Жаңы жылга эмне белек бериш керек?

Жаңы жылдын маанай көтөрчү жагы бар – белек берүү, алуу деген. Кымбат болбосо да, көңүлдөн чыккан белек жүрөккө жетет дегендей, кимдир бирөөгө белек бергиңиз келип, бирок тандай албай жатсаңыз, балким, биздин варианттар жардамга келет.

Белек берүүдө эң негизгиси ал адамдын жаш курагы, кызыкчылыктары, хоббиси жана сизге ким болору маанилүү: сүйүктүү адамыңыз, балдарыңыз, бир тууганыңыз, ата-энеңиз, кесиптешиңиз же дос-курбуларыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жеке гигиеналык белектерди, атыр же ич кийим сыяктуу белектерди берсеңиз болот. Ушул эле белектер кесиптештер үчүн жарабайт.

Жаш балдарга

 Көпчүлүк таттууларды белек кылышат. Бирок ден соолукка таттуунун зыян экенин эске алып, башка белек тандап көрүңүз. Мисалы, акыл-эсти өстүрүүгө жардам берчү оюнчуктар: пазл, мозаика, бизиборд, конструктор, сүрөт тартууга жана боёгонго керектүү топтомдор, 3D-калем, караоке-микрофон, твистер жана башка.

Кесиптештерге, дос-курбуларга

 Баштагыда айткандай, чоңдордун кызыкчылыгын эске алыш керек. Ошентсе да айрым белектердин тизмеги сизге да туура келет: термокружка, диоддук светильник USB, фен, плойка, үтүк, электр тиш щёткасы, фитнес-браслет, сулуулук салонуна, спорт залга же башка жерге барууга абонемент, сертификат, жаандан коргоочу зонт жана башка.

Үй-бүлө мүчөлөрүнө

Туугандарга белек тандоо бир аз жеңилирээк болот. Анткени кимдин эмне жакшы көрөрүн билесиз. Жакындарга берилчү белектердин тизмеси: топу, мээлей, шарф, жыпар жыттуу чай, таттуулар, мандаринден жасалган гүлдесте, же гүл букети, бөлмө гүлдөрү, атыр, асем буюмдар, кур, электр фонары, унаа телефон кубаттагычы жана башкалар.

Дагы эмне берсе болот?

– Селфи үчүн монопод

– Классикалык же магниттик дартс

– Автоунаанын маркасы менен брелок

– Фонарик-брелок

– Косметикалык шкатулка, органайзер

– Копилка

– Флешка

USB-идиш жылыткыч

– Пауэрбанк

– Ланчбокс идиш топтому

Эмне бергенге болбойт?

2024-Ажыдаар жылында отко байланышкан белектерди бергенге болбойт. Мисалы, зажигалка, свеча жана башка. Ажыдаар от стихиясында болгондуктан, анын күчүн башкалар колдонуп жаткандай кабыл алат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан