«ТУРИСТТЕ» МЫКТЫ КААРМАН БУЛ – ВЕНЕЦИЯ

Тасманы көрүп эрксизден режиссёрдун сөзүн кайталагым келди. «Анжелина Жоли, Жонни Депп жана сүйүүнүн шаары болгон Венеция… Мындан артык эмне болушу мүмкүн?..» Чындыгында эле мындан артык эмне болушу мүмкүн? Романтикага, коркунучка, албуут адреналинге ээ болгуңуз келсе, анда тасманы сөзсүз көрүңүз.

Тарткан өлкөлөр – АКШ, Франция
Жанры – Драма, триллер
Режиссёру – Флориан Хенкель фон Доннерсмарк
Сценарийин жазгандар – Флориан Хенкель фон Доннерсмарк, Кристофер Маккуори, Жулиан Феллоуз
Продюсерлери – Гари Барбер, Рожер Бернбаум, Жонатан Гликман
Башкы ролдордо – Жонни Депп, Анжелина Жоли, Пол Беттани, Стивен Беркофф
Бюджети – 100 миллион доллар
Кирешеси – 205 миллион доллар

КЫСКАЧА ФАКТЫЛАР

  • Фильм 2005-жылы тартылган француздардын «Кармалбас» аттуу тасмасынын ремейки болуп саналат. Андагы диалогдор да окшош.
  • Немис режиссёру Флориан Хенкель фон Доннерсмарк кинематографияда эң мыкты режиссёр катары таанымал. Ал кино жаатында 40тан ашык сыйлыкка татыган.
  • Депптин жубайы Ванесса Паради кино тартылып жаткан учурда күйөөсүнүн жанынан чыккан эмес.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Александр Пирс – атактуу ууру. Атактуу баш кесердин колунда иштеп жүрүп, анын акчасын уурдап кумга сиңген суудай жоголуп кеткен Пирсти табуу дээрлик мүмкүн эмес эле. Анткени ал жүзүнө пластикалык операция жасатып, эч ким тааныбагандай өзгөрүп алганы полицияга белгилүү. Бир илинчек – сүйгөнү Элиз болчу. Элиз Пирстен жашыруун кабар алып, поездге отурат. Ал поездден күйөөсүнө окшош Фрэнк аттуу адам менен таанышат. Ал математика мугалими, эс алганы келе жаткан америкалык турист экенин айтат. Алгач полиция кызматкерлери Фрэнкти Пирс деп ойлошот. Бирок компьютердеги базадан анын чын эле мугалим экенин, аялы каза болгонун, Венецияга турист катары бара жатканын билишет.
Табышмактуу Элиз Фрэнкти мейманканага алып келет. Кумарлуу өбүшүүдөн соң Элиз менен Фрэнктин ортосунда сезим пайда болот. Полицияга кошо акчасын уурдаткан гангстер Шоу Фрэнктин аркасынан түшөт. Аны сактап калган Элиз «сен кетишиң керек, бул ишке тиешең жок» деп кош айтышканы менен, кеч болуп калган эле. Анткени Фрэнк Элизден кете албай калган. Табышмактуу кечеден Элиз Александр Пирсти эмес, Фрэнкти жолуктурат. Фрэнкти полиция кызматкерлери катерге камап коюшат. Бул учурда Элизди кармап алган Шоу Александрга тиешелүү сейфти ачууну талап кылып коркутуп жаткан эле. Полиция кызматкерлеринин катеринде отурган Фрэнк Элиздин жашыруун тыңчы экенин угат. Видеодон аны кыйнап жатышканын көрүп, сактап калуу үчүн жөнөйт. Ал Пирс экенин моюнуна алып, сейфтин кодун басканы жатканда полиция кызматкерлери Шоунун бандасына карай ок жаадырат. Полиция жетекчиси Элиздин эркин экенин, кылмышкерлер жок кылынганын кабарлайт. Фрэнк менен Элиз эми эркиндикте...
Фильмдин «туздуу жери» – Фрэнк математика мугалими эмес, ууру Александр Пирс болуп чыкканы болчу. «Ушунча акча короткон соң мындан сулуураак жүз таппадыңбы?»- дейт Элиз жылмая. Фрэнк жеңиштүү жылмаят. Эми анда баары бар болчу. Акча, сулуу бийкеч жана эркиндик!

ЖОЛИ МЕНЕН ДЕППТИН АЛГАЧКЫ ЖОЛУГУУСУ
Таң каласыз, бирок бул чындык. Бири-биринин атын угуп жүрүшкөнү менен, Депп менен Жоли жашоосунда ушул тасмадан кезигишкен. Бул тууралуу режиссёрдун «биз, чындыгында, экөөнү тил табыша албайт деп корккон элек. Бирок тез тил табышып кетишти. Буга, балким, экөөнүн тең жылдыз белгиси эгиздер болгону таасир берди» деп айтканы бар. Тасма жаратуучулар Жонни Депптин ордуна Том Круз, Жолинин ордуна Шарлиз Теронду тартууну пландашканы менен, акыркы чечим Жоли менен Депптин пайдасына чечилген. Мындан тышкары тасмадан Жеймс Бонддун ролун ойногон Тимоти Далтонду көрүүгө болот. Көп жылдан бери тасмага тартыла элек Далтондун тасмага тартылууга макул болгонун келишимдүү Жолиге байланыштырышат. Ал эми гангстер Шоунун ролун аткарган актёр – Стивен Беркофф.

ҮЧҮНЧҮ КААРМАН – ВЕНЕЦИЯ
Тасма Венецияда тартылган. Шаарга арналып атайын сценарий жазылышы сейрек кездешет. А бирок ошол сейрек кездешүү режиссёрдун эмгеги эле. Режиссёрдун тасманы тартарда «Анжелина Жоли, Жонни Депп жана сүйүү шаары Венеция… Мындан артык эмне болушу мүмкүн?..» деген сөзү кино тартуучу топтун эсинде калган. Режиссёр Флориан Хенкель фон Доннерсмарктын айтуусунда, Венеция шаары тасмага керек болгон кооптуулукту, сулуулукту, сүйүү кумарын тартуу кыла алган. Фильмдин декорациясын жасап убара болбой, шаардагы 118 арал, 150 канал, 400дөн ашуун көпүрөнү пайдаланышкан. Трюк коюу милдетин аткарган Саймон Крэйн Венециянын ар бир көчөсүнөн трюктарды ойлоп тапкан. Тасмада эсте калган эң ийгиликтүү эпизод – Депптин чатырдын үстүндө пижамачан чуркап баратканы. Ал эми венециялык каналдардан катер менен кубалашууну тартуу үчүн жети түн керектелген. Ушундан пайдаланып Жоли катер айдоону үйрөнүп алган.

ЖОЛИНИН КИЙИМДЕРИ
Тасмадагы костюмдар да көңүл бурууга арзыйт. Каармандардын костюмдары эки жолку «Оскар» сыйлыгынын ээси, костюмер Колин Этвудга ишенип тапшырылган. Ал өз милдетин жогорку деңгээлде аткарып, талыкпай эмгек кылды. Анын командасында англиялык жана италиялык 10 модельер иштеген. Жоли 12 жолу алмаштырган кийиминин дээрлик бардыгы тасмага арналып тигилген. Анын ичинен балга кийип барган кара түстөгү көйнөккө көп убакыт кеткен. Ал эми бир көйнөк 1950-жылдагы Чарльз Жеймстин (Американын биринчи жана көрүнүктүү кутюрьеси) коллекциясынан алынган. Жоли мыкты костюмдары үчүн Этвудга чоң ыраазычылык билдирген.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Айнурочка
2011-02-04 19:01:03
Жаны скачать эттим эле да))))
0
FIANIT
2011-02-04 21:21:19
Мага да жакты бул тасма!!!
0
Айнурочка
2011-02-04 21:54:02
Скучныйраак... бирок корогонго болот.А.джалинин бут эле куйносу жакшы го негизичи
0
ABU
2011-02-05 00:13:04
jakwy kino emne boloorun "vawe" akylga kelbeyt eken
0
gujunpo
2011-02-05 18:08:07
menin da korgum kelip jurdu ele birok akyrky ubakta jaman syn pikirlerdi uga bashtadym bul kino jonundo.
0
meerime
2011-02-06 23:15:25
men murun korgum kelbei jatty ele,emi korbosom,kyzygyp kaldym..
0
drakosha
2011-02-07 05:02:47
Filmde Joli jana Depptin gana katishkani bolboso,katardagi ele filmderdin birinen bolmok...
0
Arstan
2011-02-09 18:37:24
Мыкты фильм болуптур мага жакты.
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан