Жаңы жылдык сыйкырга бай«Балатылар-10» тасмасы

Жаңы жыл балалыктын, сыйкырга болгон ишенимдин символундай сезилет. Бул сыйкырдын касиетин арттырган жаңы жылдык тасмалар да адамдын көңүлүн көтөрөт. “Жаңы жылдык тасмалар” номинациясында “Үйдө жалгыз” жана “Жеңил парыңыз менен” лидерликти бербейт. Бирок орус киночулардын “Балатылар” киносу да классикага айланып бараткандай. 2023-жылы “Балатылардын” 10-бөлүмү жарык көрдү. Сүйүүнү, сыйкырды, адамгерчиликти, боорукерликти даңазалаган тасма тууралуу кызыктарга токтолдук. 

Тарткан өлкө: Орусия

Чыккан жылы:

2023-жыл, 7-декабрь

Жанры: комедия

Режиссёру: Александра Ошкапул, Маргарита Спичкина, Дамир Мифтахов, Иван Чехов

Узактыгы: 1 саат 30 мүнөт

Ролдордо: Елена Валюшкина, Галина Польских, Юрий Кузнецов, Борис Щербаков, Регина Тодоренко, Егор Корешков, Филипп Киркоров, Виталий Кищенко, Ольга Дибцева, Александр Баширов жана башка

Бюджети: 150 миллион рубль

Топтогон каражаты: 193 миллион рубль (1 айдын жыйынтыгы менен)

Сыйкыр бар!

Тасма бири-бири менен байланышкан 4 новелланын негизинде тартылган. Сыйкырга ишенбегендерди ишендирген Жаңы жыл. Санкт-Петербургдагы карылар үйүндө жашаган пенсионер Геннадьичтин көптөн берки кыялы үй-бүлө күтүү эле. Жаңы жылдын алдында анын кыялы ишке ашып, үй-бүлөлүү болот. Ал эми Тюменде жашап, белгилүү блогер болсом деген Лариса күйөөсү үй-бүлөсү үчүн эмнеге даяр экенин билет. Татарстанда жашаган Марина болсо махабатын сактап калыш үчүн жолдошунун кызыкчылыктарын кабыл алганга даярбы түшүнүшү керек. Нижний Новгород шаарында жашаган Таня сүйүү эмне экенин билип, сүйгөндү үйрөнүшү керек. Жаңы жыл алдында тагдыр ар бир каарманга жашоосун өзгөртө турган мүмкүнчүлүк берет. Ал мүмкүнчүлүктү кимиси кандай пайдаланды, тасмадан көрөсүз.

13 жылдык тарых

Чынында эле “Балатылар” тасмасы 13 жылдык тарыхка ээ болуп калды. Тасманын биринчи бөлүмү тээ 2010-жылы жарык көргөн. Анда башкы каармандар Орусиянын жылдыздары Иван Ургант менен Сергей Светлаков эле. Экөө тасманын 8-бөлүмүнө чейин тартылышты. 9-10-бөлүмүнө келгенде режиссёрлор башка актёрлорго да орун берип, Ургант менен Светлаковду четке жылдырышты. Ошентсе да түрдүү тагдырлар, ар кандай адамдардын жаңы жыл алдындагы кызыктуу, күлкүлүү, негизгиси сыйкырга бай окуялары камтылган “Балатылардын” ар бир бөлүмү өз күйөрманын таап келет. 

Баары жаңы...

"Юбилейлик онунчу бөлүктө баары жаңы болот. Жаңы актёрлор, жаңы каармандар, жаңы аңгемелер жана жаңы, заманбап, жакшы юмор",- деп баса белгилейт тасманын сценаристи, продюсери Евгений Кулик. Жаңы актёрлор демекчи, тасманын 10-бөлүмүндө ырчы Филипп Киркоров да бар, ал ушуну менен бул франшизага 3-ирет тартылып жатат. Ырчы мырзанын атасы да эпизоддук роль аткарды. Филипп Киркоров Москванын четиндеги ак сарайында тасмадагы айрым эпизоддорун тартууга уруксат берген. Ал эми алып баруучу, блогер Регина Тодоренко болсо биринчи жолу актрисалык дебют жасады. Регина айым тасмага тартылуу сунушу түшкөндө сценарийди окубай туруп макул болгонун, жаңы жылдык классикага айланып бара жаткан тасмага салым кошоруна кубанганын айтат. Булардан сырткары орус киносунун мен-мен деген актёр-актрисалары тасманын көркүн ачышкан. 

“Бүт Татарстан көрөт”

Кызыгы, тасманын көп бөлүгү жай мезгилинде тартылган. Тактап айтканда, тартуу иштери 2023-жылдын июнь айында башталган. Ал эми тартылчу жер катары Татарстан Республикасынын Альметьевск шаары тандалган. Альметьевск районунун башчысы тартуучу топту шаар эли кубануу менен кабыл алганын айтып, жаңы жылдык хит тасманын жаралышына салым кошуп жатканына сыймыктанган. Андан сырткары кинотеатрга бир эле Альметьевск шаарынын жашоочулары эмес, бүт Татарстан жарандары барып, кино көрөрүн билдирген. Онунчу “Балатыларда” 4 шаардын жашоочуларынын тагдыры чагылдырылгандыктан, ал калаанын башчылары да колдоо көрсөтөрүн билдиришкен. Баса, Татарстандан сырткары Москва жана анын четинде тартылган эпизоддор да бар.

“Балатылар-11” тартылабы?

Дмитрий Киселёв, Ольга Харина, Антон Богданов, Жора Крыжовников, Тимур Бекмамбетов... Бул фамилиялардын “Балатыларга” кандай тиешеси бар дейсизби. Аты аталгандар буга чейин жарык көргөн “Балатылар” франшизасынын режиссёрлору. Кезегин жаңы режиссёрлорго өткөрүп бергени менен, тасманын жарык көрүүсүн Тимур Бекмамбетовдун “Bazelevs” кино компаниясы өз колуна алган. Тасма жаратуучулар буга чейин “Балатылар” 8 бөлүк менен аягына чыгат дешкен. Бирок быйыл 10-бөлүгү экранга чыкты. Жаңы жылдык окуялар дагы да уланабы же юбилейлик 10 деген чыгарылыш менен аяктайбы, азырынча эч кандай маалымат чыга элек.

Эскирбеген Хабенский

Продюсер Евгений Кулик “тасмада баары жаңы” дегени менен, “эски же алмашкыс” бир нерсе, тагыраагы, бирөө бар. Ал – Константин Хабенский. Орусиянын Эл артисти буга чейинки “Балатылардын” бардык бөлүмүндө көрөрманга ар бир каармандын окуясын баяндаган жомокчунун ролунда болчу. Жаңы жылдык тасманын 10-бөлүмүндө да биз актёрдун жагымдуу үн коштоосунда тасманын сыйкырына жетелене алабыз.

50/50

Тасма тууралуу киносынчылардын жана көрөрмандардын син-пикирлери 50/50 деген баага татыды. Жаңы жылдык сыйкырга ишенген, майрамдык маанайды жакшы көргөндөр тасмага жакшы деген баа беришти. Ошол эле учурда “жыл сайын жаңы бөлүк чыгарганда тажатма болуп калат экен, жаңы идея жок” дегендер да болду. Ал эми кино сынчылар болсо 10-бөлүктө франшизанын алгачкы бөлүмдөрүндөгүдөй атмосфера жоголгонун, багыты туура эмес кетип баратканын белгилешкен.

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан