ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРҮҮЧҮ КЕҢЕШТЕР

1. Ыраазы бол – сенде барына, жогуна жетүүгө умтул.

2. Жакшылыкты күт, жамандыкка даяр бол.

3. Ар бир аптага план түз. Планыңда жок дегенде бир жаңы нерсе (жолугушуу, жаңы адамдар менен таанышуу, жаңы жер көрүү, окуу, бир жерге баруу жана башка) болушу керек.

4. Ийгилигиңе тоскоол болуп жаткан адамдарга жок деп, кереги жок нерселерден арылууга умтул.

5. Билгениңден да көп нерсени билгенге аракет кыл.

6. Эртең менен эрте тур.

7. Жаныңдагы адамдарга, бейтааныштарга жылмаюу менен мамиле кылганды унутпа.

8. Таш менен урганды аш менен ур.

9. Ар бир көз ирмемден ырахат ала бил.

10. Ай сайын тапканыңдын 10 пайызын чогултканга аракет кыл.

11. Жакын адамдарга ыраазычылык билдирип, жакшы көрөрүңдү айт.

12. Кек, таарыныч сактаба.

13. Үй-бүлөгө көңүл бөл.

14. Кыялдардын санын көбөйт, аларга жетүүгө аракет кыл.

15. Көппө, текебер болбо, эч кимди кемсинтпе.

16. Туура эмес иш кылсаң моюнга алып, кечирим сурагандан уялба.

17. Тырышчаак бол, тоскоолдуктарга моюн сунба.

18. Ишиңде, үйүңдө, мээңде тартип, тазалык болсун.

19. Сөз байлыгыңды көбөйт, “таштанды” сөздөрдү колдонбо.

20. Көп саякатта, саякаттан билим ал, жан дүйнөңдү байыт.

21. Ата-энеңди, бир туугандарыңды сыйла.

22. Бир нерсе алыш үчүн – бир нерсе бериш керек. Кайрымдуу бол.

23. Талыкпай иштегендерге ийгилик келет.

24. Элдин баарына жагам деп ойлобо, аракет да кылба.

25. Колумдан келбейт деп алдын ала коркпо. Жаса, болбосо, дагы-дагы кайталай бер.

26. Ачууң келип турганда чечим чыгарба.

27. Башкалар сага кандай мамиле кылышын кааласаң, биринчи өзүң башкаларга ошондой мамиле кыл.

28.  Дайыма өзүңө ишенимдүү бол.

29. Жакшыны жакшы, жаманды жаман деп айткандан коркпо.

30. Сүй – жашоону, адамдарды, дүйнөнү. Ал сүйүү сага кайтып келет.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан