ШЕЙШЕПТЕРГЕ ДА КАМ КӨРҮШ КЕРЕК!

Шейшеп тандоодо көпчүлүк түлөп кетпейби же өңү чыгып кетпейби деген критерийлерге көңүл бурат. Бирок шейшепке кантип кам көрүш керек деген суроону бергендер аз болсо керек. Төмөндө шейшепке кам көрүү боюнча кыскача кеңеш бердик.

Комплект сатып алдыңыз. Биринчи кезекте аны колдонордун алдында жууш керек. Эгер кир жуугуч машинага салсаңыз, анда шейшептин таңгагында жазылган градуска койбоңуз. Биринчи жолу жууганда сөзсүз 30 градуска коюңуз (кийинки жуугандарын таңгактагы градус көрсөткүчү менен жууй бересиз). Бул, биринчиден, шейшептин өңүн бекемдейт. Экинчиден, шейшепке жабышкан өнөр жай чаңын кетирет. Чаң, кир шейшепке жатып алганда аллергик адамдарда аллергия жаралуусу мүмкүн.

 Шейшепти жуурдун алдында сөзсүз аңтарып, тескери тарабы менен салабыз. Кир жуучу айнаны салардан мурун анын курамында агартуучу химикаттар жок бекенине көңүл буруу керек. Ак шейшеп болсо бир жөн. Агартуучу заттар түстүү сүрөттөрү бар материалдын өңүн бат өчүрүп, шейшеп эски сыяктуу көрүнүп калат.

 Табигый материалдан тигилген шейшептерди полиэстерден жасалган буюмдар менен кошо жуубаш керек. Анткени полиэстер булалары табигый булаларга жабышып, шейшеп жумшактыгын жана назиктигин жоготот.

 Шейшепте так болсо, аны машинага салардан мурун атайын так кетирүүчү каражаттын жардамы менен кетиргенге аракет кылуу керек. Андан кийин гана кир жуугучка салыңыз.

 Кир жууган машинага барабаны жарымынан, тагыраагы, 50 пайызга чейин гана келгендей абалда кир салыңыз. Бул буюмдардын таза, эфективдүү, жумшак жуулушуна кепилдик берет.

 Шейшепти коңур кургак кезинде үтүктөө керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан