Туристтер сүйгөн ТРАБЗОН  

Түркиянын Трабзон шаары эмнеси менен белгилүү? Саякатты пландап жүрсөңүз, анда сизде дал ушундай суроо жаралышы мүмкүн, окурман. Деңиз, табият, атактуу империялардан калган тарыхый эстеликтер... Түркиянын Кара деңиз боюндагы экинчи ири шаары – Трабзон тууралуу маалымат беребиз.

Жайгашкан жери – Түркиянын түндүк-чыгышы, Кара деңиздин жээги 

Аянты – 4685 чарчы чакырым

Калкынын саны – 800 000

Климаты – океандык субтропикалык, жайы жылуу, кышы суук 

Тили – түрк, англис

Бир жылда 1 миллиондон ашык турист барат

КАНТИП БАРСАҢЫЗ БОЛОТ?

Стамбул, Анкара сыяктуу Түркиянын ири шаарларынан учактар, автобустар каттайт. Грузияга жакын болгондуктан Тбилиси аркылуу автобус менен барсаңыз да болот. Ошондой эле Сочиден Трабзонго түз кеме каттамы иштейт.

СУМЕЛА ЧИРКӨӨСҮ 

Сумела чиркөөсү – Трабзондун визиттик картасы. Түркиянын “Алтын дере” улуттук паркынын аймагында жайгашып, жыл бою турист агылып барган тарыхый жай. Асканын бооруна жармаштырылып, 300 метр бийиктикке курулган чиркөөнү 4-кылымда грек кечилдери Варнава жана Софроний негиздеген деп айтылат. Албетте, бүгүнкү күндө чиркөө чиркөө катары иштебейт. Бирок анын архитектуралык стили, кылымдар үнү жаңырган атмосферасы сизди кайдыгер калтырбайт. Бул жерден эмнелерди көрө аласыз? Ичкери киргенде эле ичи-тышына кооз сүрөттөр тартылган сыйынуучу жайды көрөсүз. Чиркөөдөгү эң алгачкы курулуш ушул. Андан тышкары орто кылымдарга таандык курулуштар: ашкана, сыйынуучу, уктоочу бөлмөлөрдү аралап чыга аласыз. Ачык асман алдында бир нече секиче жайгашкан, чиркөөнү ар кандай ракурстан карап суктанууга мүмкүн. Айрыкча бул жай христиан зыяратчылары үчүн эң ыйык жайлардын бири. Баса, Сумела чиркөөсү “Мариям эне чиркөөсү” деп да аталып жүрөт.   

ШОПИНГДИ СҮЙГӨНДӨР ҮЧҮН

Трабзондо Бишкектин “Ош базары”, “Дордой” сыяктуу базарлары жок, бирок ири соода борборлоруна тез эле жетесиз. Дүйнөлүк бренддердин баары бар. Шопинг сүйүүчүлөр Трабзонду арзан шаарлардын бири деп айтышат.  

АЙЯ СОФИЯ МЕЧИТИ 

Кара деңиз боюндагы дагы бир тарыхый эстелик. Айя София чиркөөсү 13-кылымда Византия императору Мануил I тарабынан курулган. 15-кылымда Осмон империясынын султаны Мехмет II Трапезунд (азыркы Трабзон) шаарын басып алгандан кийин бул чиркөө мечитке айландырылган. Ал эми биринчи дүйнөлүк согуш учурунда шаарды ээлеп алган орус аскерлери бул жерди аскердик оорукана жана ок-дары сактоочу кампа катары да колдонушкан. Андан кийин бул тарыхый жай музейге айланып, 2013-жылы апрель айынан бери кайрадан мечит жана музей катары кызмат кылып келет. Трабзон шаарынын ортосунан анча алыс эмес жерде жайгашкан Айя София мечити сизди 8 кылым мурунку суу боёк менен тартылган сүрөттөрү, түстүү мрамор төшөлгөн полу менен суктандырат.    

АТАТҮРК ХАН САРАЙЫ

1890-жылы жергиликтүү көпөс Константин Кабаянидис курдурган 3 кабаттуу хан сарай кийин көз карандысыз Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемел Ататүрккө тартуу кылынганы белгилүү. Бул хан сарайда Ататүрк 3 жолу болгон: 1924-жылы сентябрда, 1930-жылы ноябрда, 1937-жылы июнь айында. Эң маанилүүсү – дал ушул хан сарайда Ататүрк “өзүнүн бардык мүлкүн түрк элине тартуулай турганы” тууралуу даңазалуу мурас кагазын жазган. Хан сарайдан Ататүрктүн иш бөлмөлөрүн, уктоочу жайын, ал колдонгон буюмдарды көрө аласыз. Бул жерди көргөнү жылына 300 миңдей турист барат.

КЫЗДАР ЧИРКӨӨСҮ

Курулушу 14-кылымга таандык Кыздар чиркөөсү. Бийик дубал менен курчалган туристтик жай байыркы цивилизациянын элесин көз алдыңызга тартат.

БОЗТЕПЕ 

Адырда жайгашкан Бозтепе аянтчасынан Трабзон алаканга салгандай даана көрүнөт. Шаардын панорамасына суктанып, кааласаңыз ал жердеги кафелер сизди ысык чайы менен тосуп алууга даяр.     

 

Маалымат үчүн: 11-15-декабрь күндөрү Кыргызстандын жана Өзбекстандын журналисттер тобу Түркиянын Трабзон жана Ризе шаарларында болдук. Бул сапарды уюштуруп бергени үчүн Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине, Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган мырзага, элчинин маданият жана туризм боюнча кеңешчиси Алпарслан Акынжы мырзага ыраазычылык билдиребиз.

 Автандил Добулбеков 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан