(Башы өткөн сандарда)
– Шооланын абалынан кабарың барбы?- деди Канат досу Зарлыкка.
– Ооруканада экенин айтып жаткан апасы, менин атам анын апасы менен чогуу иштейт эмеспи. Баары жакшы болуп бара жаткан, эмнеге мындай болуп кетти деп жатышыптыр.
– Мен үчүн баары...- деди Канат үшкүрө.
– Сенин эмнеге андай кылганыңды түшүнбөй ооруп жатат да. Бечара кыз...
– Бечара дебе аны...
Канат бул сөздү катуу айтты эмнегедир. Канат Шоола менен айрылышкандан бери эч жерге батпай калды. Үйүндө да отура албайт. Келечекке койгон максаттары да талкаланды. Жакында мамлекеттик экзамендер башталат, аны менен деле иши жок. Айланып эле ушул майып досунун жанына келет. Ата-апасы туруп, бир тууганы туруп аларга сырын айта албай, көкүрөгүн өрттөп жаткан арманын төгө албай пааналап келгени жалгыз ушул досу. Залкар алгач анын арманын унчукпай уккан. Эми Шооланын абалы начарлап жатканын билгенден бери чый-пыйы чыга баштады.
– Макул, бечара дебейин. Бирок кыздын жүрөк оорусу бар экенин, ошондон улам апасы экөө жер которуп жүргөнүн өзүң айтпадың беле? Ооруган адамды түшүнүш үчүн...
Ушул сөз айтылганда Канат жарылып кетти.
– Болдучу, ооруган адам, тиги-бу... Мен жыргап жаткан жокмун. Мага да оор, бирок мен ушундай кадамга барышым керек. Анткени Жанаттын ага карата болгон сезимдерин билип туруп, аны менен жетелешип жүргөнүм кантип болсун. Мен өз көзүм менен күбө болдум, Залкар. Шооланы Жанаттын кантип караганын бир көрсөң менин кылганымды туура деп ойлойт элең. Ага арнап жазгандарын окусаң мени “туура кылдың” демексиң. Эгерде башка бирөө болгондо мен Шооладан айрылмак эмесмин. Жанат бул, менин бир тууганым. Мен ага жанымды бергенге даярмын! Анан кантип анын көз алдында Шоола менен бактылуу боло алам? Эрте кол үзүшкөнүбүз туура.
– Түшүнүп турам, мындан башка айлаң жок болушу мүмкүн, бирок анчалык жүрөгүн оорутпа да. Башканы сүйүп калдым дегенден башка нерсе ойлоп тапсаң болбойт беле.
– Шооланы билбейсиң, аны токтото турган жалгыз сөз ушул. Ал мени издей берет. Үмүт кыла берет. А мен анын үмүт менен караган көздөрүн көрүп туруп кантип алдайм? Андан көрө бир жолку сокку менен бүткөнү дурус.
– Ооба, аның да чын. Жанат кандай жүрөт?
– Чет өлкөгө окууга өттү. Кетет жакында. Бактылуу болуп жүрөт. Атам да оңой эле көндү. Шоола да кетет, менимче...
Канат араң айтты бул сөздү. Бирок ал кетип калса кантип жашай турганын ойлогондо жанын коёрго жер таба албай кыйналды. “Баары бүтөт, азыр чыдап коюшум керек. Азыр күчтүү болушум керек. Жанат үчүн” деп өзүн көндүрүп жатты тиштене.
ххх
Шооланын абалы күндөн-күнгө начарлап бара жатты. Айыгып бара жаткан кыздын күтүүсүз мындай абалга түшүп калышы врачтарды да айран таң калтырды. Бир гана Шооланын апасы кызынын абалын билип жатты. “Эми баары бүттү дегенде башталганын карачы. Канатты унута албайт эми”.
Шоола үйүнө келди. Бирок жашоонун шаңы Канат менен кеткендей жан дүйнөсү аңгырады да калды. Күндөлүгү менен гана дос болуп, болгон сырын ага төгүп жатты.
... Ал мага мени сүйбөй калганын айтты. Көзүмө карап туруп “мен башканы сүйөм” деди. Мен ишенбейм, мүмкүн эмес! Башка бир нерсе болушу мүмкүн. Балким, ата-энеси каршы болгондур. Мени ал оңой эле алмаштырып кете албайт болчу. Ушунча жылдан бери мен аны билем. Ал менин Канатым! Ал мени сата албайт, алмаштыра албайт.
.... Өх, кандай гана оор күндөр өтүп жатат. Он күндөн бери Канатты көрө элекмин. Ал мектепке такыр келбей калды. Жанаттан сурайм, ал дагы оң жооп бербейт. “Билбейм, машыгууларда, жакында чоң мелдеш болот, даярданып жатат” деди. Аны көрбөй жашаган канчалык оор, үнүн укпай жашаган кандай кыйын. Мен чыдабайм, ансыз жашай албайм. Кээде сүйүү үчүн өз жанын кыйгандарды укканда “келесоолор” дечү элем. Эгерде мен дагы бир жума көрбөсөм, чындап ошол кадамга бара тургандай болуп калдым.
... Канат, сен бул күндөлүктү окубайсың. Сен сезимдериңди айтып же жаза албайсың. Сен сезимдериңди сезип жашайсың! Сен күчтүү адамсың! Мен ар дайым сендей күчтүү болгум келчү. Балким, сендеги ошол сапат үчүн сүйдүм. Анткени сен менин жанымда турганда өзүмдү күчтүү жана бактылуу сезчүмүн. Эми сен кеттиң, мендеги күч дагы кетти. Сенсиз мен жалгыз токойдо калган алсыз жаныбардаймын. Туш тарабым муздак, коркунучтуу, эч кимге ишеним жок. Сени менен жашоо толук, коопсуз, ишенимдүү болчу. Мен кайрадан жалгыз калдым. Сенсиз калдым.
... Биз жолукпай койсок болмок. Жашоодо сендей адам бар экенин билбей эле жашай берсем болмок. Жараткан, мага жардам бер! Акылсыздык кылып,өзүмө кол салганга жетиштирбе. Мен чыдабай калдым.
Шоола ак баракка сезимдерин төгүп жатты. Бир күнү чын эле чыдай албай калды. Сабактан чыгып, Канаттын үйүнө жөнөдү. Ага жолуга алабы, үйүндө ким бар экенин да ойлонгусу келбеди. Бир билгени, ушул учурда Канатты көрбөсөм болбойт деген сокур сезими эле. Эшикти тыкылдатканда анын алдынан апасы чыкты. Канатка окшош экен. Дароо тааныды. Бети албырып кетти.
– Саламатсызбы?
– Жакшы, сен Шооласың ээ?- деди аял бир көргөндө таанып.
Кыздын жүрөгү дүкүлдөп кетти. Эгерде апасы аны тааныса, атын билсе, демек, Канат Шоола тууралуу апасына айткан тура. Кубанып, бир жагынан сүрдөп да кетти.
– Ооба, мен Шооламын. Канатка келдим. Ал мектепке такыр барбай калды. Он күн болду, жок. Жанаттан сурасам да дайынын айткан жок. Мен...
Апасы эмне дээрин билбей бир азга буйдала түштү. Эне баарын сезет эмеспи, Жанатка да, Канатка да бир кыз жагарын билчү. Окуя кандай болот, балким, балалык сүйүү унутулуп калат деп ойлочу. Канаттын да кыздан эмнеге баш тартканын ал ооз ача электе түшүнгөн. Жанаттын да так ошол кызга ашык болгонун эбак эле билген. Азыр эки уулунун тең балалык сүйүүсү болгон чүрөктөй сулуу кызга карап турду. Уулдары эмнеге бул кызды сүйгөнүн да түшүндү.
– Сен унут баарын, али жашсың. Канат атайын эле барбай жатат. Экзамен бергени гана бара турганын айтты мага. Мен уулумду билем, кызым. Бир чечимди кабыл алса, демек, анын себеби бар. Сен Канатты унут! Башка адамдан бактыңды изде. Макулбу?
Шоола өжөрлөнө башын чайкады. Кантип түшүндүрөт унута албай турганын? Ай-ааламда андан башка бир да киши керек эмес Шоолага. Кыз шалдырай артка кайтты. Көзүнөн жашы төгүлүп бара жатты. Канат мунун баарын угуп турду, парданы акырын ачып кызды аркасынан карап турду. Шооланы аябай сагынганын ал бүгүн сезди. Анын ыйлап кетип бара жатканын билди. Анын эркинде болсо кыздын көз жашынын бир тамчысын агызбайт эле.
Апасы кирип келгенде анын да көздөрүнөн жаш агып жаткан. Шаша-буша көз жашын апасына билгизбей аарчый койду.
– Апа, ким келиптир?- деди калп эле.
Билгизбей жатам деп ойлоду. Апалар бирок баарын билет эмеспи. Канатты кучактай берди апасы. “Баары жакшы болот, уулум. Сен туура кылдың” дегиси келди. Бирок үн катпады...
(Уландысы кийинки санда)