Уланмырза Карыпбаев, “Күн кармаган баланын” режиссёру: «ЧЫНДЫК ЖЫЛАҢАЧ БОЛОТ»

Коомчулукта талаш-тартыш жараткан “Күн кармаган бала” спектаклинин режиссёру, жакында өткөн “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалында бир эмес, эки спектакли менен алдынкы орундарды багындырган жаш режиссёр Уланмырза Карыпбаев менен маектештик. Эмне үчүн Казакстандын театрында иштөөнү тандаганы, пландары тууралуу сөз болду. 

– Уланмырза, “Айтматов жана театр” фестивалында эки спектаклиңиз менен алдынкы орундарды ээледиңиз. Куттуктайбыз!

– Рахмат. Ооба, эки спектакль башкы орундарга ээ болду. Казакстандын Азербайжан Мамбетов атындагы драма жана комедия театрынын “Бороондуу бекет” спектакли фестивалдын ири байгесине, Кыргызстандын Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын “Ак кеме” спектакли Гран-приге ээ болду. “Бороондуу бекет” спектакли алгач 2022-жылы Казакстандын аталган театрында Азербайжан Мамбетовдун 90 жылдыгына карата коюлган. Бул режиссёр айтылуу Чыңгыз Айтматов менен тең эле келе жаткан инсан, “Кылым карытар бир күн” романы чыккан күндөн баштап бул чыгарманы бир топ театрларда койгон.

– 28 жаштагы таланттуу режиссёрдун Кыргызстанды эмес, Казакстандын мамлекеттик театрын тандоосуна эмне себеп болду?

– Эми ар замандын, ар күндүн өз учуру болот экен. Бир жакшы сөз бар, күлүк күнүндө, тулпар тушунда дейт. Мен ушундай иштеп жаткан кезим, балким, Кыргызстанда эмгегим анчейин бааланбай калмак. Негизи 2019-жылдан бери Казакстандагы театрларда спектакль коюп келем. 2022-жылдан бери Астанадагы театрда иштейм, ага чейин Кыргызстанда иштедим. Ош куурчак театрында, Жалал-Абад театрында, Каракол театрында, Жаш көрүүчүлөр театрында 15-20дай спектакль койдум. Кыргызстанда деле көп убактымды театрга арнадым, облустарды мен сыяктуу эч ким кыдырган жок. Пандемияда эл үйүндө жатканда мен велосипед менен каттап 3 спектакль чыгардым. Каржыланбай, акча бөлүнбөй калган да спектаклдер бар. 

Быйыл “Күн кармаган бала” спектакли “Арт-Ордо” фестивалы, Бакуда өткөн эл аралык түрк фестивалында жеңишке жетти. Жакында Бишкекте койгон Бексултан Жакиевдин “Саадак какты” спектакли менен КМШ мамлекеттеринин жаш режиссёрлорунун эл аралык фестивалына чакыруу алдык. Бул да менин кыргыз театрында жасап жаткан эмгектерим.

– “Күн кармаган бала” демекчи, спектаклдеги бир эпизод интернет желесинде кызуу талкуу жаратты. “Сахнага жылаңач адамды чыгарганы туура эмес” дегендер көп. Буга кандай жооп бересиз?

– Элдин баары 8 секунддук видеону көрүп алып эле комментарий жазып жатышат. Ал ошол айылдагы жалгыз чындыкты алып жүргөн, чындыктын үрөнү болгон баланын тагдыры жөнүндө спектакль. Эгер ушундай резонанс жаратса, бул жаман эмес. Демек, талкууга татыктуу. Мен ар качан айтып келем, чындык жалгыз, чындык жылаңач болот. Эгер биздин жарандык позициябыз болбосо, театрда иштөөнүн кажети жок. Мисал үчүн, “Ак кеме” спектаклиндеги адамдын моюнуна дөңгөлөк асылган жерин “мыкаачылык көрсөтүлдү” деп да жазып жатышат. Мен ойлойм, театр бүгүнкү коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү көрсөтүүчү чоң күзгү. Эгер биз, режиссёрлор, артисттер, искусство адамдары бүгүн коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырбасак, биздин бүгүнкү күндө иштеп жатканыбыздын эмне мааниси бар? Менин чыгармачылыгым – коомдо болуп жаткан көйгөйлөргө карата рефлексиям, ой жүгүртүүм.

– “Ак кеме” спектаклиндеги аялдар аракты бөтөлкөсү менен көтөрүп ичкен эпизод да талкуу жаратты...

– Айтматов аракты кантип ичүү жөнүндө жазган эмес да. Бул спектакль, чыгарма. Баланын эки жомогу бар болчу. Бирөөсү – таятасы айтып берген, экинчиси – өзү ойлоп тапкан. Биз таятасы айтып берген Бугу эне жөнүндө жомокту койгон жокпуз. Бул спектакль баланын өзү ойлоп тапкан жомогу жөнүндө. Чөп, таштар менен ойноп жүргөндүгү, бүгүнкү күндө биз, ата-энелер өз балдарыбызга карабай калганыбыз, өзүнүн кыялында өмүр сүргөн баланын тагдыры жөнүндө спектакль. Спектаклде бардык окуя баланын көзү менен көрсөтүлгөн.

– Сиздин бала чагыңыз кайда, кандай өттү?

– Мен Бишкекте, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Карыпбай Керимбаевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Бирок мени таятам менен таенем чоңойтту. Кандай десем, таттуу балалыкты башымдан өткөрдүм. Үй-бүлөм кичинекейимден колдоду, алар мага дайым шарт түзүп беришти. Мен үйдөгү бир көйгөйлөр менен эч качан баш ооруткан эмесмин. Чыгармачылык менен гана келе жатам.

– Режиссёрлук сиз эңсеп жүрүп жеткен кесиппи?

– Жок, кичинемде дипломат, саясатчы болом дечүмүн. Бирок кичине шыгым бар экен, мектепти аяктаар жылдары Жамал Сейдакматованын “Каркыра” студиясында 2 жыл окуп, актёрлук кесипке ээ болдум. Ошондон кийин режиссёрлукка кызыга баштадым. Анан мектепте ийрим түзүп, биринчи спектаклибизди койдук. Анан мектеп театрларынын республикалык фестивалында классташтарым менен Гран-прини жеңгенбиз. Кийин Санкт-Петербургга окууга кеттим. Жамал эже менин биринчи устатым. Кийинки устатым – Геннадий Тростянецкий. 5 жыл ушул кишиден билим алдым, менин режиссёрлук мектебимди түзгөн ушул киши.

– Алдыда дагы кандай пландарыңыз, максаттарыңыз бар?

– Жамал эжем “дайыма алдыга умтулуп, издөөнүн жолунан кетпедим. Бир далай кырларга жетсем да, эң бийик чокуга жетпедим” деп калчу. Ар дайым издөөнүн жолундамын, чыгармачылыкта өз жолумду, кол тамгамды издеп жүргөн режиссёрлордун биримин. Мен өзүмдү режиссёрмун деп айта албайм, мен “Күн кармаган бала” сыяктуу режиссёр болууга умтулган баламын.

– Кыргызстан менен Казакстандын театрында айырмачылыктар барбы?

– Азыр Казакстанда жаш режиссёрлордун алтын доору болуп жатат. Казак жазуучусу Шерхан Муртаза уулунун “Эгер театр көбөйсө, түрмө азаят” деген сөзү бар. Казакстанда 70тен ашык мамлекеттик театр, 20дан ашык жеке театрлар иштейт. КМШ чөлкөмүндө өздөрүнүн атын чыгарып жаткан 10-15тей 30га чыга элек жаш режиссёрлор бар. Ошол жаш режиссёрлор бири-бири менен чыгармачыл ат майданында ат салышкандыгы менен айырмаланат. Бизде деле уучубуз куру эмес, бирок режиссёрлор аз.

– Үй-бүлөлүү болсоңуз керек?

– Ооба, келинчегим Салтанат Максатбек кызы, актриса. “Келинка” деген сериалда тартылган, Бишкек шаардык драма театрында актриса болуп иштеген. Кызым бар, режиссёрлук жолумда “Жамийла” чыгармасы жолумду да, багымды да ачкан. Бул менин дипломдук спектаклим, ошол спектаклдин артынан казак көрүүчүсү, казак театры мени таанып-билди. Бул чыгарма мага ак жолтой болду, Чыңгыз агабыз үчүн да акжолтой болчу, кызымдын өмүрү да акжолтой болсун деп атын Жамийла койгом.

 Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан