, 6 жашта:

– Садыр Жапаров. Ал жердин баарын куткарат, сактайт. Президент болуп иштейт, компьютер менен. Бирөөлөрдү көндүрүп, солдаттарды окутуп иштейт. Президент күчтүү. Ал жердин баарын куткарат да, Аяз ата жөн эле белектерди берип коёт.

Диана Нурланова, 7 жашта:

– Садыр Жапаров күчтүү, акылы көп киши. Ал биздин Арчалыбызды өзгөртөт. Президент күчтүү.

 Сабрина Асанканова, 6 жашта:

– Садыр Жапаров, ал Кыргызстанга жардам берет, боорукер киши. Садыр Жапаров күчтүү, Кыргызстанга жардам берет.

Эрболот Шарипбаев, 4 жашта:

– Пзедиент Жапайов, ал жөн эле сүйлөйт. Иш кылып сүйлөйт. Аяз ата күчтүү, Аяз ата подайка бейет, игйушка, машина бейет. Пзедиент бейбейт. Аяз атаны жакшы көйөм.

Аима Болотбекова, 5 жашта:

– Садый Жапайов, чоңдойго жана кичинекейлейге жайдам бейет. Сонун киши. Пйезидент күчтүү.

 Аиша Ботоева, 5 жашта:

– Президент сүрөт тартуучу. Ал сүрөт тартат. Аяз ата күчтүү, ал белектерди алып келет.

 Гулийпа Маметосмон кызы 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан