Жамгырда жылаң аяк чуркаган аял

“Жашооңдогу эң таасирдүү окуяңды жаз” деген тапшырма бердим кечээ окуучума. Анан өзүмдүн жашоомдогу эң таасирдүү окуя тууралуу ойлонуп кеттим. Көп эле таасирдүү окуялар өттү баштан. Дүйнөдөгү абдан таасирдүү айым менен жолуктум, аттуу-баштуу, атактуулардын мээсине чай кайнатып интервью алдым. Түрдүү адамдарды көрдүм, саякатта болдум, баштан сүйүү-пүйүүлөр  өттү дегендей. Бирок анын баары жакын адамыңды куткара албай калуу коркунучунун алдында түккө арзыбай калат. Жашоомдогу эң чоң эмоцияны ушул учурда баштан өткөрсөм керек дедим.

2010-жыл, Бишкек. Кыргыздын дүйнөнү таң калтырчу кезектеги төңкөрүшү жакындап калган мезгил экен. Революция боло тургандай деле сезилген эмес, күн кадимкидей эле башталган. Уулумду бала бакчага таштап, кундөгүдөй эле жумушка келгем. Саат 10-11 чамасында ызы-чуу башталып кетти. “Эл аянтка чогулуп, антип жатат минтип жатат,  Ак үйдү алып коюшту” деген сыяктуу кабарлардан баш адашат. Мындайда редакция аарынын уюгундай эле иштейт да. “Бир нерсени бүтүрө кал, сен минте кал, ал тиги жакка барсын” деп эле ызы чуу болуп жатабыз. Иштин кызуусу менен уулумду унутуп коюпмун. Бир маалда “транспорттор токтоду. Аянтта атышуу башталды” деген кабарды уктум. Стоп! Аман! Ал эмне болду? Мен кантип аны унутуп калдым? Эл эбак эле балдарын мектептерден, бала бакчалардан ала качышыптыр, а мен унутуп калыпмын. Тарбиячысы да чалбаптыр. Даярдап жаткан материалымды редакторго бере сала, сыртка чуркап чыктым. Маршрутка эмес, такси жок! Кашайып, телефон чалсам жакын жерде эч ким жок экен баланы алганга. Мен филармония тараптан чыктым, Бөкөнбаев-Правда көчөлөрүнүн кесилишине жетишим керек эле. Жамгыр катуулап жаай баштады. Машина таба албашыма көз жеткенде чуркай баштадым. Аянтты аралап өтүш керек. Эл ызы-чуу, жаалданган жаштар, орто курактагылар, аялдар. Чуркап баратсам бир метр эле ары жакта бирөө кан аралаш онтоп жатат. “Ок тийди, айбандар! Кыргыздар, качпагыла!” деген жапайы үндөр ар тараптан угулуп жатат. Тарсылдап ок атылып жатат жанымда. Ошол жылдары эмнегедир аялдар көбүнчө шиш така кийишчү. Менин бутумда да такасы 12 сантиметрлик туфли! Чуркай албай калганымда шиш таканы алып ыргытып жибердим. Жаан куюп жатат, жылаң аяк чуркап бара жатам. Бирөө чуркап баратып мени күү менен түртүп кетти. Асфальтка жыгылып түштүм, бутум канап кетти. Аксап калсам да чуркап баратам. Өмүрүмдө андай чуркабасам керек. Колумда телефон, тарбиячыга чалам, ал жооп бербейт. Ансайын жүрөгүм атып кетчүдөй тыбырчылайт.  Мына, аз калды! Москва көчөсүнө жеттим.  Айтматовдун Гүлсарысындай эле күйүгүп, көкүрөк кышылдап калды. Бала бакча көрүндү. Өх, өрттөлбөптүр. Мен башка имараттардай эле күйүп жатканын элестетип алгам. Жеттим! Жымжырт, бир жан жок. Бакчанын башкы эшиги бек. Дүрбөлөң түшүп эмне кыларымды билбей калдым. “Аман” деп болушунча кыйкырып кирдим. Бакырып, өкүрүп ыйлап жатам. Кулагым чуулдап, өзүмдү жогото баштадым. “Мам, мама” деген уулумдун үнүн укканда чарк айланып бараткан дүйнө токтоп калгандай болду. Бакчалардын короосунда кичинекей жыгач үйлөр болот го. Жаным менин, ошонун ичине кирип отуруп алыптыр. Кучактап жыгылдым. Ыйлап жатам, өпкүлөп жатам, жалынып жатам... Ал быйтыйган колдору менен бетимди сылап коёт. Эми үч жаштагы бала эмнени түшүнсүн. Саксайган чачымды, ылай болгон бутумду, жылаң аяк мени көрүп “мам, ты обувь потеряла?” деди. Ыйлап да жатам, күлүп да жатам. Көрсө, тарбиячылар ызы–чуу башталганда “балдарды алып кеткиле” дешиптир. Менин телефон номерим алмашып кеткендиктен билбей калышыптыр. Ата-энеси табылбаган эки-үч баланы бакчаны кайтарган абышкага табышташкан экен. Ал деле жанынан корксо керек, ызы чуу башталганда Аманды жанагы жыгач үйгө киргизип туруп кетип калыптыр. “Хеппи енд” болду дегилечи. Бирок кийин ой токтотсом, мага ушул окуя көп нерсени түшүндүрүптүр. Адамдардын жаш балдардын алдындагы жоопкерчиликсиздиги (мен баш болуп). Менин жумушума келесоодой берилгеним. Кесибим алдындагы жоопкерчилик менен энелик жоопкерчилигимдин бири-бирине каршылыгы. Кандай болсо да такыр эсимден чыкпай турган, эсиме түшкөндө бир жүрөк толкутуп ала турган таасирдүү окуяларымдын бири ушул. Андан бери эчен жылдар өтсө да жамгыр жааган сайын октордун үнүнөн коркпой баласына чуркап бара жаткан эне, өзүмдүн ошондогу карааным көз алдыма тартылат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан