– Сыймык ага, куш келипсиз! Жыл жаңырар алдында турабыз, өтүп бараткан жылда жашооңузда болгон урунттуу учурларды тизмектеп көрсөк...
– Куш убак болуңуздар. Арыбаңыздар, жалпы “Супердин” окурмандары! Чыгармачыл инсан үчүн көп ыр чыгаруу эмес, элге жагымдуу, жугумдуу ыр чыгаруу маанилүү. Буюрса, 2023-жыл чыгармачылык жактан жемиштүү жылдардан болду. Көптөн бери ойлонуп жүргөн устатыбыз Улукмырза Полотовдун 80 жаш мааракесине арналган концертти өткөрүп алганыбыз абдан чоң жеңиш болду.
Быйыл атамдын көзү өткөнүнө жыл айланып кетти. Жылдыгын өткөрүп, белди бууп дегендей, жашоонун мыйзамына баш ийип жашап келе жатабыз.
2024-жылы чыгармачылыкта жүргөнүмө 30 жыл болот, өзүм 50 жашка толом. Кудай буюрса, ошого план түзүп, даярдык көрүп жүргөн чагым. Дүйнөлүк турне кылайын, кыргыздын буту жеткен жердин баарына концерт берейин деп ниет кылып жатам, буюрса. Жыл сайын туулган күнүмө арналган концертти Бишкекте берчүмүн, быйыл Чикаго шаарында бердик, эң бир эсте калган ирмем ошол.
Жакында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы масштабдуу белгиленбедиби. Ошондо мектеп окуучулары, бала бакчадагылар сценка даярдашып соцтармакка жүктөп, мени белгилеп жатышты. Бул мен үчүн жагымдуу болду. Мындан туура 20 жыл илгерки окуя – концертиме Айтматовдун келип берген батасы, алкоо сөздөрү эске түштү. Буюрса, ушундай жакшы дем-күч менен 3-январда концерт бергени турам.
– Сонун! Чикагодо концерт бергендин кандай өзгөчөлүгүн сезе алдыңыз?
– Мен бардык жерде концерттин өзгөчөлүгүн сезе алам. Анткени ыр дүйнөдө жашайм, бул дүйнөгө сүйүп, эңсеп, билим алып, көптөгөн залкарлардын тарбиясын, батасын алып аралашкам. Чыгармачыл адам гипноз сыяктуу болуш керек. Гипноз адамды транска түшүрсө, ырчы ырлары менен көрүүчүнү арбап, жакшы атмосфера жаратышы керек. Кудайга шүгүр, ар бир концертимде ошол атмосфераны сезе алам, ошол трансты таба алам.
– Учурда элге таанылуу оңой болуп калды. Кавер ырдап таанылып эле концерт бергендер бар, буга көз карашыңыз кандай?
– Таанымалдыктын дагы өзүнүн талаштары бар. Азыр баарына оңой жетүүгө көбүрөөк умтулуп калышпадыбы. Кыйналбай эле ырчы болгусу келгендер абдан көп. Зериккен киши азыр сөзсүз интернетке кирет. Көрүү 1 миллион болсо эле ошонун баарына жагып жатам дебеш керек. Видеону 10-15 секунд карасаң деле көрүү катары эсептеле берет да. Канча көрүү болсо, ошончо адамдын жоопкерчилигин сезе билиш керек. Кээ бирөө “1 пайыз талант болсо, 99 пайыз аракет жетет” дейт. Мен буга кошулбайт элем. Талант да, аракет да 100 пайыз болуш керек, ошондо гана жыйынтык болот. Оңой жеткен нерсенин оңой жоголо турган, оңой таанылуунун оңой унутула турган жагы да бар. Анан сөзсүз түрдө билим алыш керек, угуш керек, устаттын тарбиясын алуу кажет. Устаттын тарбиясын көргөн шакиртте өзүнүн шакирттерин тарбиялаганга жол ачылат.
– Сиздин шакирттериңиз көп болсо керек?..
– Азыр сөзсүз түрдө бирөөдөн тарбия алганды шакирт дебейт. Мен Малик Аликеевге чейинки муундагыларды устаттарым дейм. Жашыбызда 4-5 жаш эле айырма болсо да, аларды устат катары көрөм. Алар мени түздөн-түз бир окуу жайдан окуткан жок. Бирок алардын ырдаганын көрүп туура багыт алдым, ырчылыкка кызыгуум артып, ышкым ойгонуп, сүйүүм күчөдү. Менден кийинки менин чыгармачылыгыма кызыгып жүргөн ини-карындаштарды шакирт катары көрөм. Алардан кандай жардам болсо да аянбайм. Буюрса, чыгармачылыгымдын 30 жылдыгын жакшы белгилегенден кийин өзүмдү 90 пайыз мугалимдик, устаттык ишке арнайын деп жатам.
– Көпчүлүктүн көзүндө жүрөсүз, бул нерсе моралдык жактан чарчатып-чаалыктырабы?
– Адам кандай учур болбосун өзүнүн эркиндигин сезе алышы керек. Эркиндигин сезбеген адам өзүнөн-өзү кысылып, рамкага түшүп калат. Биз бала кезден туура тарбия алдык окшойт. Улуу залкарларга аралашып, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев аталарыбыздын таалимин алдык. Эстебес атабыздын эс-тутуму аябай күчтүү эле. 20-10 жыл мурун таанышкан кишиси деле “Эстеке, тааныдыңбы?” десе, “оой, эңишелиби же өбүшөлүбү?” деп тааный турган. Ал киши көп нерсени, эл арасында адам өзүн кантип эркин алып жүрүшү керектигин да үйрөттү. Адам бийиктеген сайын элге жакыныраак болушу керек. Мен чыгармачылыкта кысылган жокмун. Керек учурда эл менен кошо киного кирем, концерт көрүп отурам, мончого деле кирип кете берем (күлүп). 90-жылдары бизге “эстрада жылдыздары” деген батыштын түшүнүгү кирген. Ошондон кийин көпчүлүк өзүнүн эркиндигин чектеп алды окшойт. Ага чейин бизди өнөрпоздор деп эле айтышчу.
– Ар бир эле адамдын алсыз жагы болсо керек. Сиз алсыз жактарыңызды көрсөтпөө үчүн аракет кыласызбы?
– Атайылап деле аракет жасабайм. Ал нерсе оркоюп эле көрүнүп калат. Ар бирибизде кемчилик бар, жипке тизген шурудай жүрө албайсың. Кээде байкап-байкабай орой сүйлөп алган учурлар болот. Былтыр бурулушта турсам, негизги жолдо келаткан айдоочу телефонго алаксып келип мени сүзүп алды. Экөөбүз бир топ болдук, менден да “эй, көзүң барбы, тиги-бу” деген сөздөр чыкты. Мен деле пендемин да, ачууландым. Ошондой учурларда адам өзүнүн алсыз жагын көрсөтүп коюшу мүмкүн. Документтерин алып, унаа оңдогон устага жөнөдүк. Жолдо баратып “мен деле сигнал басып койсом бул нерсе болмок эмес. Кудайга шүгүр, ден соолугума зыяны тийген жок” деп ойлонуп, токтодум. Ал болсо “байке, эмне болду, айдабайсызбы” деп ачууланып алган (күлүп). “Ме, документиңди, сен өзүңдүкүн жасатып ал, мен өзүмдүкүн жасатып алам” десем түшүнбөй калды. “Сенин да, менин да бериле элек садакаларыбыз бар окшойт, курмандык чалып коёлу. Мындан ары туугандашып жүрөлү” деп кучактап койсом, ал да “катуу сүйлөп алдым” деп кечирим сурады. Алсыздык ушундайда билинет.
2005-жылы апам катуу ооруду. Ошондо 2 дарыгер менин жанымда жүрдү, Казакстанга чейин кошо барышты, бир тыйын сурашкан жок. Арадан бир топ жыл өткөндөн кийин ошол жөнөкөй врач башкы врач болуп калды. Бир жолу “Медицина кызматкерлеринин күнүндө филармонияга келип концертке катышып берип кой” деди. Макул дегем, унутуп калыптырмын. Орусиядан коноктор келип, аларды 3-4 күнгө жайлоого алып кеттим. Дал ошол маалда баягы концерт болуптур. Жайлоодон телефон тартпайт. Телефон тарткан жерге келгенде тигиден “сизге чалды” деген СМС келди. Чалсам эле “эй, сени адам экен десе, такыр адам эмес турбайсыңбы” деп кирди. Анан мен дагы “оозуңа карап сүйлө” деп сенсиреп кеттим. Каранын жини келгиче сарынын жаны чыгат дейт го (күлүп). “Шаарга барганда жолугабыз, эркекче сүйлөшөбүз” дегенге чейин бардык... Төө-Ашууда улам көтөрүлүп баратабыз. Бийиктеген сайын жакшы ойлор келет окшойт, апам катуу ооруп Кудайга жалынып жүргөндө жанымда бел болуп жүргөн учурлары эсиме түшө берди. Туннелден өткөндөн кийин кадимкидей өзүмдү күнөөлүү сезип калдым. Кайра чалып, кечирим сурадым. Адамдын алсыз жактарын акыл-эс менен оңдосо болот. Ошондон кийин бирөө менен араздашып калсам анын мага кылган жакшылыктарын эстегенге аракет кылчу болдум.
– Концертиңизди жакшы өткөрүп алыңыз!
Гулйипа Маметосмон кызы