РИЗЕ ТУРК ЧАЙЫНЫН БОРБОРУ

Эгер сиз чай сүйүүчү болсоңуз, анда Түркиянын Ризе шаарына сөзсүз барышыңыз керек. Кара чай, көк чай, алтургай ак чайды демдетип алып чекеңиз тердегенче ичип ырахаттана аласыз. Чай индустриясы мыкты өнүккөн, анан да табияты суктандырган шаар тууралуу баяндап берели.   

Жайгашкан жери – Түркиянын түндүк-чыгышы, Кара деңиздин бою

Аянты – 3792 чарчы чакырым

Калкынын саны – 344 миң киши 

Негизги символу – түрк чайы

Чектешкен шаарлары –

Трабзон, Эрзурум, Артвин

Түркиянын эң нымдуу шаары

“ТҮРК ШВЕЙЦАРИЯСЫ” АТАЛГАН АЙДЕР АЙЫЛЫ 

Айдер – Ризе шаарынан 84 чакырым алыс жайгашкан тоо арасындагы уникалдуу айыл. Бул айылды “түрк Швейцариясы” деп да аташат. Анткени табиятынын сулуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Мурда бул аймак курорт катары пайдаланылса, 1944-жылы улуттук парк деп жарыяланган. Бүгүнкү күндө Түркиянын эң кооз жерлеринин бири, жайы-кышы турист үзүлбөйт дешет жергиликтүүлөр. 

ЧАЙ ЖЫТТАНГАН ЗАМАНБАП РИЗЕ 

Заманбап Ризе шаары дегенде жапжашыл чай плантацияларын, керемет пейзаж, анан албетте, империялардын өтмүшүн көз алдыга тарткан шаарды элестете бериңиз. Түркиянын кайсы жерине барбаңыз, конок ээси сизди түрк чайын ичирбестен узатпайт. Бул маданият түрк чайынын мекени болгон Ризеде кармалбай калышы мүмкүн эмес. Шаарда ар бир кадамыңызда чай. Ризе Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын кичи мекени экенин да айта кетели. 

Ризе жылына 800 миң тонна чай өндүрөт, бүтүндөй Түркия пайдаланган жана экспорттогон чайдын дээрлик баарын ушул шаар даярдайт. Шаарда 350дөй чай фабрикасы иштейт, лидер деп албетте, мамлекеттик “Чайкур” компаниясы саналат. Эң алгачкы чай фабрикасы Ризеде 1947-жылы түзүлгөн. 1958-жылы чайды изилдөө институту иштей баштаган. Учурда Түркия чай өндүрүүнүн көлөмү боюнча Кытай, Индия, Кения жана Шри-Ланкадан кийин 5-орунда турат.  Статистикага таянсак, ризелик 1 тургун 1 жылда орточо 3 килограммдан ашык чай ичет.

“ЧАЙ БАЗАРЫ” ЖЕ МУНАРА ЧӨЙЧӨК

2022-жылы Ризеде “Чай базары” деп аталган долбоор ачылды. Анын негизги сыймыгы - түрк элинин чай ичүүчү чөйчөгүнүн формасында курулган 7 кабаттуу мунара. Шаардын архитектуралык символу катары милдетин аткарууда. Бийиктиги 30 метрди түзгөн чөйчөк-имаратта чай музейи, галерея, дүкөн жана башкалар жайгашып, эң үстүнкү кабаты айланага көз салуучу аянтча. “Чай базарын” чай өсүмдүгү, каналдар, чай дүкөндөрү, чайканалар курчап турат. Айтор, чыныгы чай борбору.       

ЗИЛКАЛЕ СЕПИЛИ

Риза шаарынан 15 чакырым алыстыкта Чат өрөөнүндө жайгашкан. 14-15-кылымдарда курулган сепил аймакты Осмон империясы ээлеп алгандан кийин аскердик багытта колдонулган. Ага чейин кербенчилер токтоп эс алган жай болгон деп айтылат. Сепил тышкы, ички чеп жана негизги мунарадан турат.

ПАЛОВИТ ШАРКЫРАТМАСЫ

Шаркыратма деңиз деңгээлинен 1400 метр бийиктикте Паловит дарыясынын нугунда жайгашкан. Бийиктиги 15 метр, Ризе шаарындагы эң бийик шаркыратма деп саналат. “Качкар” улуттук паркынын аймагындагы бул шаркыратмага алпарчу тар, бир унаа араң баткан жол өзүнчө экстрим.

БАХ, РАФТИНГ!

Экстрим демекчи, Ризе адреналин алууну сүйгөндөр үчүн да сонун шаар. Кооз тоолорду аралай аккан Фиртина дарыясынын шар толкунунда рафтингге катышсаңыз болот. Дарыяны бойлой көптөгөн кафе-ресторандар бар, даамдуу түрк ашканасы сизди ачка калтырбайт. 

ДЕҢИЗГЕ КУРУЛГАН АЭРОПОРТ

Мурда Ризеге туристтер учак менен Трабзон же Грузиянын Батуми шаарлары аркылуу барышчу. 2022-жылы Ризенин өзүндө жаңы аэропорт ачылып, ачылыш аземине президент Режеп Тайып Эрдоган катышкан. Бул аба майданынын өзгөчөлүгү – Кара деңиздин үстүнө курулганында. Жасалма жер тилкесин даярдоодо деңиздин түбүн толтурууга (30 метр тереңдикти) 85 миллион тонна таш кеткени айтылат.    

Маалымат үчүн: 11-15-декабрь күндөрү Кыргызстандын жана Өзбекстандын журналисттер тобу Түркиянын Трабзон жана Ризе шаарларында болдук. Бул сапарды уюштуруп бергени үчүн Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине, Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган мырзага, элчинин маданият жана туризм боюнча кеңешчиси Алпарслан Акынжы мырзага ыраазычылык билдиребиз.

 

Автандил Добулбеков

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан