18-декабрда Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде тишин дарылатып жатып 3 жашар кыз чарчап калды. Кыздын жакындарынын айтымында, дарыгерлер кызга “Севоран” газын (ред.: жеңил наркоз) жыттатып туруп анан тишти тазалай турганын айтышкан. Бирок ага укол сайышып, кыз оор наркозду көтөрө албай көз жумган. “Дарыгерлердин шалаакылыгынан айдай кызыбыздан ажырадык” деген кыздын жакындары окуяны төмөндөгүчө баяндашты.
Айдана Касымакунова, кыздын апасы: “Тишим ооруп жатат деп боздоп ыйлаганынан дарылаталы дегенбиз”
– Кызыбыз Алия 3,5 жашта болчу. Буга чейин ооруган эмес, бейтапканага жаткан эмеспиз. Дайыма активдүү жүргөн, зирек, ырдап, бийлеген кыз эле. Өнүгүүсү 6 жаштагы кыздардыкындай эле, орусча, анлисче сүйлөчү. 13-декабрь күнү тишим ооруп жатат деп ыйлап калды. Карасам, тиши шишип кетиптир. Өзү оорукана, ийне дегендерден аябай коркчу, бирок тиши аябай катуу ооруганда “апа, мени ооруканага алып баргылачы” деп ыйлады. Чоң атасы каза болгондон кийин чоң энеси менен чогуу уктачу, тишим эле тишим деп кечке ыйлап жатты. Ошондо жолдошум жеке клникаларды кыдырып бир таанышыбыз аркылуу Айганыш Кадыркулова деген стоматологду тааптыр. Ал таанышыбыз баласынын тишин ошол дарыгерден жасаткан экен. Жолдошум барып кеңешип чоо-жайын сураса “мен айткан анализдерди тапшырасыңар, бирок тишти тазалоону Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы медициналык борбордо жасайбыз” дептир. Кызымдын тиштерин көрүп “абалы өтө начар, 4 эле тиши соо, калган 16 тишин тазалаш керек” деп акчасын да эсептеп бериптир. Тишти дарылоонун жалпы акчасы 143 000 сом болгон. Ошентип кызымдын анализдерин тапшырып чуркап жүрдүк.
“Кызымдын денесин колума карматып коюшту”
– 17-декабрь күнү эртең менен ооруканага бардык. Кызым эртең менен тамак жегиси келген, бирок берген жокмун, кичине суу ууртаган бойдон үйдөн чыкканбыз. Анткени врачыбыз “эч нерсе жебей келгиле” деген болчу. Унаага түшкөндө кызымды атайын атасынын жанына отургузуп койдум. Жолдо баратканда кызым унаанын терезесинен асманды карап “чоң ата, привет!” дегени эсимде. Чоң атасын аябай жакшы көрчү, ал кишинин көзү өтүп кеткен. Ошентип кызымды саат 11:40 чамасында тишин дарылоого алып кирип кетишти. “Эч кандай ийне сайылбайт, севоран газын жыттатып эле дарылайбыз” дешкен. Бирок андай болбоптур. Биз кечки саат 18:00гө чейин күтүп отурдук. Жолдошум экөөбүздүн чый-пыйыбыз чыгып абдан кабатыр болуп жаттык. Кызыбыз операциялык блоктон чыкканда суусайт деп дүкөнгө барып суу, жегенге майда-чүйдөлөрдү алып келип койгон элек. Бир маалда жолдошум врачтардын ары-бери чуркап жүргөнүн көрүптүр. “Ошондо эле жүрөгүм жаман нерсени туюп жаткан” деди кийин. Көрсө, кызыбыз ошол маалда чарчап калган экен. Дарыгерлер жолдошумду иш бөлмөсүнө чакырып, кызыбыздын чарчап калганын угузушуптур. Бир маалда жолдошум кыйкырып, ыйлап эле мен күтүп отурган палатага кирип келип жаман кабарды угузду. Мен чуркап бардым, барсам кызым жатыптыр, денеси, бети-башы көпкөк, колуна катетер сайылып турат. Жамбашына да ийне сайылыптыр. Көз жумганына 1-2 саат болуп калган окшойт. Кызымдын өлүгүн кучактап кечке өпкүлөп ыйлап отурдум (ыйлап). Калганы эсимде жок, дарыгерлер милиция кызматкерлери келгиче эле кызыбызды колубузга карматып кетип калышты. Аларды таппай калдык. Ошол жердеги анестезиологдон “эмнеге мындай кылдыңар, ийне сайылбайт дебедиңер беле, эмнеге колунда катетер турат?” десек, кызыбыз оор наркоздун дарыларын жүрөгү көтөрө албай көз жумганын айтышты.
Айгүл Исакова, кыздын чоң энеси: “Ооруканага барып дарыгерлерди таппай койдук”
– Айдай неберемден айрылып отурабыз. Эртең менен “апакоу, тамак жегим келип жатат” деген бойдон кеткен, ошол боюнча көргөн жокмун. Өзгөчө мээримдүү, боорукер жан болчу. Күндө “апакоу, мен сени сүйөм, атакоу, мен сени сүйөм” деп айтар эле. “Жаңы жылда фея көйнөк кием” деп даярданып жүргөн. “Сыйкырчы болгум келет, апакоу” дечү. Келиним 26 гана жашта, балдарынын эң улуусу ушул кызы эле. Азыр 6 айлык кичинекей баласы менен чоң кайгыны көтөрө албай отурат. Бир нече жолу “Тез жардам” чакыртып жатып келинимдин абалын турукташтырдык. 17-декабрь күнү неберем каза болгондо мага балдарым чалышты ыйлап. Ооруканага барсак, балам музда ыйлап отуруптур, келиним неберемди кучактап ыйлап отурган экен. Дарыгерлер жок, качып кетишиптир. Тишин дарылаган жер эч кандай операция жасалчу жер эмес экен. Жөн эле эки керебетти коюп алып буларың дарылай беришет турбайбы. Болбосо килтейген мамлекеттик жайдын медициналык борборунда ушул ишти жасап жатышат. Чындыкка, акыйкаттыкка жетели деп айла жок неберемдин денесин кестиргенге уруксат бердик. Окуя болгон күнү кечинде өлүк сактоочу жайга алып барсак дарыгерлер иштебейт экен, эртең мененкиге чейин күткүлө дешти. Эртеси саат 09:00гө барсак деле эч бир жан жок, неберемди ит өлгөндөй эле кылып таштап коюшту. Түш ченде неберемдин сөөгүн кайра беришти, күүгүмдө Кочкорго барып чоң атасынын жанына жерге берип келдик.
“Биз жөн койсок, башка балдарды дагы өлтүрө бериши мүмкүн”
– Окуя болгондон бери балама кимдер гана ортомчу болуп чалышкан жок. Булардын бүт жерде байланыштары бар тура. “Сүйлөшөлү” дештиптир. Неберем өлдү, бир үйдүн чырактай кызын өлтүрүп колубузга карматып коюшту, эми эмнени сүйлөшүшөт, түшүнбөйм. Мындан улам президентибиз Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылат элем, бизге акыйкаттык орнотууга жардам бериңиздер. Биз азыр макул болуп, баарын кечирсек, алар кайра эле клиникасын ачып алышып дагы канча бала өлөт же майып болот, Кудай билет. Биздей болуп башка ата-энелер сыздабасын, боздобосун деп бул ишти аягына чыгаралы, чындыктын түбүнө жетели деп жатабыз. Мындай шалаакы врачтар медицина тармагында иштебеши керек.
Жооптуу органдар эмне дешет?
Саламаттыкты сактоо министрлигине окуя боюнча маалымат алуу үчүн байланышканыбызда бул иш боюнча комиссия түзүлүп, стоматологиялык клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди.
Ал эми Октябрь РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдетин талапка ылайыксыз аткарышы) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Лунара Бекиева