(Башы өткөн сандарда)
Дайырга жетип эле кайнатасы атасынын айдоочусунан күмөн санап жатканын айтты.
– Коюңузчу, андай болушу мүмкүн эмес, Дайыр ишенгиси келген жок.
– Силердин кайда жүргөнүңөрдөн кабары бар бөтөн киши ошол эле болуптур. Болбосо башка күмөн санаган кишиң барбы?
– Кимден күмөн санаарымды билбейм.
– Биз азыр аларга баралы дагы, текшерели акырын. Анан баарын көрө жатарбыз, ал эмес боло турган болсо унчукпайбыз,- деди. Дайыр кайнатасынын унаасына отуруп экөө атасынын кеңсеси жайгашкан дарекке жетип барышты.
– Акча даяр болуп калды, азыр бир жерден сураттым эле алып келе жатат,- Асан алактап демигип алган. Ага айдоочуңдан күмөн санап жатабыз деп айтышкан жок. Болгону Дайыр аларга СМС жазган телефон номерге кайра-кайра чала берди. Дагы деле өчүк. Ого бетер күмөн жаратты. Себеби айдоочу атасынын жанында эле. Экөө аларга жетти да, бир эле унаада жүрө турган болушту.
– Жанагы акмактын телефону күйбөй жатат. Ким болсо дагы эртең жөн койбойм,- деп сүйлөнүп жатты. Бул учурда айдоочу жигиттин жүзүндө кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын Дайырдын кайнатасы көзүн албай карап бара жатты. Адам канчалык билгизбейин десе дагы анын жүзүндөгү, көзүндөгү өзгөрүүлөр шек алдырып коёт эмеспи. Тиги кишинин көздөрү ушундан эле кетти деген шегин ого бетер бекемдеп жатты. Эми аны бир дагы секунд көз жаздымда калтырбоо тууралуу макулдашышты. Улам-улам чалып, аларга СМС жазган кишинин телефону өчүк болуп жатканын айтып, айдоочунун жанынан карыш дагы жылбай коюшту.
– Телефонун албай жатса кантип табабыз эми ал шумпайды?- деп сүйлөнө баштады небересине сарсанаа болгон Асан ары-бери басып.
Бул учурда айдоочусу ажаткананы көздөй басты. Анын артынан акырын Дайыр дагы басты. Атасынын телефонун дагы өзү менен чогуу алып алды. Көп узабай эле атасынын телефонуна дарек жазылган СМС келди. Дайыр дароо телефон чалып жиберди. Ажатканадан эле телефон шыңгырады. Киши өчүрүп койду.
– Кабыл байке, Аланды сиз уурдатканыңызды билем, чыга бериңиз,- деди Дайыр ызырына.
– Ажаткананын эшиги ачылбайт,- Кабыл мындай ишти мурда-кийин кылбаган неме коркуп кетти.
– Чыгыңыз, болбосо эшикти талкалап кирем,- Дайыр эшикти түрткүлөй баштады. Бул учурда ажатканага кайнатасы менен атасы чуркап келди. Баарын айтып берди Дайыр.
– Ыя, Кабыл, сенин сураганыңды эки кылчу эмес элем. Сени кайсы кара теке сүздү? Болору болду эми, бизди небереме алып бар. Ал ансыз да коркту го, канча сааттан бери энесинен узак калды? Асан ушунчалык сабырдуу киши эле. Бир ачууга алдырган жок.
Кабыл эшикти ачты. Асан төбөдөн ары муштаса керек деп күткөн. Анын сабырдуулугуна таң берди. Дайыр Кабылды көздөй атырылды эле, кайнатасы кармап калды.
– Кабыл убакытты кармабай бизди Аланга алып бар. Калганын анан сүйлөшөбүз,- деди Асан.
Баары унаага отурушту, унааны адаттагыдай эле Кабыл башкарып бара жатты. Эч ким үн каткан жок. Белгиленген дарекке жеткенче унаада тынчттык өкүм сүрдү.
Шаардын четиндеги жаңы конуштардын бирине алып келди. Эч ким анын кайсы конуш экенине деле караган жок. Ойлорунун баары Аланда болуп жатты. Үйдө бир аял, 15-16 жаштагы бир баладан бөлөк эч ким деле жок экен. Алан тигил бала менен ойноп жатыптыр. Эшиктен кирип келген атасын көрө салып аны көздөй чуркады. Аял ички бөлмөгө кирип кетти. Ошол бойдон чыккан жок. Аланды алып чыгып бара жаткан Дайыр Кабылга “келе ачкычты” дегендей колун сунду. Кабыл үн дебей ачкычты Дайырдын алаканына салды. Бат эле ээрчише басып эки куда, Дайыр уулун алып чыгып кетти.
– Кабыл, биз эртең сүйлөшөбүз,- деди Асан чыгып бара жатып. Кабыл ошол жерде кала берди. Бул анын үйү, аял анын жубайы, Алан менен ойноп жаткан бала анын уулу эле. Кабылдын үй-бүлөсүн бул ишке кредиттин айынан карызга белчесинен батып калганы түрткөн. Ушинтип бир эле чоң суммадагы акча таап бардык карыздарын жаап салууну көздөгөн, бирок планы минтип таш капты. Чоң суммадагы акча өндүрөм деген планы аны эми акчадан жок же иштен жок, баарынан куру жалак калтырды. Үйдүн ичи ызы-чуу түшүп бири-бирин жемелөө башталды. Ал эми унаада Алан бирде чоң атасына, бирде таятасына эркелеп бара жатты. Бири-бирин көптөн бери көрбөй калган кудалар бүгүн ушинтип көрүшүштү. Үйдө уулун зарыга күтүп турган Алтынай алар дарбазадан кирип келгенде эшикти көздөй чуркады. Уулуна жетип чөк түшө отруп кучактап калды. Унааны ордуна токтотуп Дайыр да аларды көздөй басты. Үчөө ажырагыс бир бүтүн болуп кучакташып калышты. Аларды карап турган ата-энелер “ар дайым эле ушинтип бир бүтүн болуп кучакташып ынтымактуу жашап калсаңар экен. Кудайым жолуңарды түз кылсын” деп тиленип жатышты. Бирок кудалар бири-бирине сыр билгизишкен жок... Бала көпүрө деген чын белем. Канча убакыт бою жүз көрүшпөгөн, жылуу сөз сүйлөшкөндөн калган адамдарды бир түндүккө бириктирип койду.
xxx
Айзада көз алдынан чууруп өтүп жаткан өткөн чагын бир кагаздай күйгүзүп жок кылып салгысы келип кетти. Жакыповдон өч алам деп от менен ойногонун эми түшүндү. “Жаш экенмин да, өч алам деп жүрүп, аны сүйүп калганымды карабайсыңбы... Сүйүүбүздүн келечеги жок экенин эмнеге ошол учурда аңдабадым, жаштыгымды, өзүмдү ошол кишиге арнадым. Менден толук 22 жаш улуу кишиге арнадым...” Сырдаша турганы, кеңеше турганы ушул мышыгы. Мышык да ал сүйлөп жатканда кадимкидей кунт коюп угуп жаткандай андан көзүн албайт. Балкондо чылым чегип жаткан Айзаданы мыёолоп карап калды.
– Эмне болуп кетти сага, андан ары эмне болду деп жатасыңбы? Эмне ошончолук кызык бекен?- деп күлүп калды Айзада.
Мышык ооба дегенсип кырылдап Айзадага сүйкөнүп калды.
– Анан эмне болду дейсиң? Ошентип Жакыпов жок болуп кетти... Көз алдына кайрадан ошол күндөр тартылды...
Ася менен Гуля Айзаданы иштетсек, башка кардарларыбызга сунуштасак деп эки көзү төрт. Бирок Жакыповдон коркушат. Ага эки курдай Ася телефон чалды эле өчүк болуп чыкты.
– Ася, эми Жакыповго башка кыз табылар. Башка вип-кардарларга Айзаданы сунуштай берели,- деди Гуля.
– Кой, Гуля, Жакыпов буга чейин бир да кызга мындай мамиле жасаган эмес. Эртең экөөбүздү сойкуканабыз менен кошо жок кылбасын,- деп Ася коркот.
Бул учурда Айзада дагы өзгөрүп кетти. Баягыдай шатыра-шатман жүргөн кыз жок. Өзүнчө эле эч нерсеге көңүлү чаппай ыргылжың болуп калды. Курбулары менен да, туугандары менен да көрүшкөнгө каалоосу жок. Ырга жакын неме улам-улам Элмирбек Иманалиевдин “Жалгыздык” деген ырын кайталап угуп жата берген адат таап алган.
Айзада мышыгын алдына алып отуруп кыңылдап ырдап баштады.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздайт толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм.
Жалжалым, жалгыздыктан жадап бүттүм...
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кор болсом жалгыз, айлам жок,
Кош дешер кишим жок менин.
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм.
Мен сени күтүп жүрүп күйүп бүттүм, бүттүм, бүттүм...
Ыр токтоору менен жаркырап күйүп турган үйдүн жарыгы жалп өчтү...
(Уландысы кийинки санда)