Китеп окуганга караганда кино көргөндү сүйгөн ӨЗГЕ ЯГЫЗ

2023-жылдын сентябрь айында түрктөрдүн “Сапфир” аталышындагы сериалы экранга чыкты. Күндөн күнгө аталган долбоордун күйөрмандарынын саны арбып барат. Тасмага көрк кошкон, баш каарман Ферайенин ролун аткарган актриса Өзге Ягыздын да жылдызы жанып турган учур. Жаш, таланттуу, сулуу, бир көрүп сүйүүгө ишенген актрисага биздин да кызыгуубуз артты.  

Туулган жери:Түркия, Анкара

Туулган жылы: 1997-жыл, 26-сентябрь

Жылдыз белгиси: тараза

Бою: 168 сантиметр

Кесиби: актриса, модель, диетолог

Тартылган белгилүү сериалдары: “Ант”, “Сол жарымым”, “Ата”, “Сүйүүнүн башкача түрү”, “Сапфир”
жана башка

 Эрке кыз

Өтө бай үй-бүлөдө төрөлбөсө да, мээримге, сүйүүгө, камкордукка толгон адамдардын курчоосунда чоңойду Өзге. Ата-энесинен сырткары Эзги аттуу эжесине да эркелечү. Азыр эжеси Түркияда мамлекеттик кызматта иштейт. Эң биринчи кеңешчиси, эң биринчи сынчысы катары да эжеси алдынкы сапта турат.

Сулуулугу

Табигый сулуулукту жактырат, андыктан пластикалык хирургияны колдобогондордун катарына кирет. Талап кылынган иш-чараларга эле макияж менен барбаса, көбүнчө бетинде боёксуз жүрөт. Бул албетте Өзге Ягыздын табигый сулуу экенинин белгиси. 

Киного болгон сүйүү

Мектепти да, жогорку окуу жайды да жакшы баалар менен аяктаган. Активдүү, тартынбаган, бардык иш-чараларга “мен” деп катышкан энергияга бай кыз эле. Жакшы окуганы менен, китеп окуганга караганда кино-сериалдарды ушунчалык сүйүп көрчү. Кино каармандардын ордуна өзүн коюп, жакындарына “спектакль” коюп берер эле.

Диетолог

Өзгенин киного болгон кызыгуусун ата-энеси колдогон жок. Алар үчүн актриса деген олуттуу эмес, келечекте өзүн актабаган, жеңил-желпи кесип болчу. Кайсы жогорку окуу жайга барыш керек деген суроо жаралганда кыз өзү каалаган театралдык бөлүмгө эмес, ата-энеси каалагандай Борбордук академияга тапшырып, жыйынтыгында диетолог кесибине ээ болуп чыккан.

Бирок...

Бирок... Өзге баары бир кыялын ишке ашырам деп ойлочу. Андыктан академиянын акыркы курсунда No10Studios студиясына тапшырып, актёрдук чеберчилик жаатында да билим ала баштаган. Ал киного тартылып белгилүү болуп кетем деп деле ойлочу эмес. Болгону окуу учурундагы практика, сахнада башка адамдын образына түшүү процесси жагат эле. 

Өзү келген кыял

Киного тартылам деп бир да режиссёрдун эшигин каккан жок, бир да кастингге барган жок. Студияда практикада жүргөн жеринен бир кино продюсердин көзүнө түшүп, ал кастингден өтүүгө чакырган. Ошентип, Өзге Ягыз кино дүйнөсүндө 2018-жылы дебют жасады. “Камеранын алдына алгачкы жолу чыккандагы толкундануум азыр эстесем да өзгөчө сезимдерди жаратат. Ар бир адам өзүнүн ийгилигин ар башкача баалайт эмеспи. Мен дал ошол күнү ийгилик ачкычын тапканымды сезгем. Ал күн кечээ эле болгондой эсимден кете элек”,- дейт алгачкы кадамы тууралуу актриса.

“Сен аны ата”

Өзге “Сен аны ата” сериалынын экинчи сезону менен актрисалык жолун баштаган. Болгондо да башкы каармандын ролунда. Андагы талант көпчүлүккө да жакты. Андыктан 2019-жылы жаш актриса “Ант” сериалында кайрадан баш каармандын ролунда экрандан жарк этти. Түрктөрдө, негизи эле дүйнөлүк кино практикада жакшы алынган сериал кийинки бөлүмгө узартылат эмеспи. “Ант” дагы көрөрман тарабынан жакшы кабыл алынып, 2022-жылы экинчи сезону жарык көрдү. Өзге Ягыз болсо дүйнөнүн бир нече өлкөсүнө таанымал актрисага айланды.

“Сапфир”

Учурда актуалдуу болуп жаткан сериал тууралуу учкай сөз. Каппадокияда бай, күчтүү жана абройлуу Гүлсойлордун үй-бүлөсү жашайт. Үй-бүлө башчысы эс алуугу чыгып, болгон ишти улуу баласы Атешке өткөрүп берем дейт. Бирок бир шарт менен, Атеш тез арада үйлөнүшү керек. Атеш Ферайе деген кызга жолугуп калат. Ошол маалда кыз жигити менен кол үзүшүп, катуу кайгырып жүргөн болот. Атешке жолуккандан кийин өзүнө келип, акыры экөө үйлөнүшөт. Кызыктын баары тойдон кийин Атештин үйүнө келгенде башталды. Ферайенин мурдагы жигити Яман Атештин бир тууган иниси болуп чыгат. Ферайе эки оттун ортосунда калды... Мына ушундай кызыктуу сюжетте баш каарман Ферайенин ролунда биздин бүгүнкү каарман Өзге Ягыз.

Спорт+ашкана+бий

“Жумуштан бош убактымда дароо спорт залга барам. Жалпыласам, жумасына төрт жолу. Жалкоолугум кармап, төшөктөн тургум келбей, дагы кичине уктап алайынчы деген ой келгенде өзүмө дароо “спорт - ден соолуктун, сулуулуктун, энергиянын, тартиптин булагы, тур!” дейм”. Актриса бекеринен спортту сүйбөйт, анткени ашканада мыкты кожойке. Үйүнө келген конокторго дайыма өзү түрлөп тамак-аш жасап берет. Анан да таттууну өтө жакшы көрөт. Даамдуу, таттуу тамактанганды жактырган Өзгенин келбети спорттун жардамы менен “90-60-90”. Анан да актриса бийди катырат, атайын хореографиядан сабак алган. “Музыка угулган жерден тура калып бийлегим келет” деген кыз той-кечелерде бийчиге да айланат. 

Сүйүү

Сулуу, ийгиликтүү, таланттуу, жаш актриса жагымдуу комплименттерди көп угат. Ошентсе да аны түбөлүк жандайм деген мырзага али жолуга элек. “Бир көрүп сүйүүгө ишенем. Ошол эле учурда сүйүүнү бир өчүрүп алсаң, кайра тутандырууга мүмкүн дегенге ишенбейм. Ортодо сүйүүсү жок эле жашай бергендерге түшүнбөйм” дейт актриса. 2019-жылы чыккан “Ант” сериалындагы өнөктөшү, актёр Гөкберк Демиржи экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанган. Мамилелери олуттуу нукка бурулуп, 2021-жылы актёр Өзгенин колун сураган эле. Бирок кайсы кара мышыкты күнөөлөйбүз билбейм, айтор, жаңы үй-бүлө курулбай, экөө эки жолго түштү. Азыр актриса кайрадан бойдок кыздардын катарын толуктап, мырзалардын жүрөгүнө чок салып жүрөт.

 Асыл Орозбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан