ЭСТЕ КАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛ...  Чет өлкөдөгү мекендештердин баяны

Жаңы жылды ар кайсы эл ар кандай тосот эмеспи. Бул жолу чет өлкөдө жашаган мекендештердин жашоосуна кайрылып, алардын эсте калган Жаңы жылын сурадык. Кызыктар көп экен, окуп коюңуз.

Мээрим Мүлкүбатова, Түркияда жашайт: “Жатакана жабылып, барчу жерибиз жок калган”

– 2013-жылы студент алмашуу программасы менен Түркияга келгем. Бул жакта “мусулмандардын майрамы эмес” дешип Жаңы жылды майрамдашпайт. Бирок биз кичинебизден бул күндү башкача маанай менен тосуп көнүп калганбыз да. Кыргызстандан келген студенттер чогулуп өзүбүзчө майрамдык маанай жараткыбыз келди. 10 студент чогулуп, жалтырак-жултурактарды оронуп алып Анкаранын борбордук аянтына чыктык. Эч бир жер кооздолгон эмес. Борбордук аянтта бизге окшоп жалаң чет өлкөдөн келгендер майрамдап жүрүшүптүр. Түрктөр бизди таң калып карашат. Анкарада университеттер көп болгондуктан аянтта көбүнчө студенттер жүрдүк. Сейилдедик, торт жедик. Жаман оюбузда фейерверк көрөбүз деп ойлогонбуз, бирок фейерверк да атылбайт экен. Түнкү саат 12ге жакын бир кафе таап отуралы деп ойлодук. Кафелерге барсак, орун жок калыптыр. Анын үстүнө бул жакта кафелердин көбү түндө иштебейт. Темселеп кафе издеп жүрдүк. Жатаканабыз саат 10до эле жабылып калган, барсак киргизмек эмес. Анан бир кебаб саткан кафенин ээси эшигин жаап үйүнө кетейин деп жатыптыр. Ага жатаканабыз жабылып, барчу жерибиз жок экенин айтсак, ал “анда силерди ушул жерге таштап кетейин. Күзөтчү да калат” деп бизди кафесине таштап кеткен күзөтчү байкеге кошуп. Анан дагы “кафенин атынан” деп тамак-аш берди. Таң атканча ошол жерде ойноп-күлүп Жаңы жыл тосконбуз. Аябай кызыктуу өткөн. Эртеси таң атпай саат алтыда чыгып жатаканабызга кеткенбиз. Ошол Жаңы жыл эсимде калган, андан кийинки Жаңы жылдар кызыктуу деле болгон жок. Түркияда майрамдалбагандыктан ошого көнүп, биз деле үйдөн эле тамак-аш жасап тосуп калганбыз.

Айнура Абдыкадырова, Дубайда жашайт: “Жаңы жылда көчөгө чыкпас болгом”

– Дубайга келгениме он жылдай болуп калды. Жаңы келген жылы кыздар болуп чогулуп Жаңы жыл түнү Бурж-Халифага фейерверк көрөбүз деп барганбыз. Барсак эл толтура экен. Тыгылышып, батпай жатып эптеп кирдик. 5-6 кыз болчубуз, бири-бирибизди таппай калдык. Фейерверкти көрдүк, укмуш экен, чындыгында сонун эмоция тартуулады. Бирок ысып, тердеп, тыгылышып кыйналганыбызда “ушуну көрбөй деле койсок болмок” дегенбиз. Эми кирген жериңден кайра чыгып көр. Ушунчалык эл көп, басарга жер жок. Бурж-Халифаны айланып бир канча чакырым басып метрого араң жеттик. Метрого болсо жалаң үй-бүлөлөрдү киргизип жатыптыр. Канададан келген бир үй-бүлөгө кошулуп шеригим экөөбүз түшүп алдык. Ал жакта да тыгылыш. Бул учурда Дубайда таксилер да калбай калат, же тарифи кымбаттап кетет. Күндө 20 дирхам менен жетип жүргөн жерге ал күнү 200 дирхам сурашкан. Унаа тыгындарына да сөз жок. Ошентип отуруп үйгө таң атканда жеткенбиз. Келсек берки шериктерибиз үйгө дагы эле жетише элек экен. Ошондон кийин мындан ары Жаңы жылда Бурж-Халифага барып фейерверк көрбөйбүз дегенбиз. Дубайда Жаңы жыл түнү көчөгө чыкпай эле коюш керек экенин түшүнүп калганбыз. 

Акынбек Эркинов, Европада жашайт: “Жаңы жылды чек арада тосконбуз”

– Учурда Европа өлкөлөрүн кыдырып жүк ташыйм. 2018-жылдын 28-декабры болчу. Фура менен Кыргызстандан Кытайга кирип, жүк жүктөп чыкмакпыз. Кирип жүктөп, бардык документ иштери бүтүп, 31-декабрь күнү эртең менен Кыргызстанды көздөй сапар алдык. 3-4 унаа ээрчишип алганбыз. Баарыбыз Кыргызстанга жетип Жаңы жыл тособуз деген жакшы үмүт менен келе жатканбыз. Ошентип кечки саат 20:00 чамасында чек арага жетип  келдик. Унааларды акырындан кезек менен өткөрүп жатышты. Тилекке каршы, саат 23:00 болгондо Кытай тарап чек араны жаап койду да, биз ошол жерде калып калдык.  Карасак, фураларда эч кандай тамак-аш жок. Анан тапкан азык-түлүгүбүздү кошуп тамак жасап жеп Кытай-Кыргызстан чек арасында фуранын кабинасында Жаңы жыл тосконбуз, ушул окуя эстен кетпейт. 

Бак-Дөөлөт Сагындык кызы, Москвада жашайт: “Жалгыз калып ыйлагам”

– Москвага келгениме 3 жылдай болуп калды. Жаңы келгенимде бир бөлмөдө бир тууган эжем, классташым, анын жеңеси болуп төртөөбүз жашачубуз. Күзүндө эле “Жаңы жылды аябай сонун тособуз” деп сүйлөшүп баштаганбыз. Анан эле Жаңы жылга 10 күн калганда классташымдын жеңеси “Кыргызстанда, айылдагылар менен тосом” деп кетип калды. Менин эжемди да күйөөсү “Кыргызстанга кел” деп чакырып жаткан, бирок эжем учакка билетти 1-январга алган эле. Жаңы жылды өткөрүп коюп, эжемди узатам деп ойлоп жаткам. 30-декабрда жумуштан келсем, эжем “Баку, Жаңы жыл тосконго абысыным чакырып жатат. Кааласаң жүрү мени менен” деп калды. Бирок менин көңүл үчүн эле чакырып жатканын түшүндүм. Анын үстүнө анын кайын журтун жакшы тааныбасам деп баргым келген жок. “Жакшы болгон турбайбы. Мени эки жерге чакырып жатышты эле. Эми ошол экөөнүн бирине барам” деп эжемди алдап койдум. Ошентип эжем кетип калды. 600 рубль гана акчам бар болчу. Өзү Кыргызстанга кетип жатса деп эжемден акча сурай албай койдум. Эми классташым экөөбүз тособуз да деп ойлоп жаткам. 31-декабрда жумуштан келсем эле классташым зыңкыйып кийинип алып “досторум чакырды” деп кетип калса болобу. Ошентип өзүм жалгыз калдым. Бир сыйра ыйладым, жаман болдум. Кечинде анан өзүмдү сооротоюн деп көчөгө чыгып дүкөнгө барып 120 рублга кичинекей идиштеги кактус гүлүн алып өзүмө белек кылдым. Бир аз мандарин, чай, нан алдым. Үйдө жумуртка бар эле, ошону кууруп жеп кино көрүп жатып калгам. Ага чейин Кыргызстанда жалаң жакындарымдын арасында Жаңы жылды шаан-шөкөт менен тосуп жүргөнгө көнүптүрмүн. Ошол жылы жалгыз калганым эсимде. Быйыл, буюрса, Жаңы жылды жакшы тосом деп ойлоп жатам. Досторум көбөйдү, Москвага да көнүп калдым.

Перизат Музуратбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан