ТИЛМЕ – адамды кол-буттан ажыратышы мүмкүн болгон дарт 

“Тилме (рожа) – жугуштуу оорулардын ичинен 4-орунду ээлейт жана ырбап кетиши менен коркунучтуу. Акыркы 20 жылда бул оору мурункудан 25 пайызга өскөн. Ооругандардын 80 пайызы оорунун кабылдаган түрүнөн азап тартат”,- дейт дерматолог Айбек Жунусов. Урматтуу окурман, аталган оору, анын алдын алуу тууралуу билип алыңыз. 

Дартты стрептококк бактериялары козгойт

– Рожа байыркы латын сөзү, бизче “кызарган тери” дегенди билдирет. Дарт кабылдап кеткенде ириңдейт, илгери элдик дарылоо боюнча тилип, ириңин чыгарышчу. Ошондон улам дарт “тилме” аталып кеткен.

Дартты стрептококк бактериялары козгойт. Аталган бактериялар иммунитет алсыз учурда миокардит, ангина, скарлатина (тамак оорусунун бир түрү) ооруларын да пайда кыларын айта кетели. Планетадагы адамдардын 15 пайызы стрептококкту алып жүрүүчүлөр болуп эсептелет. Алардын иммунитети күчтүү болгондуктан өздөрү оорушпайт, бирок ооруну таратуучу болуп эсептелишет. 

Стрептококктор организмге аба, ооруган же ооруну алып жүрүүчү адамдын буюмдары, чала жуулган идиштер жана башка жолдор менен жугат. Айрыкча курт-кумурска чакканда, жаныбарлар тиштеп алганда, теринин тытылган-кесилген, жара болгон, жаракатка туш болгон жерлери аркылуу оңой эле кирип кетет.

Тилме оорусу курч кармайт. Стрептококк бактериялары теринин сырткы катмарын, тери алдындагы клетчаткаларды, териге жакын жайгашкан лимфа кан тамырларын сезгентет. Көбүнчө бут, кол, бет, тулку бой, жука чурайга чыгат.

Аталган ооруга иммунитети алсыздар, улгайгандар, теринин гигиенасын сактабагандар, цемент, көмүр, кум, акиташ, химиялык жер семирткич сыяктууларды сатып иштегендер көп чалдыгышат. Анткени алардын терисине аталган заттар терс таасир эте берип, тери дайыма кирдеп жүрөт. Кирдеген жерлер кургап, шуудурап, жарылып, кесилип, бактериялардын кирүүсүнө жол ачылып калат. Денеге чапташкан кийимдерди көп кийгенде алардын катуураак жерлери терини сүргүлөп, өйкөп жара кылып жиберет. Ал жерге да бактерия оңой кирип кетет.

Козу карын сымалдар козгогон грибок, микоз оорусунда да денени тырмай берүүдөн улам жара болуп кетиши мүмкүн. Ал жаралар стрептококкторго ачылган дарбаза.

Иммунитеттин алсызданышына оорулар, дарыларды көп ичүү, калыптагыдай тамактанбай арыктоо, суукка урунуу, тамеки чегүү, ичкилик ичүү, депрессия, катуу стресстер жеткирерин эскерте кетели.

Оорунун белгилери 

 Теринин дартка чалдыккан жеринин кызарышы, ачышуусу, барсайып шишиши, ысышы.  Мындай белгилер бактериялар киргенден кийинки 10-20 сааттын ичинде билинет. Убакыттын өтүшү менен сезгенген жердин өлчөмү чоңоёт. Бул бактериялардын тез көбөйүп, тегеректеги ткандарды да сезгендире башташынан улам 

 Бактериялар бөлүп чыгарган уулардан улам организмдин ууланышы. Буга чыйрыгуу, калтырап-титирөө, дене табынын 39-40ка чейин көтөрүлүшү кирет. Температура 10 күнгө чейин кармалып, түшүп, кайра эле көтөрүлө бериши мүмкүн

 Алсыздык, шалдыроо, баштын жана көңүлдүн айлануусу, кусуу

 Булчуң жана муундардагы оорутуу

 Сезгенген жерге жакын жайгашкан лимфа бездеринин да сезгенип, шишиши. Анткени бактериялар лимфа системи менен да тарайт. 

 Барсайып, шишиген жерде ичине суюктук толгон барсылдактардын жаралышы. Алгач алар кичине өлчөмдө болгону менен, акырындап чоңоюшат, анан бири-бирине кошулуп кетет 

 Кыймылдаган сайын оорутуунун күчөшү

 Ириңдин пайда болушу, чогулуп, көбөйүшү. Дарт башталганда эле бейтап врачка көрүнүп дарылана баштабаса, дарт ушинтип кабылдоого өтүп кетет.

 Жүрөктүн кагышынын катуулашы

 Канашы. Жара болгон жердеги кан тамырлар да сезгенип, капталдары жукарып, жарылат. Ушундан улам жаранын өңү кочкул кызыл же кара көк тартат. Барсылдактардын ичине кан толот.  

 Дарттын катуу кабылдашынан акыл-эс тумандайт, жөөлүү келип чыгат

Айта кетчү нерсе оорунун белгилери чакалай, ангионевротикалык шишик жана контакттуу дерматитке окшошуп кетет, бирок алар менен алмаштырбоо керек.

Диагноз

Оору белгилери билинер замат дерматолог же терапевт, хирургга көрүнүү зарыл. Кабылдап кеткенде инфекционист, иммунологдун да кеңеши зарыл болот. Диагноз үчүн кандын, зааранын анализи керектелет.

Дарылоо

Кабылдап кеткен түрүндө ооруканага жатып дарылануу зарыл. Бутту бийик коюп жатуу оорутууну жеңилдетет. Дарылоо комплекстүү жүргүзүлөт.

Консервативдүү дарылоо:

• Антибиотиктер. Мисалы, пенициллин, амоксициллин, цефалексин, цефтриаксон, цефазолин же башка.

• Тамчылатма жана аллергияга каршы дарылар

• Оорутууну сездирбөөчү дарылар (анальгетиктер)

• Витаминдер топтому. Иммунитетти көтөрбөсө оору жай айыгат жана кийин да кармашы мүмкүн.

• Жара атайын эритме менен жуулат, аэрозоль чачылат. Аэрозоль жарадагы ысыкты кетириш үчүн керек.

• Керек учурда кандын плазмасы куюлат

• Врач сунуштаса физиотерапия (магнитотерапия, УВЧ, электрофорез, атайын жарылык аппликациялар) колдонулушу мүмкүн.

Хирургиялык дарылоо

• Дарт кабылдап кеткенде операция жасалат. Ириң чыгарылып, абцесс, некроз жерлер кесилип, алынып салынат. 

Айыгуу 10-15 күндү камтыйт.

• Жара чыккан кол же бутта гангрена (ткандардын өлүшү, чириши) күтүлсө, анда кол же бут кесилет. Болбосо гангрена кан менен бүт организмге тарайт. Адам каза болот.

Кесип салууга болбой турган жерге чыкса жана гангренага айланса, анда дарылоого карабай адам көз жумушу толук мүмкүн. 

Өз алдынча дарылоого болбойт!

Синтомицин, ихтиол, вишневский дары майларын сүйкөөгө болбойт! Алар абцесстин жаралышын шарттайт. Элдик ыкмаларды колдонуу, өз алдынча дарылануу да сунушталбайт. Убакытты бекер өткөрүп, дарттын кабылдап кетишине өзүңүз күнөөлүү болуп каласыз.

Оорунун алдын алуу эмне кылуу керек?

• Кандай жара чыкса да дароо врачка көрүнүү, дарылануу

• Денесинде жарасы бар адамдын буюмун, идишин, сүлгүсүн жана башкаларын колдонбоо

• Теринин гигиенасын сактоо

• Чаң, кир жерде иштөөдөн баш тартуу

• Иммунитетти көтөрүү

• Денеге жабышпаган, өйкөбөгөн, аба өткөрүүчү матадан тигилген кийимдерди кийүү

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан