Жаңы жылды ким ойлоп тапкан?

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Жаңы жылды 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгилешет. Башка датада белгилегендер да бар. Жаңы жылды ким ойлоп тапкан? Бул майрамды кайсы өлкө кандай майрамдайт? Үй-бүлө мүчөлөрүн бир үйгө, бир дасторконго бириктирген сыйкырдуу майрамдын тарыхы көпчүлүккө кызык болсо керек.

Тарыхы

Тарых барактарына көз салсак, жаңы жылдын даталары ар башка. Байыркы грек Кудайларына, аларга байланыштуу мифтерге жараша жаңы жылдын тарыхы да ар түрдүү. Ал эми 1-январда башталган жаңы жылдын башаты григориан календарына барып такалат. Жердин Күндү айланган убактысы 365 күн деп саналган календарь Рим папасы Григорий XIII тарабынан католик өлкөлөрүнө 1582-жылы киргизилген. Андан соң дүйнөнүн ар тарабына календарь жайылып кеткен. Ал эми жыл 1-январдан башталат деген эрежени биздин эрага чейин 46-жылы римдиктердин башчысы Юлий Цезарь киргизген. Байыркы Римде бул күн – тандоонун, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн Кудайы Януска багышталган. Айдын январь аталышы да Янустун ысымынан алынган. Байыркы Орус падышачылыгында болсо 31-декабрдан 1-январга караган түн Жаңы жыл деген жарлыкка Пётр I 1699-жылы кол койгон.

 1-январь – григориан, юлиан, жаңы юлиан календары боюнча Жаңы жыл.

 21-январдан 21-февралга чейинки аралыктагы бир күн Кытайда Жаңы жыл катары белгиленет.

 21-март – Иран жаңы жылы же Нооруз деп аталат. Бул күндү Жаңы жыл катары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Азербайжан, Түркмөнстан жана башка мусулман өлкөлөрү белгилейт.

 13-апрелден 15-апрелге чейин Таиландда Согкран деп аталган Жаңы жыл.

 14-апрель – Бенгаль жаңы жылы деп Бангледеш өлкөсү майрамдайт.

Эфиопия – от жак

Эфиопия бүгүнкү күндө дагы деле юлиан календарын колдонгон азчылыктын катарына кирет. Алардын календары биздикинен 7 жыл 8 айга артта. Жаңы жыл Эфиопияда 11 же 12-сентябрда белгиленип, Энкутаташ деп аталат. Бул күнү шаарда жашагандар борбордук аянтка, айыл жергесинде жашагандар ачык аймакка чыгышат да эвкалипт жана карагай бутактарын чогултуп чоң от жагышат. От күйүп бүткөндө бутактар кайсы тарапты көздөй куласа, ошол багыттагы талааларда түшүм көп болот, ошол жакта ийгиликтүү иштер жасалат деп ишенишет.

Италия – эски кийимдерди терезеден ыргыт

31-декабрь. Италия эли жаңы жыл жеңил жана жакшылыктарга мол болушу үчүн эски нерселерден арылыш керек деген ишенимде. Орто кылымдарда эскиден арылыш керек деген нерсени түзмө-түз түшүнгөн адамдар эски кийимдерин, ашкана буюмдарын, керекпи эмеректерин терезеден ыргытып жиберишкен. Көчөлөрү тар шаарларда 31-декабрь түнү басуу кооптуу эле, анткени кайсы үйдүн терезесинен башыңа эмне түшөт билбейсиң да. Заманбап жашоодо шаарда жашагандар бул ырым-жырымдарды карманбайт деле. Бирок салтка, ырым-жырымга ишенген үй-бүлөлөр дагы деле бар. Өзгөчө айыл жергесинде жашаган жергиликтүүлөрдө. Айтор, Жаңы жылды Италиядан тосом десеңиз, сак болуңуз. Анан да италиялыктар бул майрамды ырдап-бийлеп шаңдуу өткөргөндү жактырышат. Кызыл кийим кийип тоссоң, жылың ийгиликтүү болот дешет. Биздеги Аяз кызды алар Бефана фея дешсе, Аяз атаны Баббо Натале деп чакырышат.

Греция – таш көтөрүп жүр

1-январь гректер үчүн Жаңы жыл эле эмес, ыйык Василий туулган күн деп кош майрам катары белгиленет. Жаш балдар каминдин жанына Василий белек салып кетет деп байпактарын илип коюшат. Майрамды өз үйүндө отуруп эле белгилешпейт. Сөзсүз көчөгө чыгып, бир нече үйдү аралап өтүшү керек. Жөн өтпөйт, ар биринин чөнтөгүндө таш болот. Үйдүн жанына келгенде эшиктин түбүнө таш ыргытат. Таштын көлөмү кичине болсо “кожоюндун көзүндөгү, жолундагы тикен ушул таштай кичине болсун” дешет, ал эми чоң таш болсо “кожоюндун байлыгы, ийгилиги ушул таштай чоң, оор болсун” деп тилек айтышат.

Дагы бир кызыктуу ырым бар Грецияда. 31-декабрь түнү саат жебеси 24:00 болгондо үйдүн кожоюну короого чыгып, бир анарды болгон күчү менен тамга урушу керек. Анардын дандары туш тарапка канчалык алыс чачыраса жыл ошончо ийгиликтүү болот делет.

Япония – үйдү тырмоок менен кооздо

Жаңы жылдык эс алуу Японияда 28-декабрдан 4-январга чейин созулат. Бул күндөр аралыгында япондор майрамга даярданышат. Туугандарына, жакын санаалаштарына белек алышат, ыйык жерлерге барып жыл жакшы өтсүн деп сыйынышат.

Япондор үчүн жаңы жылдык негизги жасалга – кадомацу деп аталган карагай. Ал карагайды үйдүн алдына койсо, шайтан-шабыр жолобойт делет. Андан сырткары ар бир үй бамбуктан жасалган тырмооктор менен кооздолот. Бул ырым ийгиликке, байлыкка, бакытка алып келет деп ишенишет. 31-декабрь түнү үй-бүлө мүчөлөрү менен тынч отуруп тамактанышат, ыр-бий, кыйкырык-сүрөөнгө алаксышпайт. 1-январда болсо жаңы жылдын келгени катары храмдарда колокол 108 жолу урулат. Ар бир сокку менен жаман нерселердин баары кетиши керек.

Куба – суу чачмай

Жаңы жыл майрамын кубануу менен тоскондордун катарына кубалыктар да кирет. Биздеги балатынын ролун аларда араукария дарагы аткарат. Жаңы жыл күнү үйдөгү болгон чуңкур идиштерине суу толтурушат. Түн жарымы болгондо идиштеги суунун баарын терезеден төгүп, суу менен кошо жамандыктар кетсин, ийгиликтер келсин деп тилек кылышат. Анан да Кубада дагы бир кызыктуу ырым бар. Жаңы жылга 12 секунд калганда, сааттын жебеси жылган сайын 12 даана жүзүм жеш керек. Ар бир жүзүм менен кошо кийинки жылга кыял-максат, тилектерин айтып үлгүрсө, алар орундалат деп ишенишет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан