Мадейра аралы – Европанын Гавайиси

Океандын жээги, шаркыратмалар, жыл бою жапжашыл болуп турган токойлор, айтор, көз жоосун алган жаратылыш менен кошо заманбап жашоонун айкалыштыра алган Португалиянын чакан аралы Мадейрага саякаттап келели. Криштиану Роналду төрөлгөн бул аймак мадера шарабы менен да дүйнөгө белгилүү. 

 Өлкөсү: Португалия

Борбору: Фуншал

Түзүлгөн жылы:

1420-жыл

Аянты:

801,51 чарчы чакырым

Калкынын саны:

253 945 (2019-жыл)

Расмий тили: португал

 Атлантиканын бермети

Мадейра аралы Португалиянын автономдуу аймагы. Ал Мадейра архипелагында Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Географиялык жактан Португалияга караганда Африкага жакын. Португалиядан 1000 чакырым, ал эми Африка жээктеринен 500 чакырым алыстыкта. Арал өзгөчө алыс жайгашкан аймак катары Европа союзуна кирет.

Атлантика океанынын ортосунда жайгашкан Мадейраны кооз пейзажынан улам  Атлантиканын бермети же Европанын Гавайиси деп аташат. Арал World Travel Award (Дүйнөнүн саякат сыйлыгы) тарабынан 9 жолу катарынан “Эң мыкты арал” сыйлыгын жеңип алган. Бул жерде жыл бою жаз мезгили, жыл бою дээрлик аба ырайы өзгөрбөйт.  Мадейра- португал тилинен которгондо “токойлуу арал” дегенди билдирет. Адам колу тийбеген токойлору ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурасы катары катталган.

 

Болжол менен 5 миллион жыл мурун пайда болгон

Аралдын жашоо-шарты түшүнүктүү болушу үчүн анын тарыхына көз чаптыралы. Окумуштуулар бул жерди салыштырмалуу жаш арал дешет. Ал вулкан атылгандан кийин пайда болгон, болжол менен 5 миллион жыл мурун. Байыркы Римдик жазууларда сүрөттөлүп жазылган деп айтылат. Бул аралга байланышкан романтикалык уламыш да бар. Англия пайдышасы Эдуард III заманында Англиядан Францияга качкан сүйүктүүлөр Роберт Машим менен Анна д’Арфет катуу шамалдан улам жолдон адашып, алардын кемеси бир аралды сүзүп талкаланат. Ошол арал Мадейра болушу мүмкүн деген көз караш бар. Кийин сүйүшкөндөргө эстелик болсун деп Мадейранын бир шаарын жигиттин атынан Машику деп аташкан.

Бул жер Португалиянын кемелери барганга чейин эле табылганы анык. Анткени ал 1339-жылдан баштап эле карталарда көрсөтүлгөн.

1419-жылы эки капитан Жуан Гонсалвеш Зарку жана Тристан Ваш Тейшейраны катуу шамал Порту-Санту аралына алып барат. Алардын кемесин кыйрап калуудан сактап калганы үчүн ыраазычылык катары аралды Ыйык порт - Порту-Санту деп аташкан. Кийинки жылы аралды каттоого алуу үчүн экспедиция барып, аны Португалиянын курамына кошуп алышкан. Мадейра жана Порту-Санту Мадейра архипелагына кирген аралдар.

Бул жерлерге 1420-1425-жылдары эл жайгаша баштаган. 1433-жылы 23-сентябрда алгачкы жолу картада Мадейра деген аралы пайда болгон.

Ал жакка барган капитандар алгачкы саякатында эле өз үй-бүлөсүн, дворяндардын чакан тобун, аз болсо да байлыгы бар адамдарды жана бир канча камактагыларды аралга ташташкан. Анткени айыл чарбасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн жыш токойлорду кыйып, каналдар системин куруш керек болчу. Аралдын айрым жерлеринде суу көп болсо, айрым жерлерине суу жетишсиз болгон. Алгач ал жакка отурукташкандар көбүнчө тамак-аш катары балык, жашылча, жемиштерди жешкен. Алгачкы айыл чарбадагы ийгилиги деп буудай өндүрүүнү айтса болот. Буудай алгач жергиликтүү жашоочулардын колдонуусу үчүн гана өндүрүлсө, кийин Португалияга экспорттоло баштаган. Бара-бара буудай өндүрүү азайган. Кризистен чыгуу үчүн Жуан Гонсалвеш шекер тростнигин өстүрүүнү буюрган. Андан таттуу туз өндүрүлгөн. Бул Еврорпада аз кездешкен азык болчу. Ошентип ал жакта бара-бара шекер плантациялары көбөйөт. 1490-жылдары Мадейра шекер өндүрүү боюнча Кипрден ашып кеткен. Шекер тростнигин өндүрүү аралдын экономикасын өнүктүрүүдө негизги фактор болуп калган жана жумушчу күчүнө суроо-талап күчөгөн.

18-кылымда Бразилияда, Сан-Томе жана Принсипи жана башка жерлерде шекер өндүрүү күчөгөндө аралдын маанилүү иши шарап чыгаруу болуп калган.

19-кылымдан тарта арал курорт катары таанымал. Ал учурда Европада 2 гана деңиз курортун билишкен - франциянын Ривьерасын жана Мадейраны. Бул жакта падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, атактуу жазуучулар жана саясий ишмерлер эс алышкан.

Роналдунун музейи, Роналду атындагы аэропорт жайгашкан

1974-жылкы революциядан кийин 1976-жылы 1-июлда Португалия Мадейрага автономия статусун берген. Бул күндүн урматына Мадейра күнү майрамдалат. Азыркы учурда аралдын өз өкмөтү жана мыйзам чыгаруу палатасы бар.

Акыркы жылдары аймактын экономикасы өсүп, ички да, тышкы да рынокто атандаштык жаратууда. Эң чоң индустриалдык сектор болуп азык-түлүк жана суусундуктарды, өзгөчө мадера шарабын өндүрүү жана курулуш болуп саналат.

Аймакта туризм эң маанилүү секторлордун катарына кирет, соода-сатык, транспорт жана башка экономика секторлоруна кошумча киреше берип, жергиликтүү продукт үчүн да рынок түзүп берет.

Мадейрада 2 футболдук клуб бар, алар: “Маритиму” жана “Насьонал”. Португалиянын курамасынын оюнчусу, дүйнөдөгү эң атактуу футболчу Криштиану Роналду да Мадейрада туулган, ал “Спортингге” өткөнгө чейин “Насьоналда” ойногон. Аралда учурда Роналдунун музейи жайгашкан. Жергиликтүү аэропортко Криштиану Роналдунун ысымын ыйгарышкан. “Маритиму” Мадейранын эң ийгиликтүү клубу болуп саналат. Ал Данни, Пепе, Тонел, Жорже Кошта, Нуну Валенте сыяктуу футбол жылдыздарын тарбиялап чыгарган.

Аймакта ар кандай фестиваль, карнавалдар өтүп турат. Арасында гүлдөрдүн майрамы, шараптын майрамы да бар. Бул жакта сентябрдын башында жүзүм чогултула баштайт. Фуншалда жүзүмдү эски салт менен теришет, музыка, бий майрамы менен коштолот.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан